Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

"Кыргыз темир жолунун" мурдагы жетекчиси Дашков үй камагына чыкты


Василий Дашков.
Василий Дашков.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковду саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон маалымдашты.

Дашков былтыр июлда Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан менчик ооруканга которулган. Бирок кайра августта ооруканадан кайра тергөө абагына келген.

Анын менчик ооруканага которулушуна байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп, "кылмышка шектүүнү коргоо тартибин бузган" деген айып менен тергөө абагынын башчысы менен орун басары жана айрым кызматкерлер иштен алынган. Анын алдында социалдык тармактарда Дашков менчик клиниканын короосунда бейтааныш адам менен колунда кишени жок, кайтаруусуз отурганы тартылган тасма тараган.

Дашков алгач былтыр май айында кармалып, райондук сот аны үй камагына чыгарган. УКМК ага "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турган кезде, 2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон деп айып койгон.

Андан сырткары, жең ичинен коротулган 490 миллион сом тууралуу да сөз болгон. Дашковдун мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сом деп эсептелген.

Атайын кызмат "Кыргыз темир жолундагы" жемкорлукка шектүүлөрдүн арасында Дашковдун уулу да бар экенин билдирген. Ал экинчи жолу июнь айында кайра тергөө абагына киргизилген.

Дашков аталган ишкананы 2020-жылдын апрелинде жетектей баштаган. Ага чейин директордун орун басары болгон. Коомчулукта анын аты коррупциялык иштерге байланыштуу аталгандан кийин 2021-жылы мартта кызматтан алынган.

Дашков жана анын адвокаттары кылмыш иши, дооматтарга байланыштуу комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG