Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Депутат Орозайым Нарматова УКМКга суракка кирди


Орозайым Нарматова УКМКга чакырылган себебин билбей турганын айткан.
Орозайым Нарматова УКМКга чакырылган себебин билбей турганын айткан.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова 14-январда Улуттук коопсуздук комитетине суракка кирди. Мунун алдында ал тергөөчүлөрдүн чакырган себебин билбей турганын айткан, бирок саясий ишмердиги, активист болуп жүргөн учуру менен байланыштырган.

"13-январда Жогорку Кеңеште жыйын болуп жатканда кызматкерлер мага чакыруу берип кетишти, себебин айтышкан жок. Чакырууда дагы жазылбаптыр. Күбө катары чакырышты. Бүгүнкү саат 4кө дешкен, бирок мен "макулдашып алып барабыз" дегем. Себеби, бүгүн бизде фракциянын жыйыны болмок. Бирок менин депутаттык макамыма ылайык, алар менин иш бөлмөмө келип сурап деле алышса болмок",-деди депутат.

Атайын кызмат буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.

Активисттин Кыргызстанга бир тууган агасын жерге берүү үчүн келгенде кармалганын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыккан.

Нарматова президент Садыр Жапаров абакта жатканда анын активдүү колдоочусу болгон, бирок Жапаров бийликке келгенден кийин саясатын кескин сындап жүргөн. Президент былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Нарматованын суракка алынышына каршы болгонун маалымдаган.

"Чычкандай кызга эрегишпейм, аны камабагыла деп ИИМден сурандым​. Бирок ар бир журналист болобу, блогер болобу сүйлөгөн сөзүнө жооп бериш керек", - деген Жапаров.

Орозайым Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG