Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:48

Тергөө абактары качан оңолот?


Кыргызстандагы аялдар абагы.
Кыргызстандагы аялдар абагы.

Кыргызстандагы тергөө абактары жана убактылуу камоочу жайлардын имараттары толугу менен жаңылоого муктаж. Тергөө абактарынын айрымдары 120 жыл мурун курулган, авариялык абалда экенине карабай, кылмышка шектүүлөр кармалып турат. Өлкөдө жети гана тергөө абагы бар.

"Камчыбек", "Брежневка", "Акаевка"

Ош шаарындагы №25 тергөө абагын эл арасында "Камчыбектин абагы" деп атап коюшат. Анткени анын имаратын 1897-жылы Курманжан датканын уулу Камчыбек курдуруп, кийинчерээк өзү ошол абакка камалган. Эки кылымдан бери түрдүү кылмышка шектелген түркүн тагдырлардын күбөсү болгон тергөө абагы бүгүн толугу менен авариялык абалда.

№25 тергөө абагынын дубалы менен полу. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.
№25 тергөө абагынын дубалы менен полу. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.

Имараттын жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери отурган жагы да, кылмышка шектүүлөр отурган жагы да түп-тамырынан сүрдүрүлүп, ордуна жаңыдан курууну талап кылат.

"Брежневка" деген аталыштагы имараттын абалы.
"Брежневка" деген аталыштагы имараттын абалы.

Ушул эле тергөө абагында өткөн кылымдын 70-жылдары курулган "Брежневка" жана эгемендиктин алгачкы жылдары тургузулган "Акаевка" деген каймана аталыштагы имараттар да бар. Булардын да абалы "Камчыбектин абагынан" жакшы эмес. "Брежневканын" кармалчу имараты түп-тамыры менен кайра курууну талап кылса, "Акаевка" дегени капиталдык ремонтко муктаж.

Ош шаарындагы №25 тергөө абагы.
Ош шаарындагы №25 тергөө абагы.

Оштогу №25 тергөө абагы Кыргызстандын түштүк аймагындагы эркектер үчүн жалгыз тергөө абагы. Баткенде тергөө абагы жок. Жалал-Абадда кылмышка шектелген аялдар кармалуучу жай гана бар.

Шектүүлөр менен кызматкерлер бир чатырдын алдында

№23 Каракол тергөө абагы 1919-жылы курулган. Шектүүлөр камалган имарат менен катар эле мекеменин кызматкерлери жашаган жай авариялык абалда.

№23 тергөө абагы, Каракол.
№23 тергөө абагы, Каракол.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Караколдогу тергөө абагында иштеген кызматкерлер жашаган жай шектүүлөр кармалган имаратка катар жайгашканын, бул алардын үй-бүлөсү үчүн да кооптуу экенин айтты.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Караколдогу тергөө абагы да курулганына жүз жылдан ашкан. Имараттары эски, авариялык абалда. Ал тургай абакты кайтарган кызматкерлердин турак жайы шектүүлөр кармалган имаратка катар турат. Бул кооптуу. Экинчиден, эч кандай шарт жок. Жуунучу жер, даараткана сыртта. Тергөө абагынын ичиндеги жаза бөлүмү жана камалгандар сейилдөөчү жай ремонтко муктаж. Кызматкерлер терезелери жок, эски имаратта иштешет".

Тергөө абагынын кызматкерлери жашаган жер. Каракол.
Тергөө абагынын кызматкерлери жашаган жер. Каракол.

"Кылым шамы" уюму, Акыйкатчы институту жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери 11-октябрдан 13-ноябрга чейин Кыргызстандагы тергөө абактарынын жана убактылуу камоочу жайлардын абалы менен таанышып келген. Жыйынтыгында дээрлик бардык мекемелердин техникалык абалы начар, айрымдары түп орду менен жаңылоону талап кылса, калган дээрлик бардыгы капиталдык ремон жасалышы керектиги аныкталган.

Бишкектеги №21 тергөө абагындагы жуунчу жай.
Бишкектеги №21 тергөө абагындагы жуунчу жай.

Бишкектеги тергөө абагы 1943-жылы, Нарындагы 1961-жылы, Чүйдөгү эки тергөө абагынын бири 1950-жылы, экинчиси 1963-жылы курулган. Дээрлик баары авариялык абалда.
Чүйдүн Вознесеновка аймагындагы тергөө абагы - жашы жете элек шектүүлөр үчүн. Ал жакта кошумча кылмышка шектүү аялдар да кармалат.

Тергөө абактарынын эң жаңысы - Жалал-Абаддагы аялдар кармалуучу абак - 2016-жылы курулган. Бул имарат жаңы, донор уюмдардын жардамы менен курулганы үчүн эл аралык нормаларга аз да болсо жооп берет. 67 орунга эсептелген бул абакта учурда 38 аял жана 19 жашы жете элек өспүрүм кармалып турат.

Аталган тергөө абагы өлкөнүн түштүгүндөгү кылмышка шектелген аялдар кармалуучу жалгыз абак. Ошондой болсо да алыскы Баткендин Лейлек районунан, Жалал-Абаддын Чаткал, Ала-Бука, Тогуз-Торо сыяктуу алыскы райондорунан кылмышка шектүү аялдар алып келинбейт. Алар өз аймагындагы убактылуу кармоочу жайларда кармалышат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кайсы бир кылмышка шектүү адам убактылуу кармоочу жайда 48 сааттан ашык убакыт кармалбоого тийиш. Сот аны тергөө абагында кармоого чечим чыгарса да, бүгүнкү күнү көптөгөн шектүүлөр убактылуу кармоочу жайларда турушат. Бул маселе октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары комитетинин жыйынында да көтөрүлгөн. Уюмдун өкүлдөрү шектүүнү тергөө абагында эмес, убактылуу кармоочу жайга камоо - кыйноого жатарын белгилешкен.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун башчысы Бактыбек Рысбеков бул маселени Ички иштер министрлиги, алардын жер-жерлердеги башкармалыктары, укук коргоочулар байма-бай көтөрүп келе жатышканы менен чечилбей жатканын айтты.

Рысбеков бүгүнкү күнү соттун "тергөө абагына камалсын" деген чечими турса да, көптөгөн шектүүлөр ИИМдин жергиликтүү бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларында кала берүүдө.

Бакыт Рысбеков.
Бакыт Рысбеков.

"Тергөө абагында бир аз болсо дагы шарт бар. Үч маал тамак каралган. Ал эми убактылуу кармоочу жайларда шарт жок. Тамак-ашы жок. Адам баласын ачка кармоо - бул кыйноо. Жылуулук жок, суу менен камсыздалган эмес, муктаждыктар үчүн чака колдонулат. Адамдардын саны да көп. Нормага ылайык 3,14 чарчы метр жерде 1 адам кармалышы керек. Тилекке каршы бизде андай жерде кеминде 5, болбосо 10-15 адам кармалган учурлар бар".

"Эки аял эмчектеги баласы менен отурат"

Кыргызстандагы тергөө абактарын кыдырып чыккан укук коргоочу уюмдардын маалыматына караганда, быйылкы 1-ноябрга карата ТИЗОлордо 1886 адам кармалып турат. Албетте, бул убактылуу кармоочу жайларында кармалып тургандарды кошпогондо.

Алардын ичинен 113 аял, эки аял эмчектеги балдары менен отурушат, бир кош бойлуу келин бар. Жашы жете элек 41 өспүрүм түрдүү кылмышка шектелип тергөө абагында. Өмүр бою абакка кесилген 77 адам, 36 чет өлкөлүк жаран дагы тергөө абактарында кармалып турат.

ТИЗОлордо кармалып тургандардын ичинен 46 адам оор абалда оорулуу, 2-3-топтогу майыптыгы бар 8 адам кармалып турат. Мониторинг жүргүзгөн укук коргоо уюмдары дээрлик бардык тергөө абактарында медициналык кызматкерлер жана жабдуулар, дары-дармектер жетишсиздигин белгилешүүдө.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюму кылмышка шектелгендер кармалуучу жабык мекемелердин техникалык жактан жакшыртуу, андагы шарттарды эл аралык нормага ылайыкташтыруу үчүн өлкө бийлигине 9 сунуш берди.

Уюмдун юристи Акынбек Ногоевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, жабык мекемелерди кайрадан куруу, жаңылоо жана башка чыгашалар мамлекеттик бюджетке киргизилүүгө тийиш.

"Биз сунуш берип жатабыз. Бир кылымдан ашуун убакыт мурун курулуп, улам жамалып, оңдолуп келе жаткан эски, сыз, эч кандай шарты жок абактарды эл аралык нормаларга ылайыкташтыруу - замандын талабы. Ошондуктан, бул көйгөйдү чечүү үчүн мамлекеттик бюджеттен акча бөлүп, ошол эле учурда эл аралык донор уюмдарды да көмөктөшүүгө чакыруу керек. Андай донорлук каражаттарга тергөө абактары комплекстүү түрдө толугу менен жакшыртылып, курулганы дурус".

Жаза өтөөчү жайлардын бири. Иллюстрация.
Жаза өтөөчү жайлардын бири. Иллюстрация.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Кемел Садыков жабык мекемелердин техникалык абалы тууралуу айтылган бардык сындарга кошуларын билдирди. Ал мекеме кылмышка шектүү адамдарды камап, кайтаруу боюнча өзүнө тагылган милдетти аткарып жатканын белгиледи.

"Биз колубуздан келишинче, кызматкерлерибиздин аракети, эл аралык уюмдардын жардамы менен имараттарыбызды жаңылап, оңдоп, суу чыгарып жана башка шарттарды түзүүгө аракеттенип келе жатабыз. Бирок, имараттарды түп орду менен жаңылоо, шарттарды эл аралык нормаларга ылайыктап түзүү биздин колубуздагы иш эмес. Пандемия учурунда сот жараяндары онлайн болгонуна байланыштуу ар бир тергөө абагында колдон келишинче техникалык жактан жабдып берип жаттык. Бирок сот бөлмөлөрүнүн жана техниканын жетишсиздигинен жараяндарга кезек көп болуп жатканы чындык".

Тергөө абактарынын ичинен Бишкектеги №21 тергөө абагы, Караколдогу, Ош шаарындагы тергөө абактары шаардын ортосунда, эл жыш жайгашкан аймактардан орун алган. Аларды шаардын сыртына чыгаруу боюнча долбоордун сунушу берилген.

Кыргызстанда тергөө абактарынын жетишсиздигинен жүздөгөн адамдар жылдап убактылуу кармоочу жайларда кармалары, алардын укуктары бузулуп жатканы буга чейин да көп жолу көтөрүлүп келген. Өткөн айда Бишкектин Биринчи май райондук соту мамлекеттик органдарды Горбаевага 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Адам өлтүрүүгө шектелип, 3 жылдан ашык аралыкта 6 убактылуу кармоочу жайында, бир тергөө абагында отурган Роза Горбаева 10 млн. сом кенемте өндүрүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган эле.

Кезинде Горбаеванын иши Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитетинде каралып, анда бул аял абакта дискриминацияга кабылган деп табылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG