Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Акыйкатчынын орду жана ролу: 20 жылдык тарых


Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Жарандардын укуктарынын мамлекеттик органдар тарабынан бузулушунан коргогон ыйгарым укуктуу мекеме кандай иш алып барууда? Көз карандысыз институт экенин далилдей алдыбы?

"Колубуз кыска болуп калууда"

Акыйкатчы (Омбудсмен) институту - жөнөкөй жарандардын укуктарынын мамлекеттик органдар тарабынан бузулушунан коргоочу ыйгарым укуктуу, көз карандысыз мекеме.

“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө” мыйзамы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынында кабыл алынып, ошол кездеги президент Аскар Акаев тарабынан 2002-жылдын 31-июлунда мыйзамга кол коюлган. Ушул эле жылы 21-ноябрда акыйкатчыны шайлоо өтүп, Турсунбай Бакир уулу жеңип чыккан.

Бул көз карандысыз органдын жетекчисин парламент шайлайт жана ал парламентке гана отчет берет. Акыйкатчынын макамы менен укуктары Баш мыйзамда, ошондой эле бир катар ченемдик-укуктук актыларда бекемделген.

Коомчулукта Акыйкатчы институтуна карата бир кылка пикир жок. Айрымдар өз миссиясын так аткарбай келгенин сынга алса, кээси мыйзамда жазылганы менен иш жүзүндө аткарылбай калган жагдай бар деп эсептейт. Омбудсмен Атыр Абдрахматова муну өзү дагы моюнуна алып, айрым мыйзамдык өзгөртүүлөр зарыл экенин белгиледи.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

“Биздин колубуз кыска болуп калууда. Анткени биз адам укуктарынын бузулушун каттаган учурда мамлекеттик органдарга көңүл буруу актысын киргизебиз. Бирок бул сунуштама катары эле болот. Мамлекеттик мекемелер кааласа аткарат, болбосо жок. Тилекке каршы, аткарылбай калган иштер көп. Ошондуктан Акыйкатчы институту боюнча мыйзам өзгөрүш керек. Биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Акыйкатчынын макамын бекемдеш керек. Андан тышкары колубуз жетпей жаткан учурларды Жогорку Кеңешке киргизмей болдук. Аларда чара көрүү укугу бар”,-деди Абдрахматова.

Укук коргоочулар Кыргызстанда адам укугунун эң көп бузулган учурларын ИИМ, Жаза аткаруу, сот системасындагы абал менен байланыштырып келет. Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Омбудсмен институтунун толук кандуу иштеши абдан чоң мааниге ээ деди.

“Мамлекеттин түзүлүшүндө акыйкатчынын бардыгы, анын толук кандуу иштеши абдан чоң мааниге ээ. Демократиялык коомду түзүүгө көрүлүп жаткан аракет. Соңку 20 жылдан бери Акыйкатчы институтунун жетишкендиктери көп болду. Алдыда алар жасай турган иши абдан көп. Мисалы, бизде жарандык укуктар боюнча көйгөйлөр абдан көп. Өзгөчө күч органдары тарабынан адам укугу бузулуп келет. Бул жерде дагы бир нерсени эске сала кетиш керек. Коомчулук укуктардын сакталышы боюнча пикирин так билдирип турбаса, акыйкатчы жетиштүү деңгээлде жыйынтык бербейт”.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдө адам укугуна байланышкан көптөгөн маселе бар экенин белгилеп, бирок ошонун баарын акыйкатчы эки-үч кишинин саясий укугу менен чектебей, жалпы карашы керек дейт.

“Бизде көйгөй өтө көп. Азыркы учурда бизге үнү, добушу жетпеген жүз миңдеген киши бар. Ошону акыйкатчы алып чыкса болот эле дейбиз. Атыр Абдрахматова өзү билет, Акыйткатчы - парламенттик институт. Кандай болсо дагы биз демократиялык мамлекетпиз, өнүгүү жолундабыз. Азыркы учурда саясий укуктар камсыздалган. Бирок азыркы кезде мамлекетибизди калыптандырып, экономикалык, социалдык, маданий укуктарыбыз, канча деген маселе турат. Ушунун баарын эле эки-үч кишинин саясий укугуна чектеп койбостон, жалпы 7 млн. калктын адам укуктарына көңүл бурушубуз керек деген ойдомун”,-деди Байсалов.

Ал ошондой эле "Акыйкатчы институту – адам укуктарын коргоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу механизми, ал демократиялык мамлекеттерде орун алган маанилүү инструменттердин бири болуп саналарын" кошумчалап, "адамдарга карата формалдуу мамиледен алыстап, кайрылуулар үчүн "почта жашигине" айланып калбоосу зарыл” дейт.

Укук коргоочулар Кыргызстандын сөз эркиндиги, демократиялык абалы дагы көңүл жылытарлык эмес деп баа берүүдө. Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошкон. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөдү. Бул деген өлкөдө жарандардын саясий укугу жана эркиндиги начарлап кеткенин көрсөтөт.

“Акыйкатчынын орду, ролу абдан чоң. Ал акыйкаттын, адилеттүүлүктүн тарабында болушу керек. Кыргызстанда саясатчыларды сотко негизсиз сүйрөгөн, укук коргоочу, журналисттерди басып кирген өлкө болбошу керек. Эгерде ошондой учурлар катталса, акыйкатчы күнү-түнү болобу ошол жерде жүрүп, бардык медиага билдирүү таратышы керек. Жашынып жатпашы керек. Кыргызстанда кадам сайын адамдын укугу бузулат”,- деген эле депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин мурдакы жыйындарында.

Бирок укук коргоо жатындагы институт эркин боло албай, ыйгарым укуктары чектелүү экенин билебиз. Маселен, буга чейинки акыйкатчылар ар кандай жагдайда кызматынан кеткен. Бийлик башындагыларга жакпай калса, Жогорку Кеңештеги депутаттардын колу менен иштен алууга толук мүмкүн. Анткени парламент өзү көз карандысыз орган боло албай жатат.

20 жылда алты акыйкатчы

Кыргызстандагы Акыйкатчы институтунун тарыхында алты киши бул кызматка барды.

Турсунбай Бакир уулу.
Турсунбай Бакир уулу.

Биринчи акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу расмий түрдө 2002-жылы 13-декабрда кызматына киришкен.

2008-жылдын 14-февралында Жогорку Кеңеш белгилүү укук коргоочу ​Турсунбек Акунду акыйкатчы кылып шайлайт.

Турсунбек Акун. 2017-жыл.
Турсунбек Акун. 2017-жыл.

Акун 2013-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. Бирок “мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаевдин иши боюнча акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн текшерген депутаттык комиссия аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин кабыл алган. Аталган комиссия Турсунбек Акун "бюджет каражатын туура эмес пайдаланды, Акыйкатчы институтундагы айрым кызматкерлерди мыйзамсыз кетирди, өзү каалаган адамдарга "Акыйкатчынын кеңешчиси" деген күбөлүк берди" деген негизде ушундай чечим кабыл алган.

Турсунбек Акун журналисттерге берген маегинде, “Батукаев айыккыс ооруга чалдыкканы, дарыланышы керектиги тууралуу маалыматты Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиев телефон чалып өтүнгөндүктөн гана бергенин” айтканы бар.

Айрым депутаттар бул иште акыйкатчы жөн эле "садага чабылганын” да айтып чыгышкан.

2013-жылдын 31-октябрында Жогорку Кеңеш акыйкатчы кылып Бактыбек Аманбаев шайлаган. 2015-жылы парламент аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндөгү чечимди кабыл алат. Бул Аманбаевдин отчетун көпчүлүк депутаттар колдобогону менен түшүндүрүлгөн.

Бактыбек Аманбаев.
Бактыбек Аманбаев.

Аманбаев болсо “Жогорку Кеңеш акыйкатчыны кызматтан кетирүүдө мыйзам бузду” деп айтып чыккан.

“Комиссия түзүп, иликтеп алса деле мен макул болмокмун. Бул институтту жакшыртайын деген ниетим бар болчу, аным ишке ашпай калды”,-деген ал.

2015-жылдын 30-декабрында парламент көпчүлүк добуш менен акыйкатчы кызматына Кубат Оторбаевди шайлаган.

Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Ал 2018-жылы 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Ушул эле жылы сентябрда 65 жаштагы генерал Токон Мамытов Кыргызстандын бешинчи акыйкатчысы болуп шайланат.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Ал коопсуздук кызматында, коргоо кеңешинин катчысы, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Мамытов 2021-жылдын октябрь айында парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

Кыйла убакытка бош туруп калган акыйкатчы кызматына 2022-жылы март айында 41 жаштагы юрист Атыр Абдрахматова шайланды.

Жогорку Кеңеш төрт талапкердин ичинен Абдрахматовага көпчүлүк добушун берген. Ал өзүнүн программасында сөз эркиндиги, жарандардын социалдык укуктары, билим алуу, миграция маселеси, сот акыйкаттуулугуна жетүү багытында иш алып барарын убада кылган.

Кыргызстанда 2018-жылы Бизнес-акыйкатчы институтун – ишкердик субъектилердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө өкмөт токтому чыккан.

2019-жылы биринчи бизнес-акыйкатчы болуп, 54 жаштагы Робин Орд-Смит шайланган.

Ал Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айынан 2019-жылдын башына чейин иштеген. Элчиликтен кетип, Бизнес-акыйкатчы болгонго чейин Кыргызстанда жашаган. Ал быйыл сентябрда 57 жаш курагында көз жумду.

Тарыхы

Бул институттун тарыхына токтолсок, дүйнөдө анын пайда болгонуна 200 жылдан ашты.

Алгач ирет Акыйкатчы институту XVI кылымда Швецияда пайда болгон. Падыша Карл XII мамлекеттик кызматкерлердин жана соттордун арасында тартипти орнотуу үчүн Акыйкатчы кызматын түзгөнү айтылат. Анын көзү өткөндөн кийин 1718-жылы Швецияда парламенттик башкаруу орноп, бир нече жыл аралыгында Юстициянын канцлерин парламент дайындай баштаган. Бирок ортодо падышалык бийлик үстөмдүк кылып кеткен учурлары болгон. 1809-жылдан кийин гана Баш мыйзам менен бекитип, Юстициянын акыйкатчы институту түзүлүп, падышага баш ийген юстициянын канцлеринен таптакыр бөлүнгөн.

Канцлер падышанын кызыкчылыгын коргосо, акыйкатчы бийликтеги кызматкерлер тарабынан болгон мыйзам бузуулардан карапайым адамдардын кызыкчылыгын коргоо милдетин алган. Ошондон тарта дүйнөдө анын табияты өзгөргөн жок. Учурда дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинде иштейт. Албетте, миссиясын кандай аткарып жатканын салыштыруу менен гана айтууга мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG