Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Абактагылар бийликти тоотпойбу?


Тергөө абагында жаткандардын жакындары.
Тергөө абагында жаткандардын жакындары.

Бишкектеги №1 тергөө абагында тополоң чыгып, абалдын курчушуна эмне себеп болду? Мына ушул тема “Арай көз чарай” талкуусуна коюлду.

Талкууга Акыйкатчы Турсунбек Акун, Мамлекеттик жаза өтөө мекемесинин башчысынын кеңешчиси Табылды Исаев жана бул мекеменин мурунку жетекчиси Эрнис Исаев катышты.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз.




«Азаттык»: Өткөн жумада “Азаттыкта” абактардагы жана Мамлекеттик жаза өтөө мекемесинин жетекчилигинин ишмердүүлүгүн талкуулаган элек. Ага Табылды мырза сиз катышкансыз. Мына ошондо тополоң чыгат деген эскертүүлөр болуп жатат, ага кандай жооп бересиз деп суроо койгонубузда, алардын баары жалган деп жооп берген элеңиз. Тилекке каршы, эскертүүлөр чын болуп чыкты. Бул жаңжалдын себеби жана башаты эмнеде, абактарда абал кандай?

Табылды Исаев: Абакта азыркы убакта тынч. Тамак ичпей, ачкачылык жарыялап аткандардын баары тамак алды. Мындан бир жума мурун абактарда акыбал тынч болчу. №1 тергөө абагында жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаков жана көзөмөл жүргүзүү прокуратурасы жана башка органдар менен биргелешип түзүлгөн иш-чара боюнча иш жүргүзүлдү. Тинтүү - бул пландуу иш-чара. Аны аягына чыгаруу үчүн аракет кылып атканда ошол жерде абакта отургандар, соттолгондор жана тергөө амалы менен жаткандар Баш мыйзамга баш ийбей, камералардын эшигине керебеттерди коюп, төшөнчүлөрүн өрттөп, ызы-чууга алар өздөрү алып келди.

“Азаттык”:Турсунбек мырза, сиз №1 тергөө абагында болдуңуз. Тополоң эмнеден чыкты?

Турсунбек Акун: Булардын пландуу операциясы дегенге мен кошула албайм. Бул жаза өтөө мекемесинин башчысы Байзаков, СИЗОнун башчысы тарабынан атайын жасалган нерсе болчу. Пландуу делгени менен атайын жасалган, ошол жерде отургандардын жүрөгүнүн үшүн алып, коркутуп, төпөштөп, чөгөлөтүп коюу. Муну кандайдыр бир деңгээлде туура түшүнсө болот, анткени мамлекет көзөмөл кылыш керек. Бирок мындай жол менен жасабаш керек да.
Азыр абакта отургандар жеңүүчү болуп, мырза Байзаков жеңилип калды. Эртең эле аны чагарам десе, абактагылар кайра эле көтөрүлүп, ачарчылык жарыялай беришет. Бүгүн мамлекет уттуруп койду.
Эрнис Исаев

Эртең менен 8 жарым-9дарда атайын аскерлер кирип, дароо бардыгын уруп кирет. Булар укугу чектелсе дагы адам да. Бир Дамир Сапарбековду которуш үчүн ушундай кылабы? Ал “булар мага алдын ала эскерткен эмес, эскертип койсо мен кетет элем”, - деп айтып атат. Азыр тынч эмес, 34 адам катуу жаракат алды, төртөө өтө катуу абалда. Дамир Сапарбековго айтып, токтоттурдук. Булар токтоткон жок, биз токтоттук. Биз кийлигишпегенде далай өлүктөрдү көрмөкпүз.

“Азаттык”: Эрнис мырза, сиздин маалымат боюнча өлкө абактарында эмне болуп жатат?

Эрнис Исаев: Алардын аракетин экиге да баалабайт элек, -0 болуп атат. Себеби жетекчинин кеңешчиси пландык иш жүргүзгөнбүз деп айтып кетпедиби. Андай жүргүзүлгөн болсо мырза Байзаковдун буйругу болуш керек, план тиркелиш керек. Буларда бир максат болчу, абактагы отургандардын лидери Дамир Сапарбековду 50-мекемеге чыгарып кетиш керек эле.

Тилекке каршы ошол максатына жетишкен жок, Дамир Сапарбеков №1 СИЗОдо кала берди. Мындай айтканда бүгүнкү күндө абакта отургандар жеңүүчү болуп, мырза Байзаков жеңилип калды. Эртең эле аны чагарам десе, абактагылар кайра эле көтөрүлүп, ачарчылык жарыялай беришет. Бүгүн мамлекет уттуруп койду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG