Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Климаттын өзгөрүүсү уйкуга таасир этүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Климаттын өзгөрүүсү дүйнө элинин уйкусун кыскартууда. Канадалык окумуштуулар 50 жылдан бери дайыны чыкпаган, бирок жок болуп кеткени расмий таанылбаган жаныбарлардын санын атады. Карылыктагы жалгыздыкка алып келчү жагдайлар айтылды.

“Азаттык” илимдеги соңку жаңылыктардын топтомун сунуштайт.

Климаттын өзгөрүүсү уйкуга таасир этүүдө

One Earth илимий журналына жарыяланган Копенгаген университетинин окумуштууларынын илимий изилдөөсүнө ишенсек, климаттын өзгөрүүсү дүйнө элинин уйкусун кыскартууда. Дүйнө элинин уйкусуна жасалган анализге ылайык, климаттын өзгөрүүсүнөн улам абанын температурасынын жогорулашы адамдын жылдык уйкусун 11 түнгө кыскартты.

Окумуштуулар ар кайсы континенттеги 68 өлкөдөгү 47 миң адамдын түн уйкусуна байкоо жүргүзүп, түнү 30 градустук температура сакталган учурда уйку орточо 14 мүнөткө кыскарарын аныкташкан. Аптаптан сактачу ар кандай шаймандарга каражаты жок калкынын кирешеси аз өлкөлөрдө уйкунун кыскарышы курч бойдон. Ошондой эле кары-картаңдар, балдар да көбүрөөк жапа чегишет.

Күнүмдүк жашоодо уйкунун жетишсиздигинин кесепети анчейин билине бербегени менен жалпысынан бул нерсе адамдын психикалык, физикалык жана эмоционалдык ден соолугуна таасир этери жашыруун эмес.

Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, 2099-жылга дейре адамзат зыяндуу заттарды абага чыгарууну кыскартып, температуранын жогорулашына таасир этпесе, аптаптуу түндөр жылдык уйкуну 58 саатка чейин кыскартышы мүмкүн.

Булак: ScienceAlert

“Дайынсыз кеткен” жаныбарлардын 500 түрү

Канададагы Саймон Фрейзер университетинин окумуштууларынын айтымында, 50 жылдан бери дайыны чыкпаган, бирок жок болуп кеткени расмий таанылбаган 562 жаныбар бар.

Мындай тыянакка келүүдөн мурда окумуштуулар Жер бетиндеги омурткалууларга глобалдык баалоо жүргүзүшкөн. Ага катар эле Жаратылышты сактоо боюнча эл аралык уюмдун баасы боюнча жок болуп кетүү коркунучу торуп турган жаныбардын 32 802 түрү жөнүндө маалыматты анализдешкен.

Анын натыйжасында, 1500-жылдан бери Жер бетинен 311 омурткалуу жаныбар жок болгону белгилүү болгон. Эсепке ылайык, жок болгону расмий таанылбаган, бирок дайыны чыкпай жаткан жаныбарлар андан көптүк кылууда. Адатта “Кызыл китепке” акыркысы өлгөн жана ал түрдүн жок болгонуна шек жаралбаган жаныбарлар киргизилет. Бирок муну текшерүү кыйла оор. Маселен, жаратылышта 172 жыл бою кездешпеген куштун түрү 2020-жылы табылган учур кездешет.

Канадалык окумуштуулар дал ушундай кийин кайра “кайтып келиши” мүмкүн болгон жаныбарлардын түрлөрүнө токтолушкан. Алардын эсебине ылайык, дайынсыз кеткендердин 257си сойлоп жүрүүчүлөр, 137 түрү жер-сууда жашоочулар, 130 түрү сүт эмүүчүлөр жана 38 түрү куштар.

Булак: Independent

Карылыктагы жалгыздыкка эмне алып келет?

Австриядагы Вена экономика жана бизнес университетинин социологу Софи Гутмуллер жаңы изилдөөсүндө, адамдын жеке мүнөзү жана бала кезиндеги айрым жагдайлар улгайгандагы жалгыздыкка себеп болушу мүмкүн экендигине токтолду.

Изилдөөчү Европадагы улуттар аралык ден соолук, улгаюу жана пенсияга чыгуу боюнча жасалган ири изилдөөдөгү маалыматтарды колдонгон. Анда 50 жаштан өткөн европалыктардын ден соолугу, социалдык-экономикалык статусу жана үй-бүлөлүк абалы изилденген.

Натыйжада, жалгыздыкта өмүр сүргөн 50 жаштан өткөн адамдар бала кезинде дос күтүшкөн эмес жана апалары менен жакшы эмес мамиледе болушкан. Ошондой эле жетишпеген турмушта чоңоюу да таасирин тийгизбей койбошу белгилүү болду. Адамдык мүнөз боюнча жаңы нерселерге ачык, экстраверт адамдарды болочокто жалгыздык күтпөйт.

Изилдөөнүн автору адамдар башкалар менен мамиле күтүүгө ачык болушу керектигин сунуштап, улгайган адамдарды колдоо маанилүү экенин эскертет.

Булак: Neuroscience News

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG