Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Таласта 7-апрелдин макамын кайра кароого каршы чыгышты


Таластагы 7-апрель курмандыктарына коюлган эстелик.
Таластагы 7-апрель курмандыктарына коюлган эстелик.

Таласта Апрель революциясынын катышуучулары "7-Апрель - Элдик революция күнү" макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбооруна каршы чыгууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" 14-январда "Баатырларга таазим" коомдук бирикмесинин төрайымы Кишимжан Таштекеева билдирди.

"Биз 7-апрелди кызыл календардан алуусуна каршыбыз. Себеби революцияга чыккан канча элдин мүдөөсү, каны менен бул окуя болгон эле. Канчалаган энелер баласыз калып, канчалаган балдар жетим болду, кан төгүлгөн. Башка майрамдарды кыскартса да, 7-апрелге тийбесин", - деди Таштакеева.

Мыйзам долбооруна каршы болгондор өлкөдөгү бир катар коомдук уюмдардын атынан президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылуу жолдогон. Алардын катарында "Мекен Шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо", "Апрель Элим Кыргызстан", "Апрель Баатырлары", "Эр Теги", "Баатырлар Үмүтү", "Жаркын Элес", "Баатырларга Таазим" коомдук уюмдары бар.

Бийлик өкүлдөрү катка жооп келе элек.

2021-жылдын 24-декабрында Министрлер кабинетинин кеңешмесинде Акылбек Жапаров 2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу 23-февраль, 7-апрель жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси каралып жатканын билдирген.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой жаран каза болгон. Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетип, Беларустан башпаанек алган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG