Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

12 жыл мурдагы өлүм: соттолгон тараптын жүйөсү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12 жыл мурда каза тапкан Байсал Батырбек уулунун өлүмүнө классташы, Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 33 жаштагы Марат Авасбеков айыпталып, Ноокен райондук соту 2022-жылы августта тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ушул эле жылдын 19-декабрында Жалал-Абад облустук соту бул өкүмдү күчүндө калтырды.

13 жыл мурдагы окуя боюнча буга чейин да бир нече соттук териштирүү болгон.

Киши өлтүрүүгө айыпталып, үч адам соттолду

Тергөөнүн версиясы боюнча Байсал Батырбек уулунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинде Марат Авасбеков жалгыз айыпталуучу эмес. Он жыл мурда бул иш боюнча маркумдун таанышы Манас Акпаров жана Мараттын атасы Сабырбек Райымбеков да бул ишке шек саналып, камалган.

Анын негизинде Оштогу Аскер гарнизондук соту бул экөөнү 2013-жылы сегиз жылга эркинен ажыраткан. Ишти кийин караган Жогорку Сот Акпаровдун жаза мөөнөтүн 15 жылга, Сабырбек Райымбековдун жаза мөөнөтүн 13 жылга узарткан.

Биринчи жолу шектүү Марат Авасбеков 2020-жылы Майлуу-Суу шаардык сот тарабынан төрт жылга кесилип, бирок дароо эле мунапыстын негизинде сот залынан бошотулган. Жалал-Абад облустук соту бул чечимди 2021-жылы күчүндө калтырган.

Бирок, каза болгон Байсал Баатырбек уулунун апасы соттордун мындай өкүмдөрүнө нааразы болуп, Жогорку Сотко кайрылган. 2021-жылы декабрда Жогорку Сот Байсалдын өлүмү боюнча Жалал-Абад облустук соту жана Майлуу-Суу шаардык соту чыгарган өкүмдөрдү четке кагып, ишти кайра кароого жиберген.


Анын негизинде Ноокен райондук соту ишти 2022-жылы августта карап, Байсал Батырбек уулунун өлүмүнө шектүүлөрдүн бири - Марат Авасбековду айыптуу деп таап, тогуз жылга эркинен ажыратты. Мындай өкүмгө макул болбогон айыпталуучу тарап Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган, апелляциялык арызды караган сот Ноокен райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Эскерте кетчү жагдай кылмыш жасалган убакта Марат Авасбековдун аты-жөнү Доулбек Сабырбек уулу болгон, ал аты-жөнүн 2013-жылы өзгөрткөн.

"Уулум да, күйөөм да жалган жалаа менен камалды"

Мараттын (Доулбектин) апасы Ырыс Самиева "Азаттыкка" курган маегинде уулунун айыбы жоктугун белгиледи.

"Менин уулум Доулбек Байсал өлгөн күнү чогуу жүргөнү чындык, бирок кафеден чыккандан кийин Байсал Зябчук көчөсүндөгү сүйлөшкөн кызына кеткенин, өзү үйгө барганын айтып безилдеп атса да аны күнөөлүү кылып коюшту. Мен аны ушундай бир жаман иштерден коргоп, өзүм менен кошо Москвага алып кеткем. Бул жакта төрт жаштагы балам менен пенсияга чыгарына аз калган атасы калган. Доулбекти күз айларында кичүү уулумду да Москвага алып кеткени Майлуу-Сууга жибергем. Ошол келишинде Байсал "чай алып берейин, жүр" деп кафеге барышкан экен. Ал жерде экөөнөн башка дагы балдар болуптур. Кафеде Байсал спирт ичимдигин ичиптир. Доулбек ага "сенин башың ооручу эле го, эмнеге ичип атасың?" деп сураса, "азыр оорубай калган, анча-мынча ичем" дептир. Муну балам кийин айтып берди. Кафеден чыккандан кийин Байсал Зябчук деген көчөдө сүйлөшкөн кызыма барам деп кетиптир. Калгандары үйлөрүнө тарашкан экен. Ошол боюнча менин уулум Байсалды көргөн эмес. Кылмыш ишинде болсо Байсалды 5-6 адам кафенин алдында токмоктоп, тепкилешкен деп жазылып турат. Бул жалган жалаа. Анткени Байсалды сүйлөшкөн кызынын бир тууган агасы да "экинчи келбе, келсең өлтүрөм" деген экен".


Ырыс Самиева Байсалдын өлүмү боюнча мурдагы жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө Доулбектин айыбы далилденбегенин кошумчалады.

Тергөөнүн жана сот иштеринин маалыматтарына ылайык Майлуу-Суу шаарында 2010-жылы 29-ноябрда 19 жаштагы Байсал аттуу жигит бети-башы көгала болуп жаткан жеринен табылып, өзүнө келбей ооруканада каза тапкан. Туугандары маркумдун өлүмүнө акыркы сааттарда аны менен чогуу болгон теңтуштарын айыпташкан. Кийин тергөө да бул версияны ырастап, Байсалдын өлүмүнө анын теңтуштары Манас Акпаров, Изатилла Кучкаров жана Доулбек Сабырбек уулу аттуу адамдарды шектүү деп тапкан.

Бул окуядан кийин маркумдун сөөгү бир нече жолу экспертизадан өткөрүлүп, эки жолу эксгумация кылынган. Ал эми анын өлүмүнө шектүү адамдарды милиция кармап, сурагандан кийин кайра коё берген.

Соттун документтерине ылайык, көп өтпөй Байсал Батырбек уулуна таандык телефон Мараттын атасы Сабырбек Райымбековдун карындашынын үйүнөн табылган. Ушундан улам бул ишке тиешеси бар деген негизде Сабырбек Райымбеков да кармалган. Райымбеков Майлуу-Суудагы №30295 аскер бөлүгүндө санитардык бөлүктүн жетекчиси, полковник чинин алып жүргөнүнө байланыштуу Байсал Батырбек уулунун өлүмү тууралуу ишти Жалал-Абад аскердик прокуратурасы тергеп, Оштогу аскердик гарнизондук соту караган. Тергөөнүн маалыматтарында ал уулуна болушуп, Байсал Батырбек уулун сабаганы, ал эс-учун жоготуп жаткан учурда ээн жерге калтырып кетип калганы ырасталганы жазылат.

2012-жылы Райымбеков Оштогу Аскердик гарнизондук сотунун чечими менен сегиз жылга камалган. Аны менен кошо эле Байсалдын өлүмүнө айыпталып, анын жанында болгон дагы бир адам - Манас Акпаров да сегиз жылга камалган. 2015-жылы Жогорку Соттун чечими менен Сабырбек Райымбековдун жаза мөөнөтү 13 жылга, Манас Акпаровдун мөөнөтү 15 жылга узартылган.


Сот учурунда Райымбеков өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна алган эмес. Аскердик бөлүктө дарыгер болуп иштеген Сабырбек Райымбеков чалажан адамды ээн жерге калтырып кетүүгө жыйырма жылдан ашуун иштеген дарыгерлик кесиби да, адамгерчилиги да жол бербестигин айткан. Ал эми Байсалга таандык телефонду чөнтөгүнө кимдир-бирөө салып койгон болушу ыктымалдыгын билдиргени тууралуу соттук териштирүүнүн документинде жазылган.

Доулбектин апасы Ырыс Самиева да телефонду кимдир бирөө күйөөсүнүн чөнтөгүнө салып койгон болушу мүмкүн деп эсептейт.

"Милициялар аябай издеп, иликтешкен. Аягында баламдын колуна Байсалдын өлүмүнө тиешеси жок деген токтомду беришкен. Ошол убакта менин күйөөм полковник наамын алган. Анын үстүнө баласынын ушундай ишке айыпталып жатканына кыжалат болуп, ичип жүргөн. Күн сайын иче берген адам өзүнүн кыймылына деле жооп бере албай калат. Ал Байсалдын телефону экенин да билген эмес. Ошондой учурда Байсалдын апасын колдогон бирөөлөрбү айтор, анын чөнтөгүнө ошол телефонду салып коюптур. Муну укканда мен такыр эле нес болуп калдым. Уулумду айыптап жатканы аз келгенсип, күйөөмдү да айыптап, камап, тергөө абагына камашты. Андан кийин да жок жерден көрсөтмөлөрдү жазып атышты. Мунун баары жалган. Ошонун баары жалган".

"Баламдын атын өзгөрткөнүнө Байсалдын өлүмүнүн тиешеси жок"

2012-жылы 30-май күнү Жалал-Абад аскердик прокуратурасы тарабынан Байсалдын жанында акыркы жолу чогуу болгон теңтуштары Иззатилла Кучкаров менен Доулбек Сабырбек уулу Кылмыш кодексинин (1997-жылкы редакциясы боюнча) 104, 121-беренелеринин негизинде күнөөлүү деп табылып, айыптары сырттан угузулган. 1-июнда аларга аталган прокуратура издөө жарыялаган.

Ошондон кийин - 2012-жылы 9-октябрда Доулбек Сабырбек уулу аты-жөнүн Марат Авасбеков деп өзгөртүп, жарандык паспорт алган. Жабырлануучу тарап анын бул кадамын жазадан качуу аракети деп сыпатташкан.

Доулбектин же Мараттын апасы Ырыс Самиева болсо уулунун аты-жөнүн өзгөртүүсүнө Байсал Батырбек уулунун өлүмү боюнча иштин эч кандай тиешеси жоктугун айтууда.

"Эч кандай байланышы жок. Жок жерден жалган жалаа жабышты. Уулума Доулбек деген атты кайын атам койгон. Өзүнө жакчу эмес. "Мага неге мындай ат койгонсуңар, эл катары эле ат койсоңор болмок" деп көп нааразы болчу эле. Кийинки кичүү уулума да Даниел деген атты Доулбегим койгон болчу. Москвада иштеп жүргөн учурда баламды ошол жактан окутайын деп, Сабырбек уулу дегенин Авасбеков деп өзгөртүүсүнө макул болгом. Ал Москвадан машина менен келип, Майлуу-Суудагы ЗАГС бөлүмүндө атын Марат деп өзүнө жаккан атка, ал эми фамилиясын Авасбеков деп өзгөртүп кеткен. Авасбек чоң атасы, менин кичүү уулум да Авасбеков эле. Авасбеков Марат Сабырбекович деп алган. Булар айткандай, биротоло өзгөртүп алган эмес".

Мурдагы соттук териштирүүлөрдө айыпталуучунун кызыкчылыгын коргогон адвокат Рыскулбек Бактыбаев бул иште анын күнөөсү жоктугун "Азаттыкка" белгиледи:

"Мен Доулбектин жактоочусу катары бул иш менен баштан-аяк таанышып чыккам. Ал издөөгө жарыяланганын укканда эле өз ыктыяры менен Кыргызстанга келген. Аны Оштогу аэропортто милиция кызматкерлери менен чогуу барып тосуп алган элем. Аны ошол жерден эле камакка алышкан. Иш боюнча топтолгон материалдарда Доулбектин күнөөсүн далилдеген фактылар, көрсөтмөлөр жок. Экинчиден, Байсалды ошол түндө көрдүм деген күбө болгон. Ал тергөө учурунда да көрсөтмө берип, "Байсал мас абалында түн ичинде үйүмө келген, мен аны "мас экенсиң, үйүңө кетип кал" дегенмин. Таңга жуук мал базарга кетип жатып дагы көргөнүн айткан эле. Бирок ал күбөнүн сотко келишине шарт түзүлгөн жок. Мен өзүм дагы аны сотко чакырууга аракет кылгам, бирок келбей койду. Бул балдар болсо түнкү саат он жарымда тарап кетишкен. Аягында Майлуу-Суу шаар соту Доулбекти "кылмыш ишин жаап-жашырган" деген негиз менен соттоп, бирок ишти өндүрүштөн кыскарткан. Жалал-Абад облустук соту аны күчүндө калтырган. Бирок Жогорку Сот ишти кайра кароого жиберген. Мен ошондон кийин ден соолугума байланыштуу келишимди токтотуп, жактоочу болбой калгам. Былтыр соттор кайра карап, ага башында коюлган айыптын негизинде тогуз жыл беришиптир деп уктум".


Рыскулбек Бактыбаев Байсалдын өлүмү боюнча иште Мараттын - Доулбектин атасы Аскер прокуратурасы тарабынан камалып, Гарнизондук сотто соттолгону боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Айыпталуучу тарап Жалал-Абад облустук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган. Кассациялык арыз качан каралары азырынча белгисиз.

Өкүмгө экинчи тарап да нааразы

Ал эми жабырлануучу тарап - маркум Байсал Батырбек уулунун апасы Сажида Дыйканбаева Ноокен райондук сотунун чечимине нааразы. Ал уулунун өлүмүнө тиешеси бар адамга сот жумшак жаза берди деп эсептейт:

"Тогуз жыл мөөнөттүн жарымынан көбү буга чейинки камактагы күндөрүнө эселеп кошулуп, жоюлуп кетет экен. Бул аз. Ошондуктан, биз дагы Жогорку Сотко кайрылып, жаза мөөнөтүн узартууну сурап жатабыз".

Ошентип 12 жылдан бери аягына чыкпай келе жаткан Байсалдын өлүмү боюнча үч адам соттолуп отурат, экөө 2013-жылы Аскер соту тарабынан, бири - Марат Авасбеков (Доулбек) былтыр 19-августта Ноокен райондук соту тарабынан тогуз жылга эркинен ажыратылды. Байсал Батырбек уулунун өлүмүнө шек саналган үчүнчү адам - Изат Кучкаров бүгүнкү күнгө чейин издөөдө жүргөнү кабарланган.

2010-жылы 29-ноябрда табышмактуу жагдайда каза болгон Байсал Батырбек уулунун өлүмү жана ага шек саналган адамдардын жазасыз калганы тууралуу буга чейин "Азаттыкка" маркумдун апасы кайрылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG