Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Түркмөнстанда кымбатчылыкка нааразы болгондор митингге чыгышты


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

Түркмөнстандын Лебап облусунун Фарап районунун акимиатынын алдына 200дөй киши акцияга чогулуп, азык-түлүктөрдүн баасын арзандатууну талап кылышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы жазды.

Журналисттер кабарлагандай, 1-январдан тартып дүкөндөрдө мамлекет камсыздап турчу азык-түлүктөрдүн наркы 7-8 эсе өсүп кеткен. Маселен, 3 манат турган пахта майы ($0.8) учурда өкмөттүк дүкөндөрдө 24 манатка ($6.8) чейин сатылууда.

Чогулгандар товарлар кымбаттаганы менен айлыктар көтөрүлбөгөнүн айтып, бийлик өкүлдөрүн муну көзөмөлгө алууну талап кылышты. Кийин куралданган жана чүмбөтчөн 15тей аскерлер келип, администрацияны курчоого алышкан.

Окуянын күбөлөрү кабарлагандай, алардын артынан келген полиция жашоочулар таркабаса ок атыларын айтып коркутушкан. Акцияга чыккандар ошондон кийин тарап кетишкен.

Түркмөнстандын бийлиги мамлекет камсыздап турчу азык-түлүктөрдү былтыр жыл аягынан тартып азайта баштаган жана баасын көтөргөн.

Быйыл январдын башында суюлтулган газдын жана азык-түлүктөрдүн кымбатташына байланыштуу Казакстанда чыккан жагдай Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдү да бул багытта чара көрүүгө түрттү. Кыргызстандын бийлиги суюлтулган газдын баасы туруктуу кармалып турарын жарыяласа, Өзбекстан активисттерин жана блогерлерин кымбатчылык жөнүндө сүйлөөгө тыюу салды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG