Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Педофилияны токтотуу: кастрация, сот адилеттиги, баланын укугу


Баланы зордуктаган кылмышкерди хирургиялык кастрациялоо жөнүндө тууралуу мыйзам долбоору 24-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитетинде биринчи окууда жактырылды.

Балдарды зордуктаган кылмышкерди бычуу (хирургиялык кастрациялоо) тууралуу мыйзам долбоору 24-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитетинде биринчи окууда каралып, жактырылды. Депутаттар мындай жол менен жеткинчектерге каршы зомбулук кылгандарга жазаны күчөтүүнү көздөп жатат.

Бирок Башкы прокуратура жана акыйкатчы мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин айтып чыгышты. Укук коргоочулар балдардын укугун да эске алууну суранып жатат.

"Бычуу - Баш мыйзамга каршы келет"

Балдарды зордуктаган кылмышкерди бычуу (хирургиялык кастрациялоо) тууралуу мыйзам долбоору 24-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып жатканда эле кайчы пикирлерди жаратып, кызуу талкууга алынды.

Депутат Гуля Кожокулова педофилдерди хирургиялык жол менен бычуу кыйноого жатарын айтты.

Гуля Кожокулова.
Гуля Кожокулова.

"Конституцияда эч бир адам кыйноого, ырайымсыз мамилеге жана жазага тартылбашы керек деп жазылып турат. Хирургиялык кастрация - кыйноо болуп саналат. Ошондуктан, бул мыйзам долбоорун таптакыр эле күн тартибинен алып салуу керек".

Айрым депутаттар балдарды зордуктаган адамдардын жаза мөөнөтүн узартууну караштыруу жолдорун сунушташты.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаеванын айтуусунда сунушталып жаткан норма Баш мыйзамга карама-каршы келет.

"Бул мыйзам Констиуцияга карама-каршы келет. Анткени ал жерде адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт" деп көрсөтүлүп турат. Кыргызстан 1994-жылы кол койгон Жарандык жана саясий укуктар тууралуу Эл аралык пактта да ушундай жазылган. Бул мыйзам кабыл алынган күндө да жарандар ага каршы Конституциялык сотко кайрылса, алар мыйзамды жокко чыгарып коюшу мүмкүн".

Үмүткан Коңкубаева аталган мыйзам долбоору көп жагынан чийки экенин белгиледи.

"Балдардын талкаланган тагдырычы?"

Ал эми мыйзам долбоорунун автору - депутат Улан Бакасов кылмыш жообуна тартуу боюнча айрым кодекстерге өзгөртүү киргизүү - мезгилдин талабы болуп жатканын белгиледи.

Ал зордукталган, сексуалдык зомбулукка кабылган балдардын да укугун эске алуу зарыл экенин айтты:

“Эмне себептен биз педофилдердин укугуна кабатырланышыбыз керек? Тагдыры сынган, зордукталган балдарды ким ойлойт? Макул, кылмышкер деп айыптап, 15 жылга камадык. 15 жылдан кийин чыгып келип, кылмышын кайталабайт деп ким кепилдик берет?".

Депутат Бакасовдун айтуусунда мындай операциялар жаза аткаруу системасындагы медициналык мекемелердеги саламаттык сактоо органдарында өткөрүлөт.


Аягында комитет көпчүлүк добуш менен бычуу (хирургиялык кастрациялоо) тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берди.

Жогорку Кеңештин регламенти боюнча мыйзам долбоору комитеттерде жана кийин парламенттин жалпы жыйынында үч окуудан өтүп, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Педофилдерди бычуу тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта да кызуу талкууланууда. Дарыгер Бермет Барыктабасова Фейсбуктагы баракчасында мыйзам долбоорун кескин сындады.

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

"Авторлор бул мыйзамды жазып жатканда дарыгерлердин пикирин сурады бекен? Мындай жырткычтык операцияны жасоого бир да өзүн сыйлаган дарыгер макул болбойт. Айрым акыл-эси кем, кылмыштуу аборт, трансплантация, орган сатуу жана башка менен алектенип жүргөндөр гана макул болушу мүмкүн. Зордук көрсөткөндөрдүн маселеси алардын жыныс мүчөсүндө эмес, башында, мээсинде. Алардын жыныс мүчөсүн эмес, мээсин дарылоо керек", - деп жазды ал.

Барыктабасова бийлик зордук көрсөткөндөрдүн жазасын күчөтүп, алардын акча, түрдүү байланыштар аркылуу жоопкерчиликтен кутулуп кетпешине чара көрүүгө тийиш деп эсептейт.

Балдарды зордуктаган адамдардын жазасын күчөтүү чаралары мурда да сунушталып келген. Айрым учурларда педофилдерди өлүм жазасына тартуу талаптары да коюлган.

2013-жылы Жогорку Кеңеш "Химиялык кастрациялоо" жөнүндө мыйзам кабыл алган. Бирок ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев мыйзамды четке кагып, кол коюудан баш тарткан. Атамбаев жазаны катаалдатуунун башка жолдорун табууну, мисалы, өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштаган.

"Педофилдердин жазасыз калышына милиция, сот кызматкерлеринин салымы бар"

2016-жылы Акыйкатчы институту педофилдерди химиялык кастрациялоону кайрадан сунуштап, бирок парламенттин колдоосун таба алган эмес.

Азыркы акыйкатчы Атыр Абдрахматова балдарды зордуктаган адамдардын ишин караган күч органдарынын, сот кызматкерлеринин да жоопкерчилигин күчөтүү зарыл деп эсептейт.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

"Зордук-зомбулук боюнча кайрылганда жарандарыбыздын мыйзамдарды жана укугун билбегендигинен көп учурда милиция кызматкерлери пайдаланып кетет. Милиция ыкчам иштебейт, жабырланган баланын дене боюна физикалык-медициналык, соттук-медициналык экспертиза учурунда дайындалбайт. Убакыт өткөндөн кийин аны далилдөө оор болуп калат. Ушундан улам секелектерди, жаш балдарды зордуктоого айыпталган адамдардын соттон кыска мөөнөткө кесилип же бошонуп кеткен учурлары көп болууда. Ошондуктан, учурда биздин юристтер өз ишин так аткарбаган күч кызматкерлерин жана судьяларды да "кылмышкердин кызыкчылыгына иштеген" деп таанып, жазага тартуу боюнча сунуш даярдап жатышат".

Мындай чараларды балдары зордук-зомбулукка туш болгон айрым ата-энелер колдошууда. Маселен, милиция кызматкерлери зордуктап жүргөнү айтылган 13 жаштагы кыздын атасы педофилдерди бычуу демилгесин жактады.

"Мен бул мыйзамды күттүм эле. Кичинекей кыздарга кол салган айбандарды кастрациялап гана тим болбой, өлүм жазасына тартуу мыйзамын кабыл алышы керек болчу. Андай адам деген атка татыксыздарды бычып, дагы 15-20 жылга камаш керек".

12-январда Бишкек шаардык соту коомчулукта катуу талкууга түшкөн 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жазасын жумшартып, абак мөөнөтүн кыскартты. Райондук соттун чечими менен 15 жылдан эркиндигинен ажыраган эки милиционердин бири - жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектордун жаза мөөнөтү 6 жылга, экинчисинин мөөнөтү 9 жылга түштү. Жабырланган кыздын жакындары соттун бул чечимине нааразы болуп, Жогорку сотко кайрылышкан.


Айрым укук коргоочулар педофилдерди хирургиялык жол менен кастрациялоо жазасы ак жеринен айыпталган адамдарга да колдонулуп калышы ыктымалдыгын айтып чочулашууда. Алардын пикиринде мыйзам чыгаруу бийлиги балдарга карата зомбулуктун алдын алуу чараларын сунуштаганы дурус.

Расмий маалыматтарга караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон, анын бирөө тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган, үч иш кылмышты жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турат, 34ү сотко кеткен, тогузу тергелип жатат. 2021-жылы бул берене боюнча 49, 2020-жылы 17, 2019-жылы 53, 2018-жылы 52 кылмыш иши козголгон.

Балдарды зордуктаган адамдарды химиялык жол менен кастрациялоо ыкмасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Казакстанда колдонулуп келет. Химиялык кастрацияда айыпталуучуга атайын препарат сайылып турат.

Буга жол берген мыйзамга мурдагы президент Нурсултан Назарбаев 2016-жылы кол коюп, 2018-жылы сот педофилияга айыпталган бир адамды химиялык жол менен кастрация кылууга уруксат берген чечим чыгарган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG