Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:20

Оштогу түрмөдө ачкачылык уланууда


Ош шаарындагы №25 жаза аткаруу мекемесинде кармалгандар 3 күндөн бери ачкачылык акциясын улантып жатышат. Алар Бишкектеги №1 убактылуу кармооочу жайда болгон тополоңдон улам ушундай кадамга барышкан.

Оштогу түрмөдө отурган 21 жаштагы Мураттын каны аз. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагындагыларга тилектештигин билдирип, акцияга катышып жатат:

- Бишкектеги 1-убактылуу кармоочу жайда болгон окуяны билебиз. Биз жаткан бул жердеги абакта шарт жакшы, бирок Бишкекте башаламан болуп жатпайбы. Бир адам өлүптүр. Ошондойлорду токтотуп берүүнү суранабыз.

Мындай талап менен бул абакта 300дөй киши 18-январдан бери ачкачылык акциясын өткөрүп жатышканын айтышууда. Акыйкатчы Турсунбек Акун жазасын өтөп жаткандар менен сүйлөштү:



Бул абакта 403 киши отурат. Алардын 12си аял, жетөө өспүрүм. 43 жаштагы Мөөркан айым талаптары аткарылбаса, ачкачылыкты уланта берээрин айтты:



Акция катышуучуларына жолугуп чыккандан кийин акыйкатчы буларга токтолду:

- Укук коргоочу катары булардан ачкачылыкты токтотууну өтүндүм. Аялдар бар экен, жашы жете электер да ачкачылык жарыялап атышыптыр. Алардын талабы – Бишкектеги зордук-зомбулук токтотулуп, Алимбаев Нурбек деген баланын өлүмүнүн себептери ачыкталсын. Бирок Оштогу түрмөдө отургандар абактын шартына нааразы эмес. Мен Бишкектеги абакты да көрдүм, ал жакка караганда бул жерде шарт жакшы экен.

Аталган түрмөнүн жетекчиси Абдыкадыр Асановдун айтымында, ачкачылык жарыялагандарга түшүндүрүү иштери биринчи күндөн тартып эле жүрүп жатат:

- Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жаза кодексинин 345-беренеси менен эскертилди. Ал беренеде жаза аткаруу тутумуна олуттуу тоскоолдук көрсөтүлсө, жаза өтөгөндүн мөөнөтү 3 жылдан 7 жылга чейин узарышы мүмкүн экени айтылат.

16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагындагылар төшөнчүлөрүн өрттөп, айрымдары кан тамырларын кескенге чейин барышкан. Бул күнү кылмышка шектүү Нурбек Алымбаев көз жумган. Анын тарапкерлери маркум уруп-согуудан мерт болду деген ишенимде турушат. Соттук-медициналык экспертиза "маркумдун денесинде өлүмгө алып бара турган көгала жок" деген тыянагын чыгарган.

XS
SM
MD
LG