Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Байсалдын киши колдуу өлүмү: 12 жылга созулган сот иши


Байсал Батырбек уулу
Байсал Батырбек уулу

Кыргызстандын Жогорку соту 12 жыл мурунку адам өлүмү боюнча ишти кайра кароону Майлуу-Суу шаардык сотуна жиберди. Анда 19 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектүү үч адамдын бири - аты-жөнүн өзгөртүп алып, Орусияда жүргөн жеринен кармалган адамга карата шаардык жана облустук соттордун өкүмдөрү жокко чыгарылган.

Маркумдун жакындары күнөөлүүлөрдүн толугу менен жазасын алышын талап кылууда. Айыпталып жаткан тараптан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

"Уулум ур-тепкиден өлүптүр"

Майлуу-Сууда 2010-жылы күзүндө 19 жаштагы Байсал аттуу жигит токмоктун уусунан улам өзүнө келе албай, ооруканада каза тапкан. Туугандары маркумдун өлүмүнө акыркы сааттарда аны менен чогуу болгон теңтуштарын айыпташкан. Кийин тергөө да бул божомолду ырастап, Байсалдын өлүмүнө анын теңтуштары Манас Акпаров, Изатилла Кучкаров жана Доулбек Сабырбек уулу аттуу адамдарды шектүү деп тапкан.

Байсалдын апасы Сажида Дыйканбаеванын айтуусунда, баласын акыркы жолу 2010-жылы 29-ноябрда көргөн. Ал ошондо классташы, Доулбек аттуу бала менен чогуу үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

"Балам ал түнү кайтып келген жок. Телефону кечке бош эмес болуп атты. Доулбектин үйүнө издеп барсам, уктап аткан экен, атасы ойготту. "Байсал Нуристин үйүндө калган, мен кетип калганмын" деди. Сураштырсам, Нурис деген классташы Бишкекте окуйт экен, ал үйүндө жок экен. Аны билип, Доулбекти "сени менен чогуу кеткен болчу. Уулумду таап бергиле, кайда калтырдыңар эле?" деп машинеге салып, издеп жөнөдүм. Аны менен чогуу болгон үч жигитти тең таап, балам акыркы болгон жерге бардык. Ал жерге барсак, бирөөлөр жолугуп, "түндө бир баланы балдар сабап коюшкан экен, "Тез жардам" алып кетти" дешти. Ооруканага барсам, менин балам каза болуп калыптыр. Башына тепкилей беришкен экен, сөөктөрү сынып, мээсине кирип кеткенин айтышты".


Бул окуядан кийин маркумдун сөөгү бир нече жолу экспертизадан өткөрүлүп, эки жолу эксгумация кылынган. Ал эми анын өлүмүнө шектүү адамдарды милиция кармап, сурагандан кийин кайра кое берген. Апасынын айтымында, Байсалдын телефону жоголуп кеткен, бирок кийинчерээк телефон Доулбектин атасынын эжесинин үйүнөн табылган.

"Балдарды кармап, эки-үч саат сурагандан кийин кое беришти. Иш жылбай койду. Ошол кезде Кубатбек Байболов баш прокурор болчу, ага жазып, улам митингге чыгып жаттык. Бул аралыкта менин уулумдун өлүмүнө шектүү үчөө тең Орусияга качып кетишти. Кийинки жылы март айында Байсалдын телефонуна Доулбектин эжеси башка сим-карта салып көтөрүп жүргөнү аныкталып, анын артынан атасын кармап, камашты. Кийинчерээк Орусиядан Манас Акпаровду таап, кармап келишти".

Балдар менен кошо айыпталган ата

Байсал Батырбек уулунун өлүмү тууралуу соттук иштердеги маалыматтарга таянсак, көп өтпөй тергөө баланын өлүмүнө анын теңтуштарынын бири - Доулбектин атасы Сабырбек Райымбековдун да тиешеси бар экенин аныктаган. Тергөөнүн маалыматтарында ал уулуна болушуп, Байсал Батырбек уулун сабаганы, ал эс-учун жоготуп жаткан учурда чалажан боюнча ээн жерге калтырып кетип калганы ырасталганы жазылат.

Сот учурунда Райымбеков өзүнө тагылган күнөөнү монуна албай, чалажан адамды ээн жерге калтырып кетүүгө жыйырма жылдан ашуун дарыгерлик кесиби да, адамгерчилиги да жол бербестигин айткан. Ал эми Байсалга таандык телефонду чөнтөгүнө кимдир-бирөө салып койгон болушу ыктымалдыгын билдиргени тууралуу соттук териштирүүнүн документинде жазылган.

Райымбеков Майлуу-Суудагы №30295 аскер бөлүгүндө санитардык бөлүктүн жетекчиси, полковник чинин алып жүргөнүнө байланыштуу Байсал Батырбек уулунун өлүмү тууралуу ишти Жалал-Абад аскердик прокуратурасы тергеп, Оштогу аскердик гарнизондук соту караган. Аталган сот 2013-жылы февралда Байсалды өлтүрүүгө катышы бар деген айып менен, Манас Акпаровду жана Сабырбек Райымбековду ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Аскер сотунун өкүмүнө макул болбогон мамлекеттик айыптоо жана жабырлануучулар Жогорку сотко даттанышкан. 2015-жылы Жогорку сот бул ишти карап, Манас Акпаровдун жаза мөөнөтүн 15 жылга, ал эми Сабырбек Райымбековдун жазасын 13 жылга чейин узарткан.

Издөөдө жүрүп аты-жөнүн өзгөрткөн Доулбек - Марат

Марат Авасбеков (Доулбек) Орусияда кармалган учурда. 2020-жыл. (Милициянын сүрөтү)
Марат Авасбеков (Доулбек) Орусияда кармалган учурда. 2020-жыл. (Милициянын сүрөтү)

Жалал-Абад аскердик прокуратурасы тарабынан 2012-жылы 30-май күнү Байсалдын жанында акыркы жолу чогуу болгон теңтуштары Иззатилла Кучкаров менен Доулбек Сабырбек уулу Кылмыш кодексинин (1997-жылкы редакциясы боюнча) 104, 121-беренелеринин негизинде күнөөлүү деп табылып, айыптары сырттан угузулган. 1-июнда аларга аталган прокуратура издөө жарыялаган. 2012-жылы 9-октябрда издөөдө жүргөн Доулбек Сабырбек уулу аты-жөнүн өзгөртүп, жарандык паспорт алган.

Соттук териштирүү документтеринде ал паспортту Орусиядан келбей туруп, бул жактагы тааныштарынын күчү менен "Авасбеков Марат" деген ысымга алганы айтылган. Ага тек-жайын тастыктаган документ берүү мыйзамдарын бузуп туруп, аралыктан башка ысымга паспорт алып берген кызматкерлер - Майлы-Суу шаардык ЗАГС бөлүмүнүн башчысы жана шаардык паспорт столдун жетекчисинин тиешеси бардыгы аныкталганы жазылган.

2012-жылы издөө жарыяланган Доулбек Сабырбек уулу жаңы паспортундагы аты-жөнү Марат Авасбеков болуп өзгөргөнүнө карабай, 2020-жылы октябрь айында Москва шаарынын полициясы тарабынан кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. Ички иштер министрлиги аны Кылмыш кодексинин (1997-жылкы редакциясы) 104, 121 жана 168-беренелери боюнча кылмышка тиешеси бар деп таап, камакка алган.

Доулбек - кийинки аты Марат Авасбековдун Байсал Батырбек уулунун өлүмүнө байланыштуу ишин Майлуу-Суу шаардык соту караган. Былтыр 2-апрелде сот аны төрт жылга эркинен ажыратып, бирок Экинчи дүйнөлүк согуштун 75, Апрель окуясынын 10 жылдыгына карата жарыяланган мунапыстардын негизинде кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, ишти өндүрүштөн кыскарткан. Доулбекти сот залынан бошоткон. Шаардык соттун чечимине нааразы болгон тарап Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Облустук сот бул ишти былтыр 8-октябрда карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Жабырлануучу тарап Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылган. Жогорку сот бул ишти 15-декабрда карап, мурдагы инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарган. Ишти кайра баштан кароого Майлуу-Суу шаардык сотуна жиберген.

Адвокат Токтомбек Каратаевдин айтуусунда, процессуалдык эреже боюнча бул ишти Майлуу-Суу шаардык соту карай албайт:

"Бул ишти Майлуу-Суу шаарындагы эки судьянын экөө тең карай албайт. Анткени алар экөө тең мурда бул окуяга байланыштуу ишти карашкан. Ошондуктан, процессуалдык норма боюнча алар кароодон баш тартып, башка жергиликтүү сотторго жибериши керек".

Азырынча иш шаардык сот тарабынан каралары же каралбасы белгисиз.

Ал эми Байсал Батырбек уулунун өлүмүнө шектелген үчүнчү адам - Изат Кучкаров бүгүнкү күнгө чейин издөөдө жүрөт.

"Баламды өлтүргөндөр жазасын алсын"

Ошентип бул иш 12 жылдан бери аягына чыкпай келет. Байсал 19 жашында киши колдуу болгон. Анын апасы Сажида Дыйканбаева уулунун өлүмүнө тиешелүү адамдар өздөрү да, жакындары да кечирим сурап да койбогонуна жаны ачыды.

"Ушул убакка чейин бирөө бир басып келген жок. Кан басымым көтөрүлүп, оорукчан болуп калдым. Жогорку сот ишти кайра кароого жибергенден кийин Доулбектин апасы мен иштеген жерге барыптыр. Бирок мен сүйлөшкүм келген жок, эми сүйлөшпөйм дагы. Ал эми Изатилла Кучкаров ошол бойдон качып жүрөт. Аны издеген киши болгон жок. Уулумду жаштайынан жайрагандар камалып, жазасын тартсын. Мен эне катары акыйкаттыкты талап кылам. Уулум Байсал тирүү болгондо азыр 31 жашка чыгып, балким үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болуп калмак".

Бул иште Марат Авасбековго (Доулбек Сабырбек уулуна) Рыскулбек Бактыбаев жактоочу болгон. Адвокат менен байланышканыбызда бул иш боюнча эч кандай комментарий бере албасын билдирди:

"Ооба, бул иште мен жактоочулук кылгам. Кадимкидей келишим менен иштегем. Жогорку сот мурдагы инстанциялардын чечимдерин жокко чыгаргандан кийин, биздин келишим токтогон".

Доулбектин өзү же жакындары менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. 12 жыл мурунку Байсал Батырбек уулунун өлүмүнө байланыштуу алардын айтайын деген пикири болсо, оюн укканга даярбыз.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG