Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:54

Кыргыз-өзбек соодасы солгундай баштадыбы?


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (19-23-июль, 2018-жыл).

"Eurasianet" басылмасы 2017-жылдан бери кыргыз-өзбек чек арасы ачылып, соода, туризм байланышы улам күчөп жатканын, бирок бара-бара бул көрүнүш солгундай тургандыгын жазды. Бир жылдан ашуун убакыттан бери "Достук" чек ара бекети тыным албай иштеп жаткан. Айрымдар ондогон жылдар бою көрбөгөн урук-тууганына учурашып кубанса, жагдайдан пайдаланган соодагерлердин күнү тууду.

Таңкы алтыдан тартып Өзбекстандын жашылча-жемиш саткан жарандары Оштун Шейит-Дөбөсүндөгү базарды капташат. Кыргызстанда жашылча-жемиш кечирээк бышат, баасы коңшу өлкөдөн эки эсе кымбат. Бийлик өкүлдөрү июнь айында "Достук" аркылуу кыргыз тарапка бир күндө эле 18 миңден ашуун киши кирип чыгарын билдиришти. Бул агымдын көпчүлүгүн соодагерлер, кара жумушчулар түзөт.

Маселен, Кара-Суу базарынан Кытайдын арзан тиричилик техникасын Өзбекстанга алып өтүшсө, өзбекстандык жумушчулар коңшу өлкөдө сезондук жумуш издешет. Буга "Eurasinet" 24 жаштагы өзбекстандык Хурсаналы Журабаевди мисал келтирген. Журабаев өз мекенинде жүк ташуучу болуп иштеп, айына 150 доллар тапса, чек арада элдин жүгүн ташып өтүп 190 доллар табат. Өзбекстандан кыргыз жерине өткөн жумушчубу, жөн эле зыяратчыбы - айтор ар бири Кыргызстанга өзү менен кошо пул боло турган айыл чарба өндүрүмүн, арзан кездеме же дагы башка керектелүүчү буюмдарды ташып жатышат. Кайра мекенине муздаткыч, микротолкун жылыткычын же дагы башка техника көтөрүп өтүшөт. Алардын баасы Кыргызстанда жок дегенде 50-100 долларга арзан.

Бирок бул кызуу байланыш бара-бара солгундашы күтүлүүдө. Себеби 1-июлдан тартып Өзбекстан бийлиги Кыргызстанга каттаган өз жарандарына "чек арадан айына бир гана керектүү буюм алып өтүүгө болот" деп чектеп койду. Өзбек чек арачылары "Достук" аркылуу каттаган адамдар дароо эки эсе азайганын билдиришти.

Климат өзгөрүүдө, балалуу болбоого чакыргандар чыкты

"Newsweek" журналына талдоочу Бен Шапиронун "Климаттык кыямат башталууда, балалуу болбой койгон оңбу?" - деген макаласы жарыяланды. Нотрдам университетинин профессору Рой Скрантон "New York Times" гезитинде "Азыркыдай жаратылыш кырсыктары күчөгөн доордо адамзаттын ашыкча балалуу болушу туурабы?" деген суроо салган.

Москвадагы кир аба.
Москвадагы кир аба.

Ал макалага сереп салган автор: "Кызым төрөлгөндө абдан ыйладым. Ал эми бузулган планетада, асфальт толгон талааларда кыйналып жашайт. Келечегин элестетүү абдан оор. Эгер планетаны сактап калам десеңиз, өлүш керек", - деген оюн жазат. Скрантондун оюнда азыркы балдар антисептик, синтетикалык заттар толгон дүйнөдө жаралып, жашоо стандарттары кыйла жакшырып, медицина өнүккөндүктөн жок дегенде 80ге чыгат. Бирок климаттын өзгөрүшү кыяматты жакындатканына окумуштуу кабатыр. 100 жыл мурдагыга салыштырмалуу абанын орточо температурасы азыр 3-4 градуска көтөрүлдү. Бен Шапиро Скрантондун "адамзат балалуу болуудан баш тартышы керек" деген оюна кошулбай, келечектин балдары жаратылышты коргоп, айлана-чөйрө менен эриш-аркак жашоодо ийгилик жаратарына ишенерин жазган.

Ашыкча туризм дүйнөнүн баш оорусуна айланууда

Туризм тармагын иликтеген европалык окумуштуулар акыркы мезгилде туристтердин көптүгү Европанын баш оорусуна айланганын "Сonversation" журналына жазышты. "Жай кап ортосунан өтүүдө, Европада туристтерге каршы маанай улам күчөп барат.

Украинадагы деңиз жээги.
Украинадагы деңиз жээги.

Айрыкча Барселонада бул кырдаал курч. 2017-жылы бул шаарга дүйнөнүн чар тарабынан 30 миллион киши барган. Ал эми калаа калкы болгону 1 миллион 600 миңден кичине ашык. Түштүк Европада туристтерге каршы маанай билдиргендер улам көбөйүүдө. Ал тургай "Туруктуу туризмди жактаган жергиликтүү тургундардын биримдиги", "Түштүк Европадагы туристтерге каршы түйүн" сыяктуу уюмдар пайда болду. Чет жактан баргандар шаарларды каалашынча кыдырып, жергиликтүү элдей эле Европанын жыргал жашоосунун даамын татып жатканда, европалыктардын өзүлөрү көчө толгон туристтерге, көп сандаган адамга туруштук бере албай чыңалган инфраструктурадан, эл жык-жыйма толгон дүкөндөрдөн, ашканалардан тажап баратат.

Ашыкча туризм көйгөйү Парижге, Киотого, Берлинге, Балиге да жетти. Жакында эле Таиланддын бийлиги атактуу Дэнни Бойл тартылган Мая Бай аттуу деңиз жээги көп сандагы туристтердин айынан жаратылыш мүшкүлүнө кептелгенин жарыялап, катуу чара көрмөй болду. Амстердам мындан ары дүйнө турнесине чыккан туристтерге шаар борборуна жакын жерден батир бербей, аларды шаар четинен алыс узатууга белсенүүдө. Ашыкча туризмди ооздуктоо маселеси Европа Парламентинде да көтөрүлүп келет", - деп баяндайт "Conversation" басылмасы.

Түндүк Корея кулчулук рейтингинде биринчи орунга чыкты

Глобалдык кулчулук индекси Түндүк Корея кулчулукту колдоо жагынан дүйнөдө биринчи орунда экенин аныктады. Бул тууралуу "Independent" гезити жазды.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кулчулук дегенди эксперттер күчкө салып иштетүү, кыйнап жумушка салуу, алдамчылык менен иштетүү, каалагандай эзүү деп түшүндүрүүдө. Дүйнөдө жылына 270 миллиард долларлык товар "заманбап кулдар" тарабынан өндүрүлсө, алардын көбү өнүгүп келаткан өлкөлөргө туура келет.

Түндүк Кореяда калкынын саны 26 миллион болсо, алардын 2,6 миллиону кулчулукта. Эркине каршы иштегендердин көбү көмүр казуу, какао, пахта, балыкчылык сыяктуу тармактарда эмгектенет. "Walk Free Foundation" уюму 2016-жылы 40,3 миллион киши кулчулукта жашарын аныктаган.

Эритрея, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Ооганстан Мавритания, Түштүк Судан, Пакистан, Камбожа, Иран жана Түндүк Корея өз жарандарын эркине каршы иштетип жатат. Британияда 136 миң киши кулчулукта жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG