Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Зордукталган секелек: сот алдындагы үнсүз акция


Сот адилеттигин талап кылган акция, Бишкек. 22-март, 2023-жыл.
Сот адилеттигин талап кылган акция, Бишкек. 22-март, 2023-жыл.

Кыргызстандын Жогорку Сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин иши каралды. Коомчулукта чуу жараткан бул иш каралып жатканда укук коргоочулар сот имаратына жакын жерде акция өткөрдү. Алар өспүрүмдү зордуктаган күч кызматкерлерин катаал жазага тартууну талап кылышты.

"Сот адилетсиздигинин кесепети кооптуу"

"Жаш өспүрүм кызды узак убакыт бою зордуктап келгени айтылып жаткан эки милиция кызматкерине карата райондук соттун 15 жылдык жаза мөөнөтүн Бишкек шаар соту жаңы жылдык майрамды утурлай, элдин баары майрамдап жаткан учурда карап, кыйла кыскартып салган. Шектүүлөрдүн айыпталган беренесин да өзгөрткөн. Бул жолу да Жогорку Соттун ишти майрамга туштап караганы коомчулукту түпөйүл кылууда. Биз соттон адилеттик жана акыйкаттыкты талап кылып келдик", - деди журналист, жарандык активист Эркин Рыскулбеков.

Эркин Рыскулбеков 22-марттагы акцияда (оңдон биринчи).
Эркин Рыскулбеков 22-марттагы акцияда (оңдон биринчи).

Эки милиция кызматкери жана дагы эки адам колдон-колго өткөрүп зордуктаганы белгилүү болгондон кийин кыз курбалаштарынын кодулоосуна да кабылганы айтылган. Эркин Рыскулбеков мындан улам ага моралдык-материалдык жардам чогултуп жана башка мектепте билим алуусуна көмөктөшкөн. Ал педофилияга жеңил жаза берилбеши керек дейт.

"Жогорку Сот булардын жаза мөөнөтүн дагы кыскартып же шаардык соттун алты жылга азайткан чечимин күчүндө калтыра турган болсо, бул коом үчүн, балдар үчүн кооптуу прецедент. Анткени алардын тергөө абагында кармалган күндөрү бир нече күнгө эсептелип, дагы кыскарат да, алар жакын арада эле эркиндикке чыгышы мүмкүн. Соттун чечими жеңилдесе, мындан ары да зордукчулар жазадан кутулуп кетиши ыктымал".

13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарды жазага тартууну талап кылган алгачкы митинг былтыр 8-июлда өткөн. Анда жарандык коом, укук коргоочулар өспүрүм кызды узак убакыт кордогону айтылган милиция кызматкерлерин жана дагы эки адамды адилеттүү жазалоону талап кылышкан.

Андагы акциядан айырмаланып, укук коргоочулардын 22-марттагы иш-чарасы үнсүз өттү. Он чакты активист, укук коргоочулар "Соттон адилеттикти талап кылабыз!", "Сот, акыйкат бол!" деген өңдүү талап, кайрылуулар жазылган плакаттарды кармап, үн-сөз жок турушту.

Активисттердин бири - социолог Нурзада Садырбекова башка айыпталуучулардан айырмаланып, соттун милиция кызматкерлеринин жаза мөөнөтүн кыскарганын сынга алды.

Нурзада Садырбекова сот адилеттигин талап кылган акцияда (ортодо). 22-март, 2023-жыл.
Нурзада Садырбекова сот адилеттигин талап кылган акцияда (ортодо). 22-март, 2023-жыл.

"Эки милиция кызматкеринен тышкары эки адамдын жаза мөөнөтү райондук сот кандай чечим чыгарса, ошол бойдон калды да, милиция кызматкерлеринин жаза мөөнөтү кыскарып кетти. Бизге алардын мөөнөтү Жогорку Сотто дагы азайтылат деген маалымат жетип, нааразы кылууда. Бүгүн бул жерге аларды сот өмүр бою абакка кескиле деген талап менен келдик".

"Сот иши он жылдык өмүрүмдү алды"

Имараттын сыртында акция өтүп жаткан кезде ичкериде сот жараяны жабык жүрүп, журналисттер, Балдар омбудсменинин өкүлдөрү киргизилген жок.

Сотто айыпталуучулардын биринин адвокаты иш менен жаңы таанышып жаткандыктан убакыт сурап, териштирүү 5-апрелге чейин жылды.

Жабырланган тараптын адвокаты Тимур Султановдун "Азаттыкка" билдиришинче, Жогорку Сотко кассациялык арызды жабырлануучу тарап жазган.

"Жогорку Сотто бүгүн биздин Бишкек шаар сотунун чечимине каршы кассациялык арызыбыз каралмак. Андан башка прокуратуранын дагы Бишкек шаар сотунун чечимине карата кассациялык сунуштамасы каралышы керек эле. Айыпталуучулардын биринин адвокаты ишке жаңы киришип жатканы үчүн материалдар менен таанышууга убакыт сурады. Сот анын өтүнүчүн канааттандырды".

13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкерин Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспекторун жана Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык кызматкерин Свердлов райондук соту бул ишке айыптуу деп таап, былтыр 30-августта ар бирин 15 жылдан жалпы режимдеги абакка кескен.

Булар менен чогуу айыпталган үчүнчү адам - "Дордой" базарынын кароолчусун 10 жылга камоону өкүм кылган. Эки милиционер райондук соттун өкүмүнө нааразылыгын билдирип, шаардык сотко кайрылышкан.

Бишкек шаар соту 12-январда апелляциялык арызды карап, эки милиция кызматкеринин жазасын жумшартып, мөөнөттөрү кыскарган чечим чыгарган эле. Ага ылайык, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспекторунун жаза мөөнөтү алты жыл, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык кызматкеринин жаза мөөнөтү тогуз жылга төмөндөтүлгөн.

Бишкек шаар соту эки милиция кызматкеринин ишиндеги райондук соттун Кылмыш кодексинин 164-беренеси - "он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттери" үчүн айыптуу деп табылганын алып салган. Анын ордуна Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренеси - "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" (2017-жылдагы редакциясы) менен каралган.

Эки милиция кызматкери менен кошо соттолуп, 10 жылга камалган үчүнчү айыпталуучу (базардын кароолчусу болуп иштеген) Бишкек шаар сотуна да, Жогорку Сотко да апелляциялык арыз менен кайрылган эмес.

Жабырлануучу кыздын атасы Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин сот адилеттигине ишеничи азайганын айтып, териштирүүнүн жылдырылганына нааразылыгын айтты

"Бүгүн чекит коюлат дегенбиз. Бирок сот жараяны дагы жылып кетти. Ансыз деле канча убактан бери чуркап жүрөбүз, кеминде он жылдык өмүрүмдү алды. Шаардык соттун чечими биздин үй-бүлөбүзгө терс таасир этти. Кызым дагы "тез эле кайра чыгышат турбайбы" деп тынчсызданып жатат. Наристе кызымдын тагдырын талкалаган зөөкүрлөргө оор жаза берилишин талап кылам".

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иште төрт киши айыпталууда. Төртүнчү айыпталуучунун ишин Биринчи Май райондук соту өзүнчө карап, былтыр 4-октябрда аны сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Кийинчерээк бул ишти апелляциялык негизде караган Бишкек шаардык соту баштапкы инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. Айыпталуучу тараптын кассациялык арызын Жогорку Сот 20-мартта карап, мурдагы өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырды.

13 жашар кызды зордуктоого айыпталгандарды жазага тартуу талабы менен Ошто өткөн акция. Ош шаары. 8-июль, 2022-жыл.
13 жашар кызды зордуктоого айыпталгандарды жазага тартуу талабы менен Ошто өткөн акция. Ош шаары. 8-июль, 2022-жыл.

Секелек кыздын зордукталышына байланыштуу сот жараяндарына Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн (Балдар омбудсмени), Социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери байкоо салып келишти.

Жабырланган кыз учурда окуусун онлайн улантып жатат. Президенттин алдындагы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кыздын социалдык абалына жана окуусуна көзөмөл кылып жатканын билдирди.

Өткөн жылы 2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери жана дагы эки адам секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө макала жарыялап, бул коомдо курч реакцияларды жараткан.

Ошондон кийин аялдарга жана балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүнү токтотуу талабы менен Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Былтыр 19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган.


Жакында эле Бишкекте 13 жаштагы дагы бир кыз зордукталгандан кийин суицидге барганы ачыкка чыкты. Башкы прокуратура буга байланыштуу ишти бир жыл өткөндөн кийин кайра козгоду.

Прокуратура Ленин райондук милиция кызматкерлери зордуктоо фактысы боюнча документтердеги коюлган колдорду бурмалап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген жүйө менен, иштин алкагында эки тергөөчү, бир соттук- медициналык экспертти камакка алды.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG