Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Мөңгү астында калган байыркы дүйнө


Аргентинадагы мөңгүлөрдүн бири.
Аргентинадагы мөңгүлөрдүн бири.

40 миллион жыл мурдагы континенттин орду белгилүү болду. Эриген мөңгүдөн байыркы аңчылык буюмдары табылды. Лингвисттер тавтологиянын жаңы кызматын аныкташты. Узаган аптадагы «Илим жаңылыктарын» сунуштайбыз.

Байыркы континент табылды

Earth-Science Reviews илимий журналына мындан 40 миллион жыл мурда Европаны, Азияны жана Африканы бириктирип турган, кийин суу астында калган континент болгонун боолгологон илимий иш жарыяланды.

Бул жөнүндө макала аталган журналдын марттагы санына чыгат. Франциянын улуттук илимий изилдөө борборунун окумуштуулары башында турган француз, америкалык жана түрк палеонтологдору жасаган изилдөөдө бул континентке Балканатолия деген ат берилген.

Изилдөөгө ишенсек, башында бул континент көп түрдүү, экзотикалык фаунасы менен белгилүү болгон. Кийинчерээк, дүйнөлүк океандагы суу тартылып кеткенден кийин, мындан 34 миллион жыл мурда, ал Азиядан Европаны көздөй жылган жаныбарлар үчүн «транзиттик» кызматты аткарган. Ошентип, окумуштуулар үчүн Азияны байырлаган жаныбарлар кантип Европага барып калганы түшүнүктүү болуп отурат.

Мындай жыйынтыкка келүүдөн мурда окумуштуулар Балкан жарым аралынан жана Түркиянын Анатолия аймагынан табылган ар кандай байыркы калдыктардын баарын анализдеп көрүп, бул аймактын палеогеографиялык өзгөрүүсүн калыбына келтиришкен.

Булак: Science Alert

Мөңгүдөн табылган артефакттар

Норвегиянын «Муздун сыры» деп аталган долбоорунун алкагындагы археологиялык миссиясы Лендбреен ашуусунда эрип жаткан мөңгүнүн аймагынан табылган ар кандай байыркы буюмдарды коомчулукка көрсөттү. Science Norway сайты жарыялаган сүрөттөрдөн байыркы жебелердин учун, бугуларга жасалган мергенчиликтин издерин көрүүгө болот.

Мөңгүнүн эришинин натыйжасында алгачкы артефакттар 2013-жылы табылган. Ал эми «Муздун сыры» долбооруна төрт жыл болду. Бул убакыт аралыгында ар кандай доорго таандык 800 артефакт табылган. Бул жолку табылгалар аңчылыкка байланыштуу болду. Маселен, табылган беш темир жебенин үчөө түндүк бугулардын сөөгүнө сайылган абалда болгон. Мындай жебелер темир дооруна таандык казууларда көп табылган. Ошондой эле, жебелердин бири сейрек кездешкен куралдарга мүнөздүү. Буга чейин ушундай жебеден бирөө гана табылып, ал биздин замандын 600-жылына таандык экени айтылган. Буга катар байыркы чыйыр жол да табылган. Археологдор бул жер жергиликтүүлөр аңчылыкка чыккан белгилүү жер болгонун божомолдошот.

Дагы бир кызыктуу табылгалардын катарын жаныбарларга тап берип, тузакка түшүрүү үчүн жасалган атайын таяктар, таштардан жасалган тузак толуктады. Бул жерде аңчылар бугуларды күтүп отурушкан. Өзүнө сак жаныбарды колго түшүрүүдө бул ыкма эң эле натыйжалуу болгон.

Булак: Science Norway

Тавтология кандай маалымат берет?

Сүйлөшүүдө бир эле сөздү эки жолу кайталоо кандай жаңы маалымат бериши мүмкүн? Ушул суроонун үстүнөн Орусиянын жана Испаниянын лингвисттери иштеп, кызыктуу жыйынтыкка келишти.

Окумуштуулар тавтологиянын жардамы менен сүйлөшүп жаткан адамды кандай учурда түшүнүүгө мүмкүн экенин аныкташты. Маселен, сүйлөшүү учурунда «Эми ал деген ал да» деген сыяктуу сөздөр айтылат. Бул сүйлөмдө эки ирет айтылган сөз аркылуу сөз болуп жаткан адамга тиешелүү жалпы мүнөздөмөнү алса болот.

Изилдөө учурунда кызыктуу тажрыйба жүргүзүлгөн. Алгач анын катышуучуларына ойдон чыгарылган «Петя көп иштейт», «Маша дайым жакшы маанайда жүрөт» деген сыяктуу түшүндүрмөлөр берилген. Андан соң, «Петя деген Петя да», «Эми Маша бул Маша да» деген сыяктуу сүйлөмдөрдү чечмелөө тапшырмасы коюлган. Натыйжада, катышуучулар бул кайталоолор алар такыр тааныбаган Петянын көп иштешинен жана Машанын дайым жакшы маанайда жүрүшүнөн кабар берип жатканын жаземдебей түшүнүшкөн.

Кызыгы, тавтологиялар бир гана туруктуу мүнөздөмөлөрдү түшүнүүгө жардам бере алат. «Ошол эле Петянын ооруп калганын» же «Машанын азыр бошобой жатканын» кайталоо кездешкен сүйлөмдөр түшүндүрө албайт. Тажрыйба англис тилдүүлөргө жүргүзүлгөн. Бирок окумуштуулар бул өзгөчөлүк башка да тилдерге да мүнөздүү экенин божомолдошуп, изилдөөнү улантуу алдында турушат.

Булак: Journal of Pragmatics

Макаланы бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG