Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

"Адилеттик күтөбүз". Зордукталган секелектин иши Жогорку Cотко жетти


Кыз-келиндердин тең укуктуулугу боюнча жүрүштөн алынган сүрөт. 8-март, 2023-жыл.
Кыз-келиндердин тең укуктуулугу боюнча жүрүштөн алынган сүрөт. 8-март, 2023-жыл.

Кыргызстандын Жогорку Соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган төртүнчү кишиге карата Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Шаардык сот аны сегиз жылга эркинен ажыраткан эле.

Жогорку Cот бул секелекти зордуктоого айыпталган калган үч кишинин ишин 22-мартта карайт.

13 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу жалпысынан төрт кишиге - эки милиция кызматкерине жана эки жаранга айып тагылган. Өткөн жылдын 30-августунда Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

Ушул жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту айыпталуучулардын апелляциялык арызын карап, эки милиционердин жаза мөөнөтүн кыскарткан чечим чыгарган.

Жогорку Сотко эки тарап тең кайрылган

Секелек кызды зордуктоо боюнча резонанстуу иш 13-мартта Жогорку Сотто каралып, мурдагы чечим күчүндө калды.

Секелекти зордуктоого айыпталып, абакка кесилгендердин бири 21 жаштагы шектүү мурдагы инстанцияларда өзүнө коюлган айыпты моюнуна албай, Жогорку Сотко кайрылган. 2022-жылдын 4-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шектүүнү сегиз жылга эркинен ажыратып, кийин шаардык сот чечимди өзгөртүүсүз калтырды.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Тимур Султановдун айтымында, Жогорку Сотко жабырланган тарап дагы кайрылып, жаза мөөнөтүн катаалдаштырууну суранган.

Тимур Султанов
Тимур Султанов

“Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (“16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча эң жогорку жаза - он жыл. Бирок сот тарабынан жасалган кылмыштын оордугу жана жагдайлары, кылмыштын кесепеттери - кыздын талкаланган тагдыры эске алынбагандыктан, Жогорку Соттон бул айыпталуучуга карата эң жогорку жазаны - он жылга кесип берүүсүн өтүнүп, арыз жазганбыз. Тилекке каршы, бүгүн Жогорку Сот биздин арызыбызды канааттандырган жок. Ошондой эле айыпталуучу тараптын да арызы канааттандырылган жок. Биринчи Май райондук жана Бишкек шаар сотунун чечимдери күчүндө калды".

Сот чечимине ылайык, 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган киши жалпы тартиптеги түзөтүү абагында жазасын өтөйт. Бардык соттук териштирүүлөр аны айыптуу деп таап, сегиз жылга кести.

Тергөөнүн материалындагы суракта ал жабырлануучу кыздын жашы жете элек экенин билбегенин, мейманканага кыздын макулдугу менен барышканын айтып берген.

Сот чечиминен кийин секелектин атасы “кызымдын тагдырына балта чапкан кишилерге жеңил жаза берилип калды” деп нааразы болду.

“Менин кызыма кордук көрсөткөндөр жалпы төрт киши. Бүгүн алардын бирөөнүн гана иши каралды. Сегиз жыл - өтө аз, жеңил жаза. Ошондуктан, сот чечимине ыраазы болбой кала бердик. Азыр эми берки үч милиционердин жаза мөөнөтү таптакыр жоюлуп калбайбы деген чочулоо болуп жатат. Себеби, шаардык сот алардын кылмышын башка беренеге которуп карап, жаза мөөнөтүн да жеңилдетип салганы белгилүү”.

13 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу жалпысынан төрт кишиге - эки милиция кызматкерине жана эки жаранга айып тагылган. Өткөн жылдын 30-августунда Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

Ушул жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту айыпталуучулардын апелляциялык арызын карап, эки милиционердин жаза мөөнөтүн кыскарткан чечим чыгарган. Ага ылайык, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы айыпталуучуну алты жылга, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп жүргөн 34 жаштагы айыпталуучуга тогуз жылга эркинен ажыраткан. Үчүнчү соттолуучунун 10 жылдык жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калган. Эми бул иш Жогорку Сотто 22-мартта каралат.

13 жашар кызды зордуктагандарды жоопко тартуу талабы менен өткөн митинг. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.
13 жашар кызды зордуктагандарды жоопко тартуу талабы менен өткөн митинг. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.

"Кызымдын тагдырына кайдыгерлик болууда"

Кыздын атасы сот адилеттигин камсыздап берүүнү өтүнүп, мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Баш прокурор Курманкул Зулушевге жана акыйкатчы Атыр Абдрахматовага кайрылуу жасаганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Свердлов райондук сотунун эки милиционерди 15, ал эми базардын кароолчусун 10 жылга кескен өкүмүн Бишкек шаардык соту өзгөртүп, эки милиционердин жаза мөөнөтүн кыйла кыскартып салганы бизди нааразы кылды. Шыр эле Жогорку Сотко даттанып, кайрылганбыз. Бирок шаар сотунун өкүмүнөн кийин биздин сот адилеттигине ишенимибиз жоголду. Ошондуктан, президент Жапаровго, баш прокурорго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасына, акыйкатчыга кат менен кайрылдым. Бирок бизди эч кимиси кабыл албады”, - деди ал.

13 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу сот жараяндарына Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн (Балдар омбудсмени), Социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери байкоо салып келишти. Жабырланган кыз учурда окуусун улантып жатат. Президенттин алдындагы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кыздын социалдык абалына жана окуусуна көзөмөл кылып жатканын билдирүүдө.

Өткөн жылдын 2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери жана дагы эки адам секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө макала жарыялап, бул коомдо катуу реакцияларды жараткан.

Ошондон кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы менен Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган.

Жакында эле Бишкекте 13 жаштагы дагы бир кыз зордукталгандан кийин суицидге барганы ачыкка чыкты. Башкы прокуратура буга байланыштуу ишти бир жыл өткөндөн кийин кайра козгоду. Прокуратура Ленин райондук милиция кызматкерлери зордуктоо фактысы боюнча документтердеги коюлган колдорду бурмалап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген жүйө менен, иштин алкагында эки тергөөчү, бир соттук- медициналык экспертти камакка алды.

Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланып жатканы кабарланган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG