Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:26

Кордолгон кыздар: милицияга сынды күчөткөн чечимдер


Бишкекте гендердик зомбулукка жана дискриминацияга каршы аялдардын тилектештик жүрүшү. 8-март, 2023-жыл
Бишкекте гендердик зомбулукка жана дискриминацияга каршы аялдардын тилектештик жүрүшү. 8-март, 2023-жыл

Жогорку Кеңеште секелек кыздарга, балдарга жана аялдарга жасалган зордук-зомбулук көбөйгөнү тууралуу маселе көтөрүлдү. Анда укук коргоо органдары зомбулук менен күрөшүү ордуна кордук көргөн кыздарга басым кылып жатат деген сын айтылды.

Соңку учурда жарандык коом кордолгон кыз-келиндерге карата сот чечимдерине жана күч органдарынын мамилесине нааразылык билдирүүдө.

Жогорку Сот зордукталган секелектин ишине чекит койду

Жогорку Сот ушул жумада 13 жаштагы өспүрүмдү зордуктоого айыпталып, 15 жылга кесилген эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир жарандын ишине чекит койду.

Ага ылайык, Ленин райондук милициясынын жашы жете электер менен иштөөчү инспекторунун жазасын алты жылдан 7,5 жылга өзгөрткөн чечим чыкты. Ал үч жыл белгилүү бир кызмат ордун ээлеп, ишкерлик менен алектенүү укугунан да ажыратылды.

Экинчи милиция кызматкери менен үчүнчү айыпталуучу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими күчүндө калды. Алар тогуз жана он жылга эркинен ажыратылган.

Сот залынан акыркы жана даттанууга жатпаган чечимди уккан кыздын ата-энеси "адилет чечим чыккан жок" деп нааразы болду.

Запкы көргөн секелектин атасы Таалайдын (ысымы өзгөртүлдү) айтымында, буга чейин күнөөлүү деп табылган милиция кызматкерлеринин туугандары ага, анын үй-бүлөсүнө басым жасаган.

13 жаштагы кыздын атасы
13 жаштагы кыздын атасы

"Райондук соттун чечими күчүндө калат деп ишенип турганбыз, бирок андай болгон жок. Азыр чыккан өкүмгө макул эмесмин, себеби бул зөөкүрлөр үчүн өтө жеңил жаза. Жогорку Сот 22-мартта эле ишти карап бүтмөк, бирок булардын (соттолгондордун) бири адвокатын алмаштырып, убакытты чойду. Эми болгону 7,5 жыл берди, бул эмне деген шумдук? Кызымдын психологиялык абалы да, ден соолугу да начарлап кетти. Үйдөн ата-эне, бир туугандары менен дээрлик сүйлөшпөйт, кыжырданып, бук болуп жашый берет. Азыр онлайн билим алууда. Ушундай чечим чыкканын ага кантип түшүндүрөбүз? Ал азыр да коркуп турат. Кармалгандардын туугандары үйгө чейин келип, балдарымды, келинчегимди коркутуп кеткенине чыдадык, ал укук коргоо органдарынын көз жаздымында калды. Биздин өлкөдө мыйзам иштебей турганына көзүм жетти".

Жабыркаган кыздын укугун коргоп келе жаткан адвокат Тимур Султанов өкүм чыгаргандар келтирилген бардык далилдерди, аргументтерди эске алган жок деп эсептейт.

Тимур Султанов
Тимур Султанов

"Айрымдар Фейсбукта пикирин жазганы үчүн эле беш жылга чейин эркинен ажыратылып, камалып жатат. Ошол эле маалда мындай оор, өтө оор кылмышка 7,5 жылдык жаза мөөнөтү берилип жатат. Кылмыштын оордугуна, мүнөзүнө, коомдук кесепеттерине жана кылмыштын курмандыгы болуп калгандардын абалына караган жок. Бул адилеттүү чечимби? Кандай дейсиз? Ошентсе да ушундай чечимдерди чыгарып атат. Айта турган сөзүм калбай калды. Себеби, биз канчалаган сот отурумдарында бир эмес, эки милиция кызматкери кайсы мыйзамдарды бузганын, кандай одоно иштерге барганын далилдеп жаттык. Ошол далилдерибиз Бишкек шаардык сотунда да, Жогорку Сотто да эске алынган жок".

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку Соттун өкүмү тууралуу комментарий берди. Анын билдирүүсүндө, айыпталгандарга берилген жазанын азайтылышы Кыргызстанда зомбулуктун көбөйүшүнө жол ачары айтылат.

“Милицияга берилген жазаны жумшартуу - сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын курмандыгы болгон балдар менен аялдардын бетине ачык эле түкүрүү жана бардык зордукчуларды колдогон белги болду”.

Былтыр 2022-жылы 2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери жана дагы эки киши өспүрүмдү зордуктоого шек саналып жатканы тууралуу макала жарыялаган. Мындан кийин аялдарга жана балдарга зомбулук көргөзүүнү токтотуу талабы менен Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Ошол жылы 30-августта Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир жаранды 10 жылга кескен. Быйыл 12-январда Бишкек шаардык соту айыпталуучулардын апелляциялык арызын карап, эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскарткан.

Айзаданын өлүмү

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекованы туура эки жыл мурда 5-апрелде Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен күч колдонуу менен уурдап кетишкен.

Айзаданын киши колдуу болгон сөөгүн Чүйдүн Арашан айылынын четинен 2021-жылдын 6-апрель күнү жергиликтүү тургундардын бири таап, милицияга кабарлаган. Ага чейин кызы байланышка чыкпай жатканын, аны бирөө ала качып кетиши мүмкүн экенин айткан апасы милицияга кайрылып, издөө иштери башталганы менен натыйжа чыккан эмес.

Бул окуяга шалаакы мамиле кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иши эки жыл бою тергелгени менен ал сотко жеткен жок.

Айзаданын таежеси Бактыгүл Шакенова соңку эки жылы адилеттик үчүн күрөш менен өткөнүн айтты.

Бактыгүл Шакенова
Бактыгүл Шакенова

"Милиция кызматкерлери жөнүндө айтсам, эч кандай жыйынтык болгон жок. Биз УКМК, прокуратура органдарына, атүгүл сотко чейин арызданып барганбыз. Анда сот иш жылбай жатканын айыптаган. Бирок андан деле жыйынтык болгон жок. Ошол милиционерлер жоопко тартылмак турсун, кечирим сурап койгон жок. Эң жаманы - Айзаданын ишине шалаакылык менен мамиле жасаган укук коргоо органдарынын кызматкерлери жоопко тартылбады. Алар мындан ары кандай иштейт? Дагы бирөнүн кызынын тагдырына балта чапканга көмөкчү болобу? Милдетин так аткарбагандар көбөйсө, мыйзам кантип иштейт?".

Бактыгүл милиция өз учурунда чара көргөндө Айзаданынын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болмок деп эсептейт.

"Биз телефон чалып, "кызды уурдап кетти" деп айтканбыз. Бул 5-апрель күнү түшкө чейинки билдирүү болчу. Телефон номуру аркылуу дарегин аныктап, шаарда жүздөп орнотулган камераларды караса, тез эле табылмак да. Жөн эле иштегилери келген эмес, алар эл ичинде "салт" деп эсептелинип келген жапайы көз карашка кошулган. Ошол себептен өлүм болду. Айзаданы кое берүү, анын бул дүйнөдө жок экенин кабыл алуу биз үчүн өтө оор. Апасы дагы эле кыйналып турат, ал биз менен дээрлик сүйлөшпөй калды. Чырактай кызыбыздан каратып туруп айрылып калганыбыз үчүн укук коргоо органдары күнөөлүү".

Айзаданын өлүмүнө шектүү катары кармалган беш кишини сот 6,5 жылдан жети жылга чейинки эркинен ажыраткан. Өз милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн 44 милиция кызматкери иштен алынган. Аларга "шалаакылык" беренеси менен иш козголуп, эки жыл тергөө жүрдү.

Айзаданын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, быйыл 8-апрелде бул кылмыш ишинин мөөнөтү аяктайт. Ал ушунча убакыттан бери бир дагы милиция кызматкерине айып тагылып, сот жообуна тартылбай калганын сындады.

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

"Шалаакылык" беренеси менен иш козголуп, тергөө башталгандан 1,5 жыл өткөндөн кийин биз Биринчи Май райондук сотуна кайрылганбыз. Сот "жабырлануучуларга маалымат берилсин", "тергөө ачык өтсүн" деген чечим чыгарган. Андан кийин тергөөчү бизге бир эле жолу телефон чалды. "Бир адамды (милиционерди) жоопко тартып атабыз" деп айткан. Ошону менен башка маалымат ала алган жокпуз. Бул жерде коррупция болуп атат, алар атайын кылмыш мөөнөтүнүн аякташын күтүп отурган. Прокуратура да кызыкдар эмес, себеби алар биригип алып документтерди жасалмалаган".

Адвокат белгилегендей, Айзаданы издөө үчүн укук коргоо органдары убагында жетиштүү аракет көргөн эмес. Кыздын киши колдуу болгон сөөгү табылып, коомдо резонанс жаралгандан кийин гана документтерде "тергөө ыкчам топтору дароо түзүлгөнү, дасыккан адистер ишке тартылганы" жазылып калган.

Кыргызстандагы кризистик борборлор ассоциациясынын башчысы Толкун Тулекова ала качууга байланыштуу иштердин көбү сотко жетпей калып жатканын белгиледи.

“Биздеги сот органдары жана укук коргоо органдарыбыз ишти аягына чейин чыгарбайт. Мисалы, 2019-жылы каралып аткан иштин 83%, ал эми 2020-жылы 89% токтотулган (кыскартылган). 2021-жылы 246 кылмыш иш катталып, анын 89у боюнча иш токтотулган. Өткөн жылдын алты айында болсо 60 иш катталган, бирок алардын канчасы сотко жеткени тууралуу маалымат жок. Бул сандарды карап кайрылуулар азайды десек болот, бирок мындан коом пайда таппайт. Айыптуунун жазага тартылбаганы өлкөдө мыйзамсыздык өкүм сүрө баштаганынан, абал өзгөрбөгөнүнөн кабар берет. Айзаданын да, Бурулайдын да окуясы милиция кызматкерлерин жоопкерчиликтүү болууга үйрөтө албады”.

Кыргызстанда кыз ала качуу – оор кылмыш. Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандар жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат. Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган.

"Милицияга көө жапкан кызматкерлер"

Милициянын сексуалдык ыдык көргөн секелектерге жана кыз-келиндердин ишине кайдыгерлиги парламенттин 6-апрелдеги жыйынында да көтөрүлдү.

“Ички иштер министри ушул боюнча кызматкерлери менен иш алып барса... Жакында эле Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев “мындай иштерге кыздар өз каалоосу менен барат” деп айтты. Ушуга көңүл буруп койсоңуздар”, - деди депутат Винера Раимбачаева.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берген. Анда ал шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар бар экенин билдирген.

Анын билдирүүсү коомчулукта, укук коргоочулар арасында сын, талкуу жараткан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу териштирүү баштаган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ногойбаевдин айткандарын айыптап, өспүрүмдү кордоо оор кылмыш экенин эскерткен.

Жарандык коомдун өкүлдөрү 3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында Ногойбаевди кызматтан алуу талабы менен нааразылык акциясы өткөргөн.

Акцияда “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова президент Садыр Жапаров менен ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылган.

“Кыргызстанда мындай фактылар мурдагы жылдарга караганда эки эсе көбөйдү. Бул абдан коркунучтуу. Буга укук коргоо органдарында таза иштебеген кызматкерлер да күнөөлүү. Ошондуктан Ногойбаев кызматтан кетсин! Бишкекте жакшы иштеген, балдардын кызыкчылыгын коргогон адам иштеши керек”, - деген Турдубекова.

Азамат Ногойбаев журналисттерге маек берип жатып туура эмес сүйлөп алганын моюнга алган. Бирок кызматын тапшыруу тууралуу суроого түз жооп берген эмес.

"Мен "өздөрү" менен деген сөздү колдонуп койгонумду моюнга алам. Эгерде туура эмес айтып алган болсом кечирим сурайм. Мен юрист катары эмес, өз сөзүм менен сүйлөп алдым. Азыркы тапта мыйзамдын негизинде жашы жете элек балдардын укугун коргоо үчүн бардык аракеттер көрүлөт. Мен эч качан кылмышкерди актап, жашы жете элек кыздарды айыптай албайм. Эгер менин айткандарымда ката болсо, кечирип коюуну суранам".

Мындан көп өтпөй, 4-апрелде укук коргоочу Назгүл Турдубекова милиция Фейсбук баракчасын бөгөттөөгө аракеттенгенин айтып, бийликке кайрылды. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы укук коргоочунун айткандарын четке какты.

Сегиз ай мурда ички иштер министри Улан Ниязбеков басма сөз жыйынында ыдык көргөн 13 жаштагы кыздын окуясы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берген. Анда ал "Ички иштер органдарынын кызматкерлери жаман иштерге барганы биз үчүн, өзгөчө мен үчүн өтө уят" деп айткан.

Балдардын укугун коргогон Назгүл Турдубекованын айтымында, 2021-жылы 300гө жакын кыз сексуалдык ыдык көрсө, 2022-жылы бул статистика эки эсеге көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG