Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Өспүрүм кыздын зордукталышы: Өкүмдүн жумшарган себеби айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча айыпталгандардын жазасы эмне үчүн жеңилдетилгени тууралуу маалымат берилди. 16-январда шаардык соттун судьясы Мирад Динеев журналисттерге чечим тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, айыпталып жаткандар кылмышка 2021-жылы сентябрь айында барган. Ал кезде Кыргызстанда 2017-жылдагы Кылмыш-жаза кодекси иштеп жаткан. Бирок тергөөчүлөр аларга айыпты 2021-жылдын декабрында күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза кодекси менен коюп, Свердлов райондук соту өкүмүн ошонун негизинде чыгарган.

Айыпталуучунун жазасын катаалдата турган мыйзам өткөн убакытка колдонулбай турганын белгилеген Динеев ошол себептен шаардык сот райондук соттун чечимин туура эмес деп тапканын белгиледи.

Динеев кылмыш иши башынан эле “Зордуктоо” эмес, “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” деген берененин негизинде козголгонун, шаардык сотто иш “мыйзам чегинде, объективдүү жана ар тараптуу” каралганын кошумчалады.

Кыз кабылган окуя тууралуу “Азаттык” 2022-жылдын 2-июлунда "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда ишке милиция кызматкерлери да аралашканы айтылган.

19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш жарыяланганын билдирген.

30-августта Свердлов райондук сотунун чечими менен айыптуу деп табылган эки милиция кызматкери ар бири 15 жылга, ал эми мурда соттолгон дагы бир адам 10 жылга кесилген.

Быйыл 12-январда Бишкек шаардык соту милицияда иштеген эки айыпталуучунун биринин жаза мөөнөтүн алты, экинчисиникин тогуз жыл деп өзгөрткөн.

Жаза мөөнөтүнүн кыскартылышы коомчулукта кескин сын жаратып, шаардык соттун судьяларын айыптаган пикирлер айтылып жаткан.

XS
SM
MD
LG