Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Мектептерде эки же андан ашык адамдан COVID-19 табылса карантинге жабылат


Бишкектеги мектептердин бири.
Бишкектеги мектептердин бири.

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал күчөп кеткен шартта окуу жайларды жабуу маселесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары карашы керек. Бул тууралуу 14-январдагы онлайн брифингде Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова билдирди.

“Алгоритмге ылайык, билим берүү уюмунда бир адамдан COVID-19 табылса класс жабылат, эки же андан ашык учур катталса окуу жай толугу менен 14 күнгө карантинге жабылат. Окуу процессин бардык санитардык шарттарды сактоо менен жүргүзүү зарыл. Окуу жайларды дезинфекциялоо жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүлүшү кажет. Билим берүү уюмдарында концерттер, чогулуштар, майрамдык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө тыюу салынат”, - деди Касымова.

2020-жылы март айында өлкөдө коронавирус менен алгачкы учур катталганда окуу жайлардын баары аралыктан окууга өткөн. 2021-жылдын сентябрь айынын ортосунда окуу кадимки тартипте башталган.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 14-январдагы маалыматына караганда, вирустан бир адам каза болду. 12-январда Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө вирустун "омикрон" штаммын жуктургандар катталганын жарыялаган. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 586 ​адамдан табылды. (BCh)

XS
SM
MD
LG