Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

Абакта ооруган аял эркиндикке чыгары менен көз жумду


Абактагы аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.
Абактагы аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институту кабарлагандай, Аламүдүн райондук сотунун чечимин узак убакыт күткөн, абактагы 44 жаштагы аял оор дарттан улам эркиндикке чыгары менен көз жумду.

Анын жакындары сотко бир нече ирет жаза мөөнөтүн убактылуу токтото туруу өтүнүчү менен кайрылган. Маркум 2018-жылдан бери Чүй облусунун Степное айылындагы №2 түзөтүү колониясында алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

2021-жылдын сентябрь айында ден соолугу начарлап Чүй облустук ооруканасына жаткырылган. Ага инфаркт баштаган бир нече оор диагноздор коюлган. Аялдын жакындары соттон анын жаза мөөнөтүн кийинкиге жылдырып, дарылануусуна шарт түзүүсүн бир нече ирет суранган.

Октябрь айында Аламүдүн райондук соту алардын бул өтүнүчүн четке каккан. Маркум Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө жатып калганда Аламүдүн райондук соту өз чечимин өзгөртүп, жаза мөөнөтүн өтөөнү кийинкиге жылдыруу тууралуу чечимди 23-декабрда чыгарган. Ооруканадан чыккандан бир жума өткөндөн кийин аял үйүндө каза болду.

2021-жылдын декабрь айынын башында маркумдун жолдошу адилеттик издеп "Азаттыкка" да кайрылган.

Буга чейин 2021-жылы сентябрда №47 колонияда 66 жаштагы адам диабеттик комадан кийин көз жумган. Күз айларында Степное айылындагы аялдардын абагынан эмчек рагынын 4-стадиясы аныкталган аял жазасын өтүп чыгып, бир айдан кийин каза тапкан. Бул фактыларды белгилеген Кыйноолорго каршы улуттук борбор аялдар абагында дагы бир аялдын саламаттыгы оор экенин белгилеп, аларды бошотууну талап кылган.

Кыргызстандын Жазык-процессуалдык кодексинин 36-беренеси боюнча соттолгон адам жаза өтөп жатканда айыккыс оор илдетке же психикалык ооруга чалдыкса, мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгууга укуктуу. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG