Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:53

"Депутаттар уккан деле жок". Акыйкатчыны кызматтан алуу сунушу


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштады. Көп өтпөй президенттин маалымат катчысы омбудсменди "карапайым адамдардын укугун коргобойт" деп сындады. Айрым эксперттер мунун артында өлкөдөгү адам укугунун абалын жакшыртуу эмес, Абдрахматованы кызматтан кетирүү аракети болуп жатканын айтышууда.

Акыйкатчы баяндамасы: адам укугу жана сөз эркиндиги

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында соңку бир жылдын ичиндеги адам укуктарынын абалы тууралуу баяндама жасады. Ал бул жаатта бир топ маселелер бар экенин билдирди. Ошондой эле сөз эркиндиги кысымга кабылган учурлар көбөйдү деп айтты.

“Азыркы убакта өз пикирин ачык билдирип, мамлекеттик органдарды сындаган үчүн журналисттерге, активисттерге, блогерлерге жана социалдык тармактын колдонуучуларына укук коргоо органдары тарабынан ашыкча чектөө жана таасир этүү чаралары колдонулган учурлар көп. Бул албетте, коомчулуктун дагы эл аралык өнөктөштөрдүн дагы нааразылыгын жаратууда. Көп учурларда Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу”, “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар” деген беренелер. Активисттерге, ЖМКларга, блогерлерге байланыштуу дээрлик бардык кылмыш иштеринде процесуалдык адам укуктарын бузуу бар экендигин, анын ичинде эң эле орчундуу көйгөй күнөөсүздүк презумпциясы, тергөөнүн купуя сыры, тараптардын тең укуктуулугу жана атаандаштыгы бузулуп жатканын бир нече ирет ачык, расмий билдиргенбиз. Дагы деле депутаттардын көңүлүн ушуга бурабыз”,- деди Абдрахматова Жогорку Кеңеште жасаган баяндамасында.

Ошондой эле баяндамасында өткөн жылы аялдарга жана жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук жана алардын укугунун бузулушу боюнча 14 миң 786 иш катталган болсо, анын 27% кыскарып кеткенин белгилеген. Ал иштердин 29% гана сотко жиберилгенин, калган 44% өндүрүштө экенин Башкы прокуратуранын маалыматына таянып айтты.

“Аялдарга байланыштуу токтотулган же өндүрүштө калган иштердин саны 45% түзүп жатат. Кыргызстан, тилекке каршы, 2021-жылы Борбор Азияда аялдар үчүн эң кооптуу өлкө катары таанылган. Бул тыянакты Аялдардын дүйнөлүк тынчтык жана коопсуздук индексинде көрсөтүшкөн. Анда Кыргызстан 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга чыккан”.

Абдрахматова мамлекеттик эмес кризистик борборлордун маалыматында өлкөдө ар бир үчүнчү адам үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болору, ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда сексуалдык ыдыкка туш болору айтылганын кошумчалады. Ал Эл аралык коомдук коопсуздукту изилдөө уюму Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылгандардын 62% укук коргоо органдарына кайрылбай турганын аныктаганын да билдирди. Былтыр Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылган, 32% гана сотко жеткен. Калган 37% дагы эле создуктурулуп, өндүрүштө калган. Акыйкатчы институту аялдардын жана балдардын укугунун бузулушу боюнча 337 окуя боюнча иш жүргүзгөн.

“Бул тармактагы укук бузуулардын кыскарбай жатышынын себеби катары аялдарды, балдарды урушуу, каралоо, сөгүү, ур-токмокко алуу, сексуалдык ыдык көрсөтүү коомдо кадыресе көрүнүш болуп калганын айтсак болот. Кылмыш жоопкерчилигинен куткарбоо принцибинин иштебегени, зомбулук кылгандардын жазага тартылбай калганы да бар. Тилекке каршы, коомчулукта “сүйлөшүп алабыз” деген көз караш калыптанган”, - деди Абдрахматова.

"Түз эле чечимге өтөлү"

Айрым депутаттар анын баяндамасын токтотууну, суроо-жооп да кылбай, ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү сунуштады.

"Сиздин баяндама баарыбыздын колубузда турат. Аны кайра угуп чыгуунун, баяндама боюнча суроо-жооп кылуунун да кереги жок. Түз эле баяндама боюнча чечимге өтөлү. Менин сунушума Акыйкатчыга ишеним көрсөтпөөнү да кошуп коюңуз. Ушунун баарын добушка коюп бериңиз", -деп депутат Кундузбек Сулайманов парламент төрагасына кайрылды.

Сулаймановдун сунушун залдагы 61 депутат колдоп, төртөө каршы добуш берди.

Ал эми "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштады.

"Биздин фракциянын Атыр Абдрахматованын баяндамасы жактырылбасын деген чечими бар. Азыр жазуу түрүндө сунуш төрагага берилет", - деди фракциянын лидери Бакыт Сыдыков.

Фракциянын чечиминде Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан алуу сунушталган. Жогорку Кеңештин регламенти боюнча фракциянын сунушун эми тармактык комитет карап, бир жумада чечим чыгарат.

"Депутаттар аны угуп деле коюшкан жок"

20-апрелде алтымыштан ашуун бейөкмөт уюмдун, жарандык коомдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнө кайрылып, омбудсмен Атыр Абдрахматованын айланасындагы жагдайларга тынчсыздануу билдиришти.

Алар акыйкатчыны кысымдан коргоого, ишмердигин улантууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышты. Кайрылууга кол койгондор омбудсмендин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетиши эл аралык стандарттарга карама-каршы келери жана дүйнөлүк коомчулук аны терс кабыл алары белгиленген. Ошондой эле адам укугунун сакталышы үчүн иштеп жаткан жетекчиге көмөктөшүү зарылдыгы айтылган.

"Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова акыйкатчынынын Жогорку Кеңештеги баяндамасы анын кылган иши тууралуу эмес, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу болгонун белгиледи. Укук коргоочу депутаттар баяндаманын маанисин аңдап түшүнбөй туруп, Абдрахматованы кызматтан алууга аракет кылууда деп сындады.

"Акыйкатчы Атыр Абдрахматова депутаттарга өлкөдөгү адам укуктарынын абалын айтып, маалымат бергени барган. Депутаттарды ошого көңүл буруп, адам укугунун абалын жакшыртууга чакырганы барган. Бирок депутаттар аны угуп деле коюшкан жок. Тескерисинче, Абдрахматованын кызматтан алууну сунуштап чыгышты. Демек, депутаттарга адам укугун коргоонун кереги жок. Адам укугуна күйүп-бышкан акыйкатчыны иштен алууга кызыкчылык жүрүп жаткансыйт. Анткени президенттин маалымат катчысы баш болуп, аны карапайым элдин эмес, бир ууч оппозициянын кызыкчылыгын коргойт деп айыптап чыкты. Бул инсттитутка бийликтин сөзүнөн чыкпаган жетекчи керек окшойт".

"Карапайым адамдардын укугун коргогону байкалган эмес"

19-апрелде президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өлкөдөгү адам укугунун, сөз эркиндигинин абалы тууралуу комментарий берип жатып, акыйткачы Атыр Абдрахматованын ишин сынга алды.

"Сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок. Ар ким өз пикирин каалагандай билдирет. Максим Горький атындагы гүлбак митингдердин аянты болуп калды. Ал жерде митингдер каалаган учурда өтүп жатат. Катышуучулар оюн эркин айтып, түз эфирлерге чыгып жатат. Алардын сөзүн журналисттер жана блогерлер таратып жатат. Бизде эч кандай сөз эркиндигин кысмакка алуу жок. Акыйкатчы өлкөдө туруксуздукту каалагандарды коргоп жатат. Ошондуктан ал жагдайды ошондой көрүп жатат. Анын карапайым адамдардын укугун коргогону байкалган эмес",-деген Султанбаев.

Абдрахматова Султанбаевдин айткандарына азырынча жооп бере элек.

Парламентке ачык кат

Ошол эле маалда Акыйкатчы институтунун айрым кызматкерлери парламентке ачык кат менен кайрылышты. Алар бир жыл мурун дайындалган Абдрахматова акыйкатчынын кызматын аркалай албаганын белгилеп, аны кызматтан кетирүүнү өтүнүшүүдө.

Кайрылууга кол койгон кызматкерлердин бири - Акыйкатчы институтунун Балдар, аялдар жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова эмгек жамааты Абдрахматованын ишине нааразы экенин айтууда.

"Атыр Абдрахматова жетекчи катары жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган жок. Эмгек жамаатын басмырлап, мыйзамсыз түрдө реорганизация жүргүзүүгө аракет кылган. Бул кайрылуубуз биринчиси эмес, биз үчүнчү жолу кайрылып жатабыз. Алгачкы жолу кайрылуу кылганыбызда Мамлекеттик кызмат агенттигинен атайын түзүлгөн комиссия анын реорганизация аракетин - кызматкерлерди жумуштан кетирүү аракети деп баалаган. Экинчисинде, биз Абдрахматованын кызматында калышы боюнча маселени карап берүүсүн өтүнүп кайрылганбыз. Үчүнчү кайрылуубузду 18-апрелде, акыйкатчы парламенттин тармактык комитетинде баяндама жасагандан кийин жаздык. Анын баяндамасындагы маалыматтардын чындыкка дал келбесин айтып, бул жолу ачык кайрылуу жаздык. "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан алууга киргизген сунушунан улам, бизде бир аз үмүт пайда болду", - деди Токтосунова.

Эмгек жамаатындагы айрым кызматкерлердин кайрылуусунан улам омбудсмен институтунун ишин Башкы прокуратура былтыр ноябрда бир айдай текшерген. Атыр Абдрахматова өзүнө каршы чыккандарды институттун ишин жакшыртуу үчүн жасалып жаткан реформага каршы болуп жатышканын айтып, түшүндүргөн.

“Кээ бир кызматкерлер арыз-даттануулар менен жылуу-жумшак ордунан чыкпай, жыйынтыгы жок жоопторду жазып, сыйакы, айлык алып отурушат. Алар каралап, тоголок кат жазып жатышат”, - деген акыйкатчы.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура бир катар сунуштарды берген.

"Акыйкатчы институту боюнча мыйзам өзгөрүш керек"

Атыр Абдрахматова бул кызматка 2022-жылы мартта шайланган. 42 жаштагы Атыр Абдрахматова Акыйкатчы кызматына жарандык коомдон келген. Ал Омбудсмен болуп шайланганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон.

Абдрахматова Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын укугунун сакталышы, алардын саламаттыгына байланыштуу бир катар билдирүүлөрдү жасаган. Ал Кыргызстанда башкача пикир айткандарды камоо адатка айланганын, ошол эле учурда айрым коррупционер деп белгилүү болгон адамдар үй камагына чыгарылып жатканын айтып сындаган.

Акыйкатчы түрдүү каралоого кабылып жатканын сөз эркиндиги, жапырт камоолор боюнча оюн ачык айтып чыгып жатканы менен байланыштырып келет.

Коомчулукта Акыйкатчы институтуна карата бир кылка пикир жок. Айрымдар өз миссиясын так аткарбай келгенин сынга алса, кээси мыйзамда жазылганы менен иш жүзүндө аткарылбай калган жагдай бар деп эсептейт. Омбудсмен Атыр Абдрахматова муну өзү дагы моюнуна алып, айрым мыйзамдык өзгөртүүлөр зарыл экенин белгилегени бар.

"Биздин колубуз кыска болуп калууда. Анткени биз адам укуктарынын бузулушун каттаган учурда мамлекеттик органдарга көңүл буруу актысын киргизебиз. Бирок бул сунуштама катары эле болот. Мамлекеттик мекемелер кааласа аткарат, болбосо жок. Тилекке каршы, аткарылбай калган иштер көп. Ошондуктан Акыйкатчы институту боюнча мыйзам өзгөрүш керек. Биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Акыйкатчынын макамын бекемдеш керек".

Акыйкатчы институту - көз карандысыз мекеме

Акыйкатчы (Омбудсмен) институту - жөнөкөй жарандардын укуктарынын мамлекеттик органдар тарабынан бузулушунан коргоочу ыйгарым укуктуу, көз карандысыз мекеме.

“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө” мыйзамы 2002-жылы кабыл алынган. Ушул эле жылы 21-ноябрда акыйкатчыны шайлоо өтүп, Турсунбай Бакир уулу жеңип чыккан.

Бул көз карандысыз органдын жетекчисин парламент шайлайт жана ал парламентке гана отчет берет. Акыйкатчынын макамы менен укуктары Баш мыйзамда, ошондой эле бир катар ченемдик-укуктук актыларда бекемделген.

Акыйкатчыны кызматтан кетирүү - алтынчы омбудсмен

Кыргызстандагы Акыйкатчы институтунун тарыхында алты киши бул кызматка барды. Биринчи акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу расмий түрдө 2002-жылы 13-декабрда кызматына киришкен.

2008-жылдын 14-февралында Жогорку Кеңеш белгилүү укук коргоочу ​Турсунбек Акунду акыйкатчы кылып шайлайт.

Акун 2013-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. Бирок “мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаевдин иши боюнча акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн текшерген депутаттык комиссия аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин кабыл алган. Аталган комиссия Турсунбек Акун "бюджет каражатын туура эмес пайдаланды, Акыйкатчы институтундагы айрым кызматкерлерди мыйзамсыз кетирди, өзү каалаган адамдарга "Акыйкатчынын кеңешчиси" деген күбөлүк берди" деген негизде ушундай чечим кабыл алган.

Айрым депутаттар бул иште акыйкатчы жөн эле "садага чабылганын” да айтып чыгышкан.

2013-жылдын 31-октябрында Жогорку Кеңеш акыйкатчы кылып Бактыбек Аманбаев шайлаган. 2015-жылы парламент аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндөгү чечимди кабыл алат. Бул Аманбаевдин отчетун көпчүлүк депутаттар колдобогону менен түшүндүрүлгөн.

Аманбаев болсо “Жогорку Кеңеш акыйкатчыны кызматтан кетирүүдө мыйзам бузду” деп айтып чыккан.

“Комиссия түзүп, иликтеп алса деле мен макул болмокмун. Бул институтту жакшыртайын деген ниетим бар болчу, аным ишке ашпай калды”,-деген ал.

2015-жылдын 30-декабрында парламент көпчүлүк добуш менен акыйкатчы кызматына Кубат Оторбаевди шайлаган. Ал 2018-жылы 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Ушул эле жылы сентябрда 65 жаштагы генерал Токон Мамытов Кыргызстандын бешинчи акыйкатчысы болуп шайланат. Мамытов 2021-жылдын октябрь айында парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

Кыйла убакытка бош туруп калган акыйкатчы кызматына 2022-жылы март айында юрист Атыр Абдрахматова шайланган эле.

Жогорку Кеңеш төрт талапкердин ичинен Абдрахматовага көпчүлүк добушун берген. Ал өзүнүн программасында сөз эркиндиги, жарандардын социалдык укуктары, билим алуу, миграция маселеси, сот акыйкаттуулугуна жетүү багытында иш алып барарын убада кылган.

Кыргызстанда 2018-жылы Бизнес-акыйкатчы институтун – ишкердик субъектилердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө өкмөт токтому чыккан.

2019-жылы биринчи бизнес-акыйкатчы болуп, 54 жаштагы Робин Орд-Смит шайланган. Ал Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айынан 2019-жылдын башына чейин иштеген. Элчиликтен кетип, Бизнес-акыйкатчы болгонго чейин Кыргызстанда жашаган. Ал өткөн жылы сентябрда 57 жаш курагында көз жумду.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG