Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

УКМК Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комментарий берди.

Мекеменин маалыматына караганда, Марат Казакпаев ушул жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин Улуттук госпиталда дарыланып чыккан жана дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди алып турган.

25-майда Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборунан текшерүүдөн өтүп, андан кийин да дары-дармек жазылган.

“19-майдан 9-июнга чейин Казакпаевдин адвокаттары аны ооруканага которуу тууралуу кайрылган эмес. Казакпаев сот процесстерине катышып турган”, - деп айтылат маалыматта.

Марат Казакпаевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ушул жылдын 9-мартынан баштап карала баштаганы белгилүү болду. УКМК маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Марат Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева жолдошу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) медициналык жардамды убагында албаганын билдирген.

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган саясат талдоочу 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Ал 10-июнда өзүнө келбей каза болду.

Маркум былтыр июнь айында Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын, камакка алынгандан бери тергөө иштери жүрбөгөнүн айтып арызданган.

Марат Казакпаев жана Марат Токтоучиков аттуу адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалышкан. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG