Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Казакстан менен аба каттамдар калыбына келди


Нурсултандагы Назарбаев аэропорту.
Нурсултандагы Назарбаев аэропорту.

Эл аралык "Манас" аэропорту Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аба каттамдары 12-январдан тарта кайра калыбына келгенин билдирди.

12-январда Нур-Султан - Бишкек - Нур-Султан жана 14-январдан баштап Алматы - Бишкек - Алматы каттамы боюнча Air Astana авиакомпаниясынын учактары уча баштады. Эки өлкөнүн ортосундагы авиа байланыш 5-январда токтогон. Казак баш калаасы Нур-Султунга жумасына төрт каттам бар.

Чек ара кызматы коронавируска байланыштуу оор жүк ташуучу транспорт каражаттары “Ак-Тилек", “Чалдыбар" жана Талас облусундагы “Чоң-Капка" бекеттеринен Казакстанга өтө аларын, "Ак-Жол", “Ак-Тилек”, “Чалдыбар” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка” бекеттери аркылуу адамдардын өтүүсүнө дагы бир катар чектөөлөр киргизилгенин 13-январда кабарлаган.

Жогорудагы бекеттер аркылуу Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду. Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар жогорудагы бекеттер аркылуу кире алышат.

Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогорудагы бекеттер аркылуу чыга алышат.

Кыргызстандын “Каркыра” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана чыга алышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG