Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:31

Акыйкатчыга нааразылардын арызы парламентке жетти


Атыр Абдрахматова.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматовага каршы жазылган арызды келерки жыйынында караганы жатат. Мунун алдында омбудсмендин орун басары баштаган бир катар кызматкерлер иштен кетүүгө арыз жазганы белгилүү болгон жана жаңы жетекчиге сын-доомат күчөгөн. Абдрахматова болсо жагдайды ишке талап көбөйгөнү, бюрократияны жана интриганы азайтуу аракети каршылыкка кабылганы менен түшүндүрүп жатат.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети акыйкатчыга каршы арызды 28-июнда карамак.

Комитеттин төрагасы Медер Алиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Атыр Абдрахматова чет өлкөдө иш сапар менен жүрөт. Буга байланыштуу маселени кароо кийинкиге калды.

"Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш акыйкатчыны, анын орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан алат. Палатага чейин комитетте каралат. Бизге акыйкатчынын орун басары "жумушуман кетем" деп арыз жазган экен. Ошол эле учурда "иштеги кырдаал начар" деп да айтып кетиптир. Бүгүн биз акыйкатчыны чакырып, пикирин угалы дегенбиз. Ал чет мамлекетте акыйкатчылардын жыйынында жүргөн экен. Комитеттин бир топ мүчөлөрү эмне болгонун акыйкатчыдан угалы деген сунуш киргизип, ушундай чечим чыкты. Менимче бул иш учурунда эле жаралган жагдай окшойт".

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева ​кызматынан кетүү арызын жазган. Ал Абдрахматованы куугунтукка жана талапты күчөткөнү үчүн айыптады.

Гүлнара Жамгырчиева
Гүлнара Жамгырчиева

"Аны бул кызматка 54 депутат шайласа, мени убагында 84 депутат шайлаган. Бул орунда экинчи мөөнөт иштеп жатам, жалпысынан 7,5 жыл иштедим. Ал жалпы жонунан эле "баары эч нерсе кылбай отурат, эч нерсе жасаган эмес" деп айтып жатпайбы. Эгер эч ким эч нерсе жасабаса, анда ким иштеп жатат? Жылына 13 миңден ашык арызды карап жатабыз. Мен бир эмес эки ирээт акыйкатчынын милдетин аткаруучу болуп алты айдан отурдум. Ошол учурларда орун басарлар да, аппарат жетекчиси да жок жалгыз иштеп жаттым. Макул, мен азыр пенсия курагында экем, бирок 30дун тегерегиндеги кыздарды "пенсияга чейин отура бересиңерби, кетпейсиңерби" деп жатат. Ушундай мамиле кантип болсун? Баарын кетирип, өзүнүн кадрларын алып келейин деген ою бар го. Бул жерде ачык куугунтук болуп жатат. Түнкү саат 2де, 3тө, 4тө туруп алып бир нерселерди жазат, "жообун эртең менен 9га чейин даярдап койгула дейт. Жумушка саат 9да барып, маалыматты топтоп бергиче түш болот. "Ушунча саатта беришиң керек, кечиктиң, кызматтык иликтөө жүрсүн, акт түзгүлө" дейт. Менин мамлекеттен алган ипотекам бар, ошону банкка барып төлөп, 15-20 мүнөттө келгенче "жумушта кайсы бир учурда болгон жок, акт түзгүлө" деп мажбурлаптыр. "Мамлекеттен ипотека алып, андай-мындай" деп дагы айтыптыр. Биз ашыкча эч нерсе алган жокпуз, бизге каралган эле нерсени алдык да".

Акыйткачы институтунун социалдык бөлүмүнүн адиси Азим Акматов дагы өз арызы менен кызматтан бошогон. Анын ырасташынча, бул бөлүмдөн аны менен кошо дагы эки кызматкер кетти.

"Иштеги кырдаал начар. Ар бир эле жамаатта жаңы келген жетекчи "айлыгыңарды көбөйтөм, жыргатам" дегендей үмүт берип коет го. Көбөйтпөсө деле ушундай көңүл жубаткан сөздөрдү айтат. Бул келери менен эле "ар квартал сайын берилген сый акыларды бекер алып жатыпсыңар, аны албайсыңар" деди. Токон Мамытовдун тушунда айлыгыбызга бюджеттен эмес, башка булактардан акча кошулуп берилип жаткан. Абдрахматова ал акчаны жакшы иштегендерге берип, жаман иштеди деп эсептегендерге бербей турганын айтты. Аны дагы кесип салды. Он чакты адам айлык азайганы үчүн кетти, алар ансыз деле аз акчага иштеп жүргөн.

Калгандары Абдрахматова менен иштеше алган жок. Соцтармактарда өзүн реклама кылат, бизден ошого реакция кылгыла, "лайк" баскыла, тигинткиле-минткиле дейт. Ага "сиз эми акыйкатчысыз, олуттуураак эле болбойсузбу" дешсе, кыйкырат. Адам менен сүйлөшкөндү билбейт. Адатта пенсия жашындагы кызматкерлерди сый-урмат менен ардактуу эс алууга жөнөтүү керек. Бул болсо кадрлар бөлүмүндө иштеген кыздарды эле кеткиле деп жатат. Биздин бөлүмдө иштеген беш адамдан үчөөбүз кеттик. Мен билгенден 1-июлдан тартып дагы үч киши кетип жатат", - деди Акматов.

Атыр Абдрахматова болсо дооматтарга байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берди. Ал сындын көбөйгөнүн бул институтту жаңылоо аракети катары түшүндүрдү жана ишке талапты күчөткөнүн, бюрократияны азайтууга аракет кылып жатканын билдирди.

Акыйкатчы эки орун басары түшкөн арыздарга карата тийиштүү чара көрбөгөнүнө байланыштуу иштен убактылуу четтетилгенин айтты:

"Мен жаңы шайланып жатканда депутаттар жаңылоо, аппаратты тазалоо талабын койгон. Билесиңер, буга чейин акыйкатчынын ишине көп сын айтылып келген. Институттагы буга чейин калыптанып калган кайдыгерлик, "отписка", каттарды, арыздарды эптеп жаап койгон өңдүү форматты өзөртүп жатам. Мен муну аппаратка башында эле ачык айткам. "Адам укугун коргогусу келген, кичинекей арыз болсо дагы ошол жердеги адамдын укугун коргоого мүмкүнчүлүк таап, акыр-аягына чыгармайынча иш, арыз жабылды деген болбойт деген баалуулук жүрөгүндө бар адам гана бул институтта иштей алат" деп айткам. Өзүңөр көрүп жатасыңар, эл мага соцтармактардан, телефондон күнү-түнү кайрылат. Ал кайрылуулар тиешелүү бөлүмдүн жетекчилерине берилет. Мурунку эле калыпта ушундай болчу деп күчкө салып, "отписка" менен кутулгандар албетте жумуштан кетет. Азыркы учурда 18 кызматкер өз каалоосу менен иштен кетти. Мен айлыктарды көбөйтүүгө бардым. Жакын арада маяна дагы жогорулайт. Аны баары билет. Аппаратта күнү-түнү иштегендерди ачык көрсөтүп жатам. Эгер кыйноого байланыштуу түндө бизге арыз түшсө, ал жакка кантип барбай коесуң? Мындан мурун дагы интрига кылгандар, кайсы бир депутаттарды мага чалдырганга аракет кылгандарды мен ачыктаганга даярмын. Булардын "ыплас" иштерин ачыктаган жокмун. Бул ошол эле Жамгырчиевага да тиешелүү. Ага байланыштуу маркум Марат Казакпаевдин жубайы "аракетсиздик кылган" деген арыз менен кайрылган. Комиссия ишин аяктаганга чейин мен эки орун басарды милдетин аткаруудан четтеттим. Тилекке каршы, Казакпаевден башка дагы аракетсиздик болуп, "отпискалар" бар болчу. Бул жерде курулай жамандоо, депутаттарга ар кандай интрига, ушактарды жеткирүүгө аракет болуп жатат".

Акыйкатчынын айланасындагы соңку окуялар бул институттун макамы, ишине байланыштуу маселени козгоду. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын пикиринде, азыркы жагдай адам укугу жаатында чапчаң иштөөнү талап кылат.

"Акыйкатчы институтунда иштегендер жүрөгү менен укук коргоочу болушу керек. Адам укугун терең түшүнүп, ошол эле убакта нормага салынбаган режимде иштегенге макул, чын дилинен кызыкдар адамдар болушу керек. Адам укугу бузулган учурларда күнү-түнү иштегенге, керек болсо башка аймакка барууга макул болгон адамдар иштеши абзел. Акыйкатчы институту өз талаптарына жооп бербей келген, айрыкча шайлоо маалында акыйкаттыктан тайган, тартип жагынан начарлаган учурлар болгон. Ошол жерде беш-алты жыл отурган, бир дагы отчет жазбаган, адам укугу бузулган чуулгандуу окуяларга үн катпаган кызматкерлер отурганын көргөнбүз. Жанталашып иштеп, аракет кылгандары да бар".

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров Абдрахматованы кабыл алган. Анын басма сөз кызматы мамлекет башчы "жарандардын көйгөйлөрү жеринен так, өз учурунда мыйзамдуу чечилишин бардык мамлекеттик түзүмдөрдөн талап кылганын баса белгиледи" деп билдирген.

Анын алдында өкмөт Кыйноолорго каршы улуттук борборду Акыйкатчы институтуна кошууну караштырып жатканы белгилүү болгон жана бул талаш-талкуу жараткан.

Юрист, 41 жаштагы Атыр Абдрахматова акыйкатчы болуп март айында шайланган. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү, жетекчинин орун басары болгон. Ал соңку парламенттик шайлоого Жети-Өгүз районунан бир мандаттуу округдан ат салышкан.

Абдрахматова бийлик алмашкан Октябрь окуясына себеп болгон 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо БШКнын мүчөсү катары оппозициялык партиялардын укугун коргоп чыккан. Ал буга чейин акыйкатчылыкка талапкерлигин эки жолу коюп, өтпөй калган.

Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун түзүлгөнүнө быйыл 20 жыл толот, бул мекеме 2002-жылы иштей баштаган. Институтка адам укуктарын коргоо, жабык жайларда кыйноо жана зордук-зомбулукту ашкерелөө милдети жүктөлгөн.

16 жылдан бери бул кызматты Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев, Токон Мамытов жана Кубат Оторбаев аркалап келди.

Башкы укук коргоочуну Жогорку Кеңеш шайлаганы менен, соңку үч талапкерди тандоо боюнча сын пикирлер арбын айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG