Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

5 миң катталуучусу бар соцбаракчаларды ЖМК катары каттоо сунушталды


Meta компаниясына таандык социалдык түйүндөр. Иллюстрациялык сүрөт.
Meta компаниясына таандык социалдык түйүндөр. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенттик администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун кайрадан иштелип чыккан жаңы версиясын сунуштады. Мекеме атайын жумушчу топтун мүчөлөрүнүн сунуштарын жана эскертмелерин эске алгандан кийинки документтин долбоорун аталган топтун мүчөлөрүнө жөнөттү.

Жаңы версияда көрүнүп тургандай, массалык коммуникациялар, маалыматтык технологиялар жана байланыш тармагын көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган интернет басылмалардын жана блогерлердин реестрин түзөт. Ага социалдык түйүндөрдө 5 миңден ашык киши жазылган баракчалар да катталат жана алар тараткан кабарлар да аталган мыйзам менен көзөмөлгө алынат.

Президенттик администрация 2022-жылдын 28-сентябрында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

“Адилет” укуктук клиникасы, “Медиа Полиси” институту жана башка бир мекеме-уюмдардын адистери жана медиа-эксперттер мыйзам долбоордо бир катар эл аралык нормалар бузулганын, ал көз карандысыз ЖМКларды жабууга алып келиши мүмкүндүгүн белгилешкен. "Адилет" клиникасы өз экспертизасында, документте "адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар" деген бүтүм чыгарган.

Ошол эле жылдын 15-ноябрында өткөн жыйында президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон. Комиссиянын курамы 7-декабрда бекитилген. Ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG