Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Украинанын министрликтеринин сайттары жапырт киберчабуулга кабылды


Кибер чабуулдун иллюстрациялык сүрөтү.
Кибер чабуулдун иллюстрациялык сүрөтү.

Украинанын чек арасына жыйналган аскерлерге байланыштуу Батыш менен Орусиянын мамилесинин чыңалуусунун фонунда украин мамлекеттик сайттары жапырт кибер чабуулга кабылды. Бул тууралуу 14-январдын таңында Украинанын Билим берүү министрлиги Facebook баракчасында кабарлады.

“13-январдан 14-январга караган түнү жасалган глобалдык чабуулдарга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайты убактылуу ачылбай калды”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Министрлер кабинетинин, Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка мекемелердин сайттарына да чабуул жасалды.

Сайттар өчүрүлгөндөн кийин алардын беттерине “Корккула, мындан да жаманын күткүлө” деген жазуулар калтырылган. Кээлеринде бардык украиндердин өздүк маалыматтары коомчулукка ачык жарыяланып кеткени белгиленет. Айрым сайттарда украин, поляк жана орус тилдеринде жазылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG