Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Ден соолугу начар, депрессияга түшкөн өспүрүмдөр. Болочок кандай болот?


Бишкектеги мектептердин бири.
Бишкектеги мектептердин бири.

Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен начар экени ЮНИСЕФтин жаңы изилдөөсүндө белгилүү болду.

Анда 10 жаштан 24 жашка чейинкилердин көзү жакшы көрбөй, сөөк түзүлүшүндө кемтик көп экени белгиленген. Өспүрүмдөрдүн 40% гана эртең менен тамактанса, 21% гана күнүнө бирден же экиден мөмө-жемиш жейт. Шекер кошулган шириндиктерди, газдалган суусундуктарды ичкендер 30% ашат.

"Тазалыкка көңүл бурууга шарт жок"

Сокулук районунун Манас айылындагы Ат-Башы мектеби 600 орундуу, бирок азыр коңшу ондон ашуун айыл, дачадан келген 3,5 миңдей бала окуп жатат.

Мектептин директору Рахат Мырзабекова окуучулар көп болгондуктан, тазалык талаптарын аткаруу

"Өспүрүмдөрдүн ден соолугуна биринчи кезекте ата-энелер кайдыгер. Аларга эртең менен толук кандуу тамак бербей эле акча карматып коюшат. Арзыбаган тыйынга балдар арзан таттууларды, газдалган суусундук, чипсы, кириешка, курут сатып алышат. Мунун баары өсүп келе жаткан организмге зыян да. Чоң класстагы балдар электрондук чылым тартып жатышат. Психологиялык жактан жабыркаган балдар аябай көп, анын ичинде суицид биринчи орунда турат. Ата-энелер баланы жакындарына таштап миграцияга кетишет, балдары аябай кыйналат. Сабакты да жакшы окуй алышпайт, жүрүм-турумдан да аксайт. Ушуларга жардам берүү үчүн мектепке психологдун, медайымдын штатын ачып койсок сонун болмок. Ички миграция ушунчалык көп болгондуктан, ар бир класста 50дөн бала отурат, нормадан 5-6 эсе ашык. Мугалимдер жетишпейт, мектепте санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо мүмкүн эмес. Балдардын кабыл алуусу да аябай начар".

"Ден соолукка кам көрүүнү блогерлерден эле үйрөнүп жатабыз"

Малика Мухамедкалиева Борбор Азиядагы Америка университетин жаңы бүткөн. Ушул тапта жаштардын IDEA дебаттык борборунда иштеп, өспүрүмдөргө сергек жашоо, гендердик теңчилик боюнча маалымат берип келет. Ал өзүнөн кичүү жана өзү курактуу балдардын азыктануусундагы кемчиликтер тууралуу буларга токтолду.

"Бизде эртең менен көбүнчө тамакка табитибиз тартпайт, себеби уйкубуз начар Кеч уктайбыз, эртең менен тура албай кыйналабыз. Турсак деле тамак ичкибиз келбей, окууга, мектепке кетип калабыз. Узак, ден соолукта жашаш үчүн жакшы укташ керек, эрте сегизде же тогузда эле жатыш керек деп жатышпайбы, биз анте албайбыз да. Эң эрте дегенде түнкү 12де уктайбыз, эртең менен маанайыбыз чөгүп, араң эле турабыз. Анан түшкө маал курсак ачып, оңой даярдалган азыктарды алып жеп, кола сыяктуу суусундуктарды ичип жүрүү бизге жеңилирээк. Мага деле эрте туруш аябай кыйын, эртең менен үйдөн тамактанбайм, анткени сабакка кечигип каламбы деп жанталашып чуркап жөнөйм. Туура тамактаныш үчүн акча болушу керек, жашылча-жемиштерди алганга караганда бир сэндвич же кириешка алып жеген арзаныраак, ошого карап да туура тамактанбай жатат окшойбуз. Жашылча-жемиштерде пестициддер бар, дарыланган деп эле айта бергендиктен, эмнени кайсы маалда жеп, кантип сатып аларыбызды билбейбиз. Мектептен, ал тургай жогорку окуу жайдан деле бизге кантип туура тамактануу керек экенин бир да жолу айтып, үйрөтүп коюшпайт. Туура тамактануу же гигиенага байланыштуу маалыматтарды биз көбүнчө социалдык тармактардагы блогерлер, инфлюенсерлерден көрүп, билип үйрөнөбүз".

Тиштин тазалыгы

Изилдөөдө өспүрүмдөр арасында азыр орчундуу болуп жаткан көйгөй катары кыймылсыз жашоо образы белгиленген. Мектеп курагындагы балдар орто эсеп менен күнүнө жок дегенде бир саат кыймылдашы керек. Азыр балдардын 20% гана күнүнө бир сааттай кыймылдайт, айрыкча кыздар эркек балдарга караганда көп кыймылдабайт экен.

ЮНИСЕФтин изилдөөсүндөгү дагы бир кызык факт. Балдардын көпчүлүгүнүн тишине курт түшкөн, пародонтоз деген бүйлө оорусунан жабыркашат. Буга негизинен ооз көңдөй саламаттыгына көңүл бурбоо себеп болот. 15 жаштагы кыздардын 53% тишин күндө эки жолу тазалайт, калганы бир жолу гана жууса жууйт, жуубаса жок. Ал эми эркек балдардын 35% гана тишин күнүнө эки жолу жууй турганын айтышкан.
  • 10-11 жаштагы балдардын 42% жашоосуна ыраазы. Бирок 15 жаштан улууларда нааразы болгондор басымдуу.
  • 15 жаштагы эркек балдардын 3% чукулу дайыма алкоголь ичет.
  • 10-24 жаштагы жаштардын 59% жок дегенде бир ирет жыныстык катнашка барган.
  • Өспүрүмдөрдүн 2,6% депрессиядан жабыркайт.
  • Акыркы он жылда суициддик мүнөздөгү жүрүм-турум 22,6% көбөйгөн.
  • 10-19 жаштагы кыздардын 24,8% ички жана тышкы миграцияда.
  • 10-24 жаштагылардын 21,6% аз кандуулук менен жабыркайт, 40% чукулу белоктуу азыктарды - эт, жумуртканы тое жебейт.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Гүлзат Маймерова өспүрүм курактагы балдардын ден соолугундагы орчундуу көйгөйлөрдү санап берди:

"10-19 жаштагы өспүрүмдөрдүн ден соолугуна байланыштуу маселе аябай көп. Ата-энелердин жумуштан колу бошобойт же көбү миграцияда. Кыймыл менен жашаган өспүрүмдөр аябай азайды. Мурдагыдай көчөгө чыгып топ ойногон, кубалашкан жеткинчектерди чанда эле кездештиребиз. Балдардын дээрлик баары азыр смартфон, планшет сыяктуу гаджеттерге байланган. Жалаң эле телефон менен балдар отуруп калгандыктан, сөөк түзүлүшү начар болуп, май тамандар көп, омурткасы кыйшайып калгандар арбын. Өспүрүмдөр арасында депрессия арбын болгондуктан, суицидге жакындар да көбөйдү. Суициддик абал бүтүндөй бир кыймылга айлангансыйт. Гаджеттер балдардын көзүнүн курчун да алууда. Көзү жакшы көрбөй калган өспүрүмдөр өтө тез көбөйүүдө. Физикалык активдүүлүк кылбаган балдар аябай көп. Мурда балдар менен кыздар мектептеги дене тарбия сабаганы активдүү катышчу. Азыр эптеп эле барып келишет. Биздин балдардын көбү эле эртең менен тамкатанбайт. Бизде мөмө-жемиш көп өскөнү менен балдарыбыз жебейт экен, тескерисинче шекери көп кола, фанта ичишет".

Балдардын келечеги: Маселе кантип чечилет?

Манас айылындагы мектептин директору Рахат Мырзабекова маселени чечүү үчүн алгач ата-энелерди окутуу керек жеген пикирде.

"Менимче, биринчи кезекте ата-энелерди окутуш керек. Себеби көпчүлүк ата-энелер балага кам көрүүнү билбейт. Бир жагынан жакырчылык да кендирди кесүүдө. Өздөрү деле аз акчага сапаттуу жашаса болорун түшүнүшпөйт, эптеп эле баланы мектепке жиберип коюп, кулак-мээм тынч болсо дегендер көп. Көпчүлүк сыртта миграцияда болгондуктан, балдардын психикасы, ага кошулуп ден соолугу катуу жабыркоодо. Миграцияга кетпеген ата-эне деле чипсы сатып ал деп акча бергендин ордуна бир сабиз, бир помидор же бир алма алып, аны бөлүп-бөлүп сумкасына салып берип коюш ойлоруна да келбейт. Башталгыч класстагы балдарга эртең менен кошумча тамак беребиз, курсактары ток, кабыл алуусу жакшы болуп, сабакта көңүлдүү отурушат. Ал эми жогорку класстагылар эмне жеп жатканы белгисиз. Газдалган суусундуктар, пайдасыз азыктар колдорунан түшпөйт".

Өспүрүмдөрдүн саламаттыгына багытталган изилдөө Саламаттыкты сактоо министрлиги, БУУнун балдарды коргоо фонду (ЮНИСЕФ) жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көмөгү менен ишке ашкан.

Кыргызстанда Бишкек шаары, Чүй, Ош, Нарын облустарынын мектеп окуучулары сурамжыланган.

WorldPopulation порталынын акыркы маалыматына караганда, Кыргызстанда 10 жаштан 19 жашка чейинки 1 млн. 233 миң өспүрүм бар. Алардын теңинен көбү эркек балдар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG