Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Акыйкатчы бачабаздарды химиялык кастрациялоону сунуштоодо


Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев парламенттин бейшембидеги жалпы жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук, жаш балдарга карата жасалган кылмыш фактылары көбөйүп баратат. Өткөн жылы жашы жете электерге карата жасалган 1019 кылмыш катталса, анын 182си сексуалдык мүнөздө болгон. 74 бала зордуктоого кабылган.

Кечээ Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бачабаздарды химиялык жол менен кастрация жасоо боюнча мыйзамга кол койду. Химиялык кастрация медициналык мекемеде соттун чечиминен кийин гана ишке ашырылат. Бачабаздарга белгилүү мөөнөткө жарамдуу дарыны колдонушат. (NT)

XS
SM
MD
LG