Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

"Телефондун айынан балдардын тили кеч чыгууда"


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жеке маалыматтарды кантип коргоо керек? Мындай кырдаалга туш болгон балдардын психологиялык абалы жана аларга жардам берүү, реалдуу жана виртуалдык байланыштын балансын кантип сактайбыз?

Бул суроолор Бишкекте "Кыргыз интернет коому" жана "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду менен биргеликте өткөргөн "Балдарды интернетте коргоо жана колдоо" деген аталыштагы онлайн-форумда талкууланды.

​"Көпчүлүк агрессия, зыяндуу контенттерди көрөт"

Талкууга катышкан "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда пайдалуу платформалар жокко эсе экенин коңгуроо кылды.

Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

“Ар бир күнү балдар үчүн санарип дүйнөсүндөгү колдоо мүмкүнчүлүктөрүн жана коркунучтарды билишибиз керек. Кыргызстанда 6 миллион адам жашаса, алардын колунда 9 миллион гаджеттер бар экен. Статистикага таянсак, интернет колдонуучулардын 15 гана пайызы керектүү маалыматтарды пайдаланса, көпчүлүгү агрессия жана зыяндуу контенттерди көрөт. Бул чоң трагедия. Балдардын кибербуллинг же болбосо коркутуулар менен коштолгон оюндардын курмандыгы болгонуна да күбө болгонбуз. Буга чейин “Көк кит”, “Тынч үй” деген коркунучтуу оюндар чыккан. Биздин бир таанышыбыздын жалгыз эркек баласы да ошол “Көк киттин” курмандыгы болгон".

Кендирбаева өз сөзүндө балдардын интернет сазына батып жатканынын себептерин да айтты.

"Бүгүнкү күндө санарипти туура пайдалануу боюнча мамлекеттик деңгээлдеги мастер-класстар жок, жалпы көрүүчүлөр маалыматты талдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырап турат. Албетте, интернетсиз да жашоо жок. Бирок ар бир ата-эне өз баласына жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Санариптин жакшы да жактары бар. Бирок ата-энелер үчүн пайдалуу санарип платформалар жок. Биздин фонд азыр бешик ырларын жаздырдык. Ошондой эле “Үчтөн кийин кеч” деген ата-энелер үчүн атайын онлайн платформабыз бар. Мындан сырткары “Бешке чейин үлгүр” деген маалыматтык платформаны да баштадык. Ал эми “50+” аталышындагы долбоор менен пенсия курагындагы адамдарга ар кандай социалдык төлөмдөрдү жүргүзүүнү, санарипти пайдаланууну үйрөтүп жатабыз. Бирок бул да аздык кылат”.

Баланы сен тарбиялабасаң, смартфон “тарбиялайт”

Өспүрүмдөрдүн интернетке байланышкан көйгөйлөрү тууралуу кеп болгондо, тили кеч чыгып жаткан бөбөктөр да айтылбай койбойт. Бул маселени онлайн талкууда балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис, педагог Элиза Темирбекова да көтөрдү.

Элиза Темирбекова.
Элиза Темирбекова.

“Мен он жылдан бери алты жашка чейинки балдар менен иш жүргүзүп келе жатам. Көбүнчө жаш энелер чөнтөк телефонго балдарды алаксытуучу, “бала кароочу” буюм катары карап калышты. Бирок зыяндуулугун көпчүлүк капарга албайт. Мектепке чейинки балдардын туура өнүгүүсүнө гаджеттер менен интернет көбүрөөк тоскоолдук жаратат. Алты жашка чейин баланын 70 пайыз мээси өрчүйт. Мээсинин туура өрчүшү үчүн биз балага кыймылдаганга шарт түзүшүбүз керек. Алар телефон кармаганда, кыймылы дээрлик азаят. Телефон баланын кыймылына эле эмес, угуу жөндөмүнө да зыяндуу. Телефондогу үн менен жандуу үндүн айырмачылыгы чоң. Бала сүйлөөнү үйрөнгөндө бирөөнүн сөзүн ооздун кыймылына салыштырып, шайкеш келтирип анан үйрөнөт. Өз тажрыйбамдан алып карасам, мындан он жыл мурун үч жашка чейинки он баланын ичинен бирөөнүн эле тили чыга элек болсо, азыр он баланын жарымы сүйлөбөйт. Керек болсо беш жашка чейин так сүйлөй албагандар келет".

Адистер балдарды үч жашка чейин реалдуу дүйнө менен көбүрөөк алек кылып, телефон, компьютерлерге жолотпоону эскертишет.

Анткени реалдуу дүйнө менен мултьфильмдер дүйнөсүн ажыратканды биле элек бөбөк өзү интернеттен көргөн түрдүү, түшүнүксүз каармандын образын эс тутумуна сактап калуу коркунучу бар.

Ошондой эле айрым адистер баланы тамактандырып жатканда да гаджеттерден алыс кылууну сунушташат. Алар бала смарфонго алаксып эмне тамак жегенин, канча жегенин билбей, тамактануу режими бузулуп, ден соолугуна залал келерин жүйө кылышат.

Өнүккөн өлкөлөр балдарды интернеттен кантип коргойт?

KG Analytics интеллектуалдык коомдун санарип аткаруучу жетекчиси, онлайн методист Сымбат Сатыбалдиева Жапонияда жашайт. Ал бул өлкөдө балдарды интернетте коргоо жана колдоо багытында кандай тажрыйба колдонорун айтып берди.

Сымбат Сатыбалдиева.
Сымбат Сатыбалдиева.

“Жапонияда технология коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ошондуктан башталгыч класстын окуучуларынан баштап ар биринде планшет бар. Анын ичинде атайын тиркеме аркылуу билим алат. Мындан сырткары сабакта Ютуб сыяктуу жалпы тиркемелерди да колдонот. Чет тилдерин үйрөнүү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо үчүн анимациялык видеолорду да көрүшөт. Илимий сабактар тууралуу китептеринин ичинде QR-коддор жайгаштырылган. Бирок Жапонияда жалаң эле санарип түрүндө эмес, кадимки доска аркылуу да жандуу сабактар өтөт. Ал эми окуучулардын коопсуздугу жакшы. Башталгыч мектептеги ар бир окуучу сигнализациясы бар таякча колдонот. Чоочун киши жолукса таякчаны басып, үн чыгарышат. Саат кечки 5те Жапониянын бүткүл аймагында музыка ойнолот, муну уккан балдар үйүнө кетет. Смартфондон алыстатууну да жапондор мыкты өздөштүргөн. Кечки саат 9дан кийин атайын система аркылуу планшеттер иштебей калат. Ата-энелери балдары менен назик, маданий тилде гана тарбия берет”.

IT адиси Бакыт Абдишев Америкада жашайт. Жубайы экөө бир кыз, бир уулду тарбиялашат. Абдишев идеологиясы күчтүү, өнүккөн өлкөдө туруп, балдарыңды кыргыз кылып тарбиялоо, улутуңдун каада-салттарын үйрөтүү өзүнчө бир зор жумуш экенин айтууда.

"Бала төрөлгөндөн кийин анын ар бир жашында ата-эне көңүл бурушу керек. Ал үчүн ата-энеси көп окушу маанилүү. Бизде мектепте бала тарбиялоо боюнча эч нерсе үйрөтпөйт. Бала ата-энесинин кыймылын көрүп түздөнөт. Азыр советтик тарбия деген да бул жаңы заманга туура келбейт, андыктан биз жаңыча тарбиялаганды үйрөнүшүбүз керек. Маселен, балабыз бирге чыкса, биз да бирге чыгып, жашына карап мамиле кылып, баладан дайыма бир кадам алдыда жүрүшүбүз абзел. Бала тууралуу эмгектерди окушубуз керек. Балаңыз өзгөргөнүн байкасаңыз, “сен эмне үчүн өзгөрдүң” деп, аны жарга такагандын ордуна, эмне үчүн өзгөргөндүгү тууралуу маалыматтарды окушуңуз керек.

Бакыт Абдишев.
Бакыт Абдишев.

Абдишев учурда балдар интернетте көбүрөөк мазактоого кабыларын, андан кантип сактануу керек экендигин да учкай айтып өттү.

“Балдарды интернеттин зыяндуулугунан коргоо тууралуу кеп кыларда алгач кибербуллинг тууралуу сөз кылайын. Муну кыргызча шылдыңдоо, намысына шек келтирүү деп которуп койсок болот. Мындай шылдыңдоо окуучуларда мурда офлайн түрүндө болуп келсе, азыр онлайнга өттү. Бул көбүрөөк коркунучтуураак. Азыр дүйнө жүзү бул жаатта көп долбоорлорду иштеп жатат. Биз канткенде анын алдын алабыз? Кибербуллингден кантип сактанса болот? Биринчиден, балдар соцтармактардагы ачкан аккаунттарын коддор менен жакшылап коргошу керек. Башка классташтары кирип сүрөт жүктөп же жазбагыдай болушу керек. Экинчиден, балдар өзүнүн жашаган дарегин, телефон номерлерин эч ким менен бөлүшпөшү керек”.

Америкада педиатрлар беш жаштан ылдый балдарга телефон эмес, чоң экрандарды да каратпоону сунушташат. Маалыматтарга караганда мурда мындан да улуу курактагыларга тыюу салынган.

Адистердин кызыктуу, ары пайдалуу онлайн форуму Zoom платформасында өтүп, Ютуб жана Фейсбук аркылуу көрсөтүлдү. Ага Кыргызстандын булуң-бурчунан айрым жарандар катышты. Алардын кээ бири балдарынын смартфонго байланыштуу көйгөйлөрүн жазып жатышты.

Ата-эне жоопкерчилиги

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда мамлекет башчы Садыр Жапаров ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маселени козгоп, бала адам болуп чыгышы үчүн татыктуу тарбия берүү керектигин айтты.

Президент мамлекеттен кандай гана жардам берилбесин, эң негизги мээримди жана камкордукту бала өзүнүн бекем, туруктуу жана мээримдүү үй-бүлөсүнөн аларын белгилеп, бала тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду чоң экенин кошумчалады.

“Ата-энелерге балдарына туура таалим-тарбия берүүнү эч качан кечиктирбеш керектигин эскертчүмүн. Ата-бабаларыбыздын калтырып кеткен нарк-насилдери менен балдарыбыздын келечегин эртең эмес, мына бүгүн, азыр алдын ала ойлонуп, алардын адам болуп чыгышына татыктуу тарбия берүү абзел”, - деди Жапаров.

Мамлекет башчысы балдарга кам көрүү маселеси мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп эсептелерин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров "Наристе" фольклордук фестивалында. 1-июнь, 2022-ж.
Президент Садыр Жапаров "Наристе" фольклордук фестивалында. 1-июнь, 2022-ж.

“Жамгыр” басма үйүнүн директору Толкунбек Арсен уулу өспүрүмдөрдү бир нерседен коргоо үчүн ага сөзсүз түрдө альтернативдүү жолдорду табуу керек деген пикирде.

“Телефонду 6-8-класста окуган балдарым активдүү колдонот. Бул муундун балдары баары бир интернетке, гаджет, смартфондорго ыктап турат экен да. Алардын эмне көрүп жатканын ачып алып текшербейм деле. Ашыкча тентек деле эмес, телефонду ташта деген убакта ташташат. Чогуу китеп окуйлу десем окушат. Терс маалыматтарды көрүп жатат деп деле ойлобойм. Болгону согуш оюндарын ойнобогула деп айтам. Мындан сырткары күндө бир саат китеп окутам, анан спортко кызыктырайын деп, теннис столдорун, турниктерди жасап бергем. Таптакыр эле тыйып койгон болбойт. Жеке өзүмдүн балдарымдын тартибинен кооптонгон жокмун”.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) изилдөөсүнө ылайык, күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу интернет мейкиндигине кошулат. Ал эми M-report жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 60% интернетте өзүн коопсуз сезишет.

Кыргызстандын 6,7 миллион калкынын 2,5 миллионун 18 жашка чейинки курактагы балдар түзөт. Майыптыгы бар балдардын расмий саны 30 миңдин тегерегинде, бирок укук коргоочулар бул көрсөткүч кыйла жогору экенин айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG