Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

"Колун кескилептир". Баланы өз жанын кыюуга түрткөн буллинг


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Буллинг жана кибербуллинг деген эмне? Чыр-чатак менен буллингдин кандай айырмасы бар? Балаңыз буллингге кабылганын кантип байкаса болот жана ага кандай жардам бере алабыз? "Ачык тайм" подкастында окуучулар, психолог, адистер ушул тема тууралуу сүйлөштүк.

Атын атагысы келбеген эне өспүрүм кызы буллинге кабылып, анын кесепетинен колун кескилегенин айтып берди. Ал кызынын колундагы тырыкты бир топ убакытка чейин байкаган эмес. Бул үчүн өзүн күнөөлөп келет.

"Кызым 8-классты аяктап жатат. Бир жолу кызымдын колунан тактарды көрүп калдым. "Аябай окшош кылып тартып алыпсың го" деп карасам, тилинген тери эбак айыгып, тырык калыптыр. Ишенбей фонарикти күйгүзүп карап, жүрөгүм оозума тыгылды. Бул эмне кылганың деп бир-эки жолу чаап дагы жибердим. Бир эмес, бир нече тырыкты көрдүм... Кызым колун жарым жыл мурда кескилегенин айтты. Ошончо убакыт өтсө да байкабаптырмын.


Мектепте классташы күн алыс тийишип жүргөнүн айтып калчу. Классташ баласы кызымды кээде шылдыңдап, сумкасын тээп өтчү экен... Бир жолу барып аны менен сүйлөшүп дагы келгем. Чынын айтсам, балалык мамилелер деп эле койгом. Жакшылап айткан эмесмин, жөн гана "сен чоң жигитсиң тийишпе" дегем. Антип айтканым да жардам бербептир. Көрсө ошондо кызым буллингге кабылып жүрүптүр. Эмнеге колун кескилегенин, ошол учурда эмне сезим болгонун толук деле айтып бере алган жок же айткысы келбедиби? Ичимде түпөйүл ойлор жашап жүрөт... Бул темада такыр сүйлөшкүм келбейт, себебин айтпайт. Өттү- кетти, эми андай кылбайм деп гана коет. Ал теманы козгоштон корком", - деди терең үшкүрүнгөн эне.

Буллинг деген эмне?

Буллинг - бул кимдир бирөөнүн башка адамга үстөмдүк кылып коркутуусу. Мындай көрүнүш атайылап жасалып, кайталанып турат.

Буга адамды кемсинтүү, шылдыңдоо, жаман сөздөрдү айтуу жана жазуу, өз тобуна кошпоо же такыр көңүл бурбоо, зомбулук көрсөтүү, каалабаган нерселерди жасоого мажбурлоо кирет. Өзгөчө өспүрүм курактагылар арасында кездешет.

Биз маектешкен психологдор муну олуттуу көйгөй деп аташты жана мектепте көп кездешерин белгилешти.

Психологдорго сөз берүүдөн мурда адегенде 8-9-10-класстын окуучуларынын пикирин угуп көрдүк:

Окуучу бала: Буллинг - бул кайсы бир окуучунун мугалимдин же теңтуштарынын моралдык, физикалык кысымына кабылышы. Бул жаман көрүнүш. Албетте, бул окуучуга оор тиет. Окуусуна, социалдык жашоосуна жана өзүн алып жүргөнүнө дагы таасирин тийгизет.


Окуучу кыз: Мурдагы мектебимде мен эркек балага окшош болгонум үчүн шылдыңдап, буллинг кылышчу. Ары-бери өткөндө мыйыгынан күлүшчү. Бул мага абдан катуу тийчү жана эч нерсе кыла албай калчумун. Ошондон кийин башка мектепке которулуп кеткем. Депрессия болгом. Ал кезде мен 8-класста окучумун. Ата-энеме ачык эле айтып келгем, ошондуктан алар башка мектепке которушту.

Окуучу кыз: Балдары буллингге кабылганын байкаган ата-энелер деле бар. Бирок азыр балдардын көбү ачылып айта бербейт. Өз көйгөйүн өзү гана чечкиси келет. Ата-эне байкаган учурда психологго кайрылганы жакшы, бул эң туура чечим деп ойлойм.

Окуучу кыз: Бул абдан жагымсыз көрүнүш. Кемсинтет, жаман сөздөрдү айтышы мүмкүн, акча талап кылышы ыктымал. Азыр бизде андай көрүнүш жок, мурда болгон. Негизи бул кенже класстарда болот. Коркутуп урат, моралдык жактан кемсинтет. Андайда эмнеге мени ушинтип жатат деп түшүнбөй, кыйналасың.

Психолог Аида Жанышбекова бул түшүнүккө кенен токтолду. Ал көбүнесе өспүрүмдөр, алардын ата-энелери менен иштешет.

Аида Жанышбекова, психолог.
Аида Жанышбекова, психолог.

"Бул бир адам же топ тарабынан башка бирөөгө көрсөтүлгөн улам кайталанган терс аракеттер. Түртүп, уруп, тепкилеп, буюмдарын ыргытып, кийимдерин жырткан аракеттердин бардыгы буллингге кирет. Андан кийин сөз менен мазактап, шылдыңдап, түрдүү каймана ат коюп, ал жөнүндө улам туура эмес маалыматтарды, жаман-жакшыны айтат".

Буллинг төрт түргө — физикалык, вербалдык, виртуалдык жана социалдык болуп бөлүнөт.

Мунун баары жабырлануучунун маанайына терс таасир этип, суицидге чейин алып барат дейт психолог Айжамал Исамидинова.

"Сөз менен мазактоо вербалдык буллингге кирет. Кийимине, сырткы көрүнүшүнө, кебетесине, тутунган динине, ден соолугуна асылуу болушу мүмкүн. "Сен абдан семизсиң, аксап басат экенсиң" деген сөздөр балага катуу тиет. Көбүнчө балдар буллингдин ушул түрүн көп колдонушат. Социалдык - бул бир окуучуну классындагылар же бир топтогу балдар кошпойт, майрамдарга даярданганда дагы аны эске алышпайт. Физикалык дегенге уруп-сабоо, сумкасын жулуп кетүү, коркутуу кирет. Мындай учурда балдар жакындарына даттанбайт, коркот, ичине катып жүрө берип суицидге чейин барышы ыктымал".

Чыр-чатак менен буллингдин айырмасы эмне?

Психолог Аида Жанышбекова балдар өз маселесин өзү чечсин деп жөн койгон ата-энелер көп болорун, ушул эки нерсени адаштырбоо керектигин белгилөөдө.

"Балдар урушат да, өздөрү чечип алышат, өз алдынча болсун деп көп учурда адашып калышыбыз мүмкүн. Албетте чыр-чатак боло берет, балдарыбыздын андан туура чыгуу жөндөмүн дагы өнүктүрүшүбүз керек. Эгер буллинг болгонун аныктай турган болсок, сөзсүз класс менен чогуу иштешибиз керек. Буллингде жабыркаган алсыз тарап жана күчтүү агрессор болот. Бул атайын жасалган, кайталанып турган аракет. Эгер бир эле жолу болсо чыр-чатак болот. Ошондуктан буллинг болгон класстын окуучулары, ага катышкан тараптар, күбөлөр менен дагы иштешүү керек".

Психолог Айжамал Исамидинованын айтымында, мектепте өз ордун таба албаган бала ар кандай шылтоону айтып, сабакка катышкысы келбей калат.

Айжамал Исамидинова, психолог.
Айжамал Исамидинова, психолог.

"Куугунтукка кабылып, корккон бала мектепке баргысы келбейт. Ал мектепке барбаш үчүн ар кайсы шылтоону издейт же башка мектепке которулууну сунуштайт. Психологиялык жактан дагы ошол окуучуда өзгөрүүлөр көп болот. Аны ата-эне дагы байкап турушу керек. Ар бир баланын колу тытылдыбы, бир нерсеси жоголдубу, кийими кир болуп келдиби, балким аны сабашкандыр ошол көрүнүштөргө көңүл бурушу керек. Кыздар андай учурда ыйлаак, унутчаак болуп, эч нерсеге көңүлү чаппай калат. Эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт. Сүйлөшөйүн десе ата-энесинин убактысы жок, кийин деп коюшу мүмкүн. Бул көйгөй жаралбаш үчүн комплекстүү түрдө мугалим, ата-эне, окуучу, психолог менен чогуу иштеш керек".

Жаш юристтер тобу өткөн жылы Кыргызстандагы окуучулар арасындагы буллинг боюнча изилдөө жүргүзүшкөн.

Буга байланыштуу долбоорлордун координатору, юрист Наргиза Жеңишеванын айтымында, ага 400дөн ашуун ар кандай курактагы окуучулар, 20дай мугалим катышкан. Сурамжылоого катышкандардын бир бөлүгү мугалимдер өздөрү кээде билип-билбей кайсы бир окуучуну кемсинтип, буллингге жол ачып коерун айтышкан. Изилдөөдө бир окуучу таштанды терип иштегенин, мугалим урушкандан кийин классташтары кодулап, кемсинткенин айткан.

"Кээ бир окуучулар мугалимдер өздөрү билип-билбей буллингге түрткү берип калышы мүмкүн деп айтышты. Мисалы класста, башка окуучулардын көзүнчө шылдыңдап же урушуп койсо ал теңтуштары тарабынан буллингге же кибербуллингге кабылышы мүмкүн" деп жазышкан.

Кибербуллинг деген эмне?

"Акыркы жылдары социалдык тармактардын өнүгүшү менен кибербуллинг деген түшүнүк жайылып кетти. Бул аты айтып тургандай эле социалдык тармактар, электрондук почта аркылуу адамды мазактап, шылдыңдап, негативдүү комментарийди улам-улам жазган иш-аракеттерди айтабыз. Изилдөөдө эң көп кибербуллинг кайсы тармакта экени көрсөтүлгөн. Твиттерде - 9%, Ютубда - 10, Вотсапта - 12%, Снэпчатта - 31, Фейсбукта - 37%, эң көп Инстаграм - 42% деп көрөтүшкөн", - деди Аида Жанышбекова.

Изилдөөдө окуучулардын көбү кибербуллинг тууралуу маалыматы бар экенин айтышкан, теңинен көбү өздөрү же жакындары ага кабылганын билдиришкен.

Юрист Наргиза Жеңишева мугалимдердин бул көрүнүшкө мамилесин айтып берди.

"Окуучулар өздөрү же жакындары кибербуллингге кабылганын айтышкан. Ал эми мугалимдер дагы бул эмне экенин билебиз деп жооп беришкен. Окуучу буллингге кабылганын кантип байкаса болот деген суроого сабакка болгон жөндөмү начарлап, классташтары менен мамилеси келишпей, сүйлөшпөй калганынан билинет деп жооп беришкен".

Балага тийгизген таасири

"Буллингге кабылганда балабы, чоң кишиби өзүнө ишеними жоголот, өз баалуулугу төмөндөйт. Ар кандай психосоматикалык оорулар пайда болот.

Кыз балдар жардам алгысы келип ата-энесине кайрылышы мүмкүн, мугалимге айтышы ыктымал. Эркек балдардын арасында "өзүм чечейин, айтсам алсыз болуп калам, чече албасам чыдап жүрө берем" дегендей учурлар көп кездешет.

Башка кесепети - социофобия пайда болушу мүмкүн. Бул дагы эң чоң кесепеттердин бири. Негативдүү тажрыйбаны башынан өткөргөнү үчүн өзү кааласа дагы адамдар менен мамиле түзүүдөн баш тартып, чөйрөгө аралашуудан коркуп калат", - деди Аида Жанышбекова.

Психолог ушундай көрүнүштөрдөн улам self-harm же өзүнө зыян келтирген өспүрүмдөр бар экенин да кошумчалады.

Self-harm (Селфхарм) деген эмне?

Селфхарм (англ. Self-harm) – өзүнө атайылап зыян келтирүү дегенди түшүндүрөт. Ага денесин кескилөө, күйгүзүү, тиштеп терисин сыйруу, чачын жулуу, өзүн өзү же башка бир нерсени катуу чабуу, зыяндуу заттарды ичүү (уу, дары ж.б.), тамакты өтө көп жеп же такыр тамактан баш тартуу, бийик жерден секирүү сыяктуу көрүнүштөр кирет. Булардын бардыгы кокустан эмес, атайылап жасалганы менен айырмаланат.

"Азыркы учурда өспүрүмдөр арасында эң көп кездешкен кесепет - селфхарм. Эмоционалдык оору ушунчалык жогорку деңгээлде болгону үчүн аны денесине которгусу келет. Ошондон кийин өзүн жеңилдеп калгандай сезишет", - деди Жанышбекова.

Адистер жогоруда айтылган жагдайларга кабылган окуучуларга сөзсүз психологго же социалдык педагогго, ата-энесине кайрылууну сунушташат. Ата-энелер менен мугалимдерге балдардын абалына көз салып туруу керектигин эскертишет.

Балаңызды буллингден кантип коргойсуз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:25 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG