Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Алматы базарынын мурдагы жетекчилерине эл аралык издөө жарыяланды


Базарды соода катарларынын бири.
Базарды соода катарларынын бири.

Алматынын четиндеги "Алтын Орда" базарынын мурдагы жетекчилерине эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Алматы облустук полиция департаментине таянып кабарлашты.

"Казинформ" агенттиги Данияр Апдигапаров, Жумадин Патов, Канат Жакаев жана Айдос Нуркалиев изделип жатканын жазды. Алар өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка барган деп шектелүүдө.

2022-жылы жазында интернетке Данияр Абдигапаровдун президент Касым-Жомарт Токаевге жолдогон видеокайрылуусу жарыяланган. Анда ал базарды рейдерлик жол менен тартып алышканын айткан.

Маалымат каражаттары Абдигапаров "Алтын Орда" базарынын мурдагы директору жана базарга ээлик кылган компаниянын кожоюну экенин жазышкан. Базардын жетекчилиги алмашканы Январь окуяларынан кийин кабарланган.

Февралда Токаев Алматынын жетекчилигине "Алтын Орда" базарын "тартипке келтирүүнү" тапшырып, бул үчүн аларга эки ай убакыт берген. Анда Токаев аталган базар "көп киреше таба турган жайга" айланганын айткан.

Ага чейин Алматы облусунун Монополияга каршы департаменти Altyn Orda QazTrade LTD компаниясына карата административдик иш ачып, жыйынтыгында сот ишкананын 46 миллион теңгелик кирешесин камакка алган. Мындан тышкары "монополиялык жогорку бааларды койгону үчүн" базар жетекчилигин 1,4 миллион теңге айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG