Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Равшан Жээнбеков: Казакпаевдин өлүмүн комиссия иликтеши керек


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бийликти Кыргызстандын абактарында отурган бардык адамдардын медициналык жардам алуудагы укугунун сакталышын камсыз кылууга чакырды.

Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына видеокайрылуу жасап, түрмөлөрдө дарыгерлердин жардамын алуу өтө татаал, бюрократиялык тоскоолдук көп экенин айтты.

“Мараттын (ред: Марат Казакпаев) окуясы боюнча коомдук мамлекеттик комиссия түзүшүбүз керек. Ал комиссия буга ким күнөөлүү, эмне үчүн жардам көрсөтүлгөн эмес, ооруп жатса да эмнеге түрмөдө кармалып турду ушуну текшерип, жыйынтык чыгарыш керек. Ага күнөөлүү адамдарды жазага тартууга аракет кылышыбыз зарыл. Ошондо гана мындай окуяларга бөгөт коёбуз”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Ал 10-июнда өзүнө келбей каза болду.

Маркум былтыр июнь айында Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын, камакка алынгандан бери тергөө иштери жүрбөгөнүн айтып арызданган.

Марат Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалган. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG