Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:04

Түркия шайлоо өнөктүгү: Жарнамалардын тынч атаандаштыгы


Түркиядагы жалпы жана президенттик шайлоо жарнактарынан. Стамбул. 01.5.2023.
Түркиядагы жалпы жана президенттик шайлоо жарнактарынан. Стамбул. 01.5.2023.

Түркия жумурияты 14-майда президенттик жана жалпы шайлоолорду өткөрүүдө. Түрк улуту азыр ар кыл саясий топторго жиктелип турган чакта, шайлоо өнөктүгүндө атаандаш талапкерлердин жарнамалары бири-бирине жанаша жайгаштырылган учурлар бар. Тарыхчынын блогу.

Жекшембиде (14-майда) күтүлгөн президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы тууралуу суроо Түркиянын ар бир үй-бүлөсүндө, ал түгүл бул жакка келе калган туристтердин да чөйрөсүндө кызуу талкууланып жаткан кез (эгерде анын алгачкы айлампасында эч бир талапкер 50 пайыздан ашуун добуш ала албай калса, анда экинчи айлампа 28-майда өткөрүлөөрү алдын ала белгиленген).

Май айынын башында илимий маселелер менен Стамбулга келген чагымда, албетте, мындагы кырдаалга четтен караган кишинин көзү менен өз алдымча баамдоого аракет кылдым.

Кантсе да, алдыдагы президенттик шайлоо бул түрк тилдүү боордош жана ири мамлекеттин болочокку багытын аныкташы ажеп эмес. Түркия президенттик башкаруу системасына өткөндөн бери жумурият авторитардык багытка оогондугу тууралуу, эми андагы демократиячыл жүрүмдү кайрадан тереңдетүү зарылдыгы жөнүндө өлкө коомунда арбын кеп-сөз айтылууда.

Негизинен, коомчулук арасындагы талкуу башкы эки талапкер –– Эрдоган жана Кылычдароглу тууралуу жүрүп жатат.

Режеп Тайып Эрдоган. Маниса шаары. 24.4.2023.
Режеп Тайып Эрдоган. Маниса шаары. 24.4.2023.

Режеп Тайып Эрдоган (Recep Tayyip Erdoğan)

Негизги талапкерлердин бири – азыркы президент, “Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын” (Adalet ve Kalkınma Partisi – АК партиянын) жетекчиси Режеп Тайып Эрдоган мырза. Ал 1954-жылы 26-февралда туулган, демек, учурда 69 жашта. Ал 1994–1998-жылдары Стамбул шаарынын мэри болгон.

Айтылуу түркчү айдың Зия Гөкалптын ырына “так эмес шилтеме кылып, зомбулукка жана диний жек көрүүчүлүккө чакырган” деген кине менен ал мэр кызматынан алынып, 1999-жылдын 24-мартынан 27-июлуна чейин Болгарияга чектеш болгон Кырклар-эли жергесиндеги Пынархысар абагына да жатып чыккан.

Эрдоган мырза 2003-жылдан 2014-жылга чейин өлкөнүн өкмөт башчысы болгон (ал кезде жумурият парламенттик башкаруу системасында болгондуктан, иш жүзүндө ал өлкөнүн аткаруу бийлигин ошондо эле жигердүү жетектеген).

2014-жылдын 28-августунан тартып ал өлкөнүн 12-президенти болуп калды. 2016-жылы ага каршы мамлеккеттик төңкөрүш (кутум) жасоо далаалаты майнапсыз аяктаган соң, ал 2017-жылы конституциялык референдум өткөрүп, ага ылайык 2018-жылы жалпы жана президенттик шайлоолор маалында ал кайрадан президенттик бийлигин сактап калган (эми ал президенттик башкаруу системасындагы мамлекет башчысы болуп калды).

Режеп Тайып Эрдоган мырзанын талапкерлигин колдоочулар “ал баштаган реформасын аягына чыгаруусу керек; ашууда ат алмашылбайт; мусулмандык Осмон султандыгынын доорундагы эл аралык кадыр-баркка эми гана ээ боло баштадык”, деген сыяктуу ураандарды чакырышууда.

Кемал Кылычдароглу. Стамбул. 15.12.2022.
Кемал Кылычдароглу. Стамбул. 15.12.2022.

Кемал Кылычдароглу (Kemal Kılıçdaroğlu)

Азыркы мамлекет башчынын кубаттуу атаандашы – 74 жаштагы Кемал Кылычдароглу мырза.

Ал 1948-жылы 17-декабрда Түркиянын Тунжели дубанынын (Tunceli ili; мурдагы Дерсим вилайети) Назимийе ооданына (илче) караштуу Баллыжа кыштагында туулган. Теги – огуздардын бозок уругунан, ата-бабасынын диний ишеними – алевий (Хажы Бекташ Вали аттуу чыгаан түрк сопу ойчулунун жактоочуларынын урпактары).

Кемал Кылычдароглу өзүн сейиттердин тукуму деп да санайт, бирок ал Ататүрк негиздеп кеткен мамлекеттик башкаруу динден ажыратылган айдыңдык (секулярдык) жумурияттык түзүлүштү өзгөчө жактайт.

Ал Анкара шаарындагы Экономика жана соода илимдер академиясында таалим алды. Бул жогорку окуу жайды аяктаган соң, Кемал Кылычдароглу Францияда билимин жана иш тажрыйбасын өркүндөтүп кайткан. Ал 1999-жылы Түркиянын Коомдук камсыздандыруу уюмдарынын Башкы жетекчиси кызматын аркалап жаткан чагында ардагерликке чыкты.

Ал 2010-жылдын 22-майынан тартып өлкөдөгү негизги айдыңдык (секулярдык) жана чордончул оппозициячыл партия болгон жана парламентте орунга ээ болгон Республикалык Элдик партияны (Cumhuriyet Halk Partisi – ЖХП) жетектеп келет.

2014-жылы Кемал Кылычдароглу президенттик шайлоо өнөктүгүндө АК партиясынын талапкери Эрдоганга каршы оппозициячыл ЖХПнын жана Улутчул Элдик партиянын (Milliyetçi Hareket Partisi – МХП) орток талапкери катары профессор Экмеледдин Ихсаноглуну (Исламдык кызматташтык уюмунун мурдагы башчысын) колдоп чыккан.

2017-жылы болсо Кемал Кылычдароглу президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган конституциялык референдумду кескин сынга алып, буга чейинки парламенттик башкаруу системасын жактап чыккан.

ЖХП партиясынын лидери Кылычдароглу мырзанын талапкерлигин өлкөдөгү оңчул нукту туткан башка беш партия – Жакшы партия (İyi Parti), Келечек партиясы (Gelecek Partisi), Демократия жана өнүгүү партиясы (Demokrasi ve Atılım Partisi; DEVA Parti), Бакыт партиясы (Saadet Partisi) жана Демократиялык партия (Demokratik Parti) быйылкы президенттик шайлоодо орток колдоого алышууда.

Эми, оппозициячыл алты партиянын колдоосуна ээ болуп жатып, Кылычдароглу өлкөнү парламенттик системага кайтаруу зарылдыгын баса айтып келет.

Синан Оган.
Синан Оган.

Синан Оган (Sinan Oğan)

Жогорку эки негизги атаандашка удаа чыгып жаткан талапкер – 54 жаштагы Синан Оган мырза. Анын теги – азербайжандык. Ал 1969-жылы 14-мартта Түркиянын Чыгыш Анатолия чөлкөмүндөгү Ыгдыр дубанынын Мелекли шаарчасында туулган. Ал Мармара университетинин Экономика жана башкаруу илимдери факултетинде таалим алган. Орусиянын Маскөө Мамлекеттик эл аралык байланыштар университетинде (МГИМО) диссертация жактаган. Азербайжандын Бакы шаарында Азербайжан Мамлекеттик экономика университетинде декандын орун басары болуп да иштеген. Ал мурдагы президент Абулфез Элчибейдин кеңсесинде да иштеп калды.

Ал 1992–2000-жылдары ТИКАнын Азербайжандагы өкүлү болгон. 2011–2015-жылдары ал МХПнын атынан Түркия парламентинин (Türkiye Büyük Millet Meclisi) мүчөсү да болду. 2017-жылы 10-мартта бул партиядан чыгарылды.

2023-жылы 11-мартта АТА Ынтымагы (ATA İttifakı) деген коалициялык ынтымак курулду. Бул шайлоо өнөктүгүндөгү биримдикти түзгөн төрт партия (Zafer Partisi – “Жеңиш партиясы”, Adalet Partisi – “Адилеттик партиясы”, Ülkem Partisi – “Өлкөм партиясы” жана Türkiye İttifakı – “Түркия Ынтымагы”) президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер катары Синан Оган мырзаны колдоп чыгышты.

Ушул тапта Синан Оган мырза өз колдоочуларына коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айтууда.

“Твиттер” аркылуу жарыяланган тасмада доктор Синан Оган мырза өзүнүн талапкерлигин колдоп жаткан “Түркия Ынтымагы” партиясынын лидери Мехмет Саглам (Mehmet Sağlam) мырзага коркутуу далаалаты болгонун ачыктады.

Оган мырзаны башкы эки талапкердин биринин пайдасына өз талапкерлигин алып салуу аркылуу биринчи шайлоо айлампасында эле маселенин чечилишине көмөкчү болуу чакырыктары да интернеттин коомдук тармактарында айтылууда.

Түркиядагы президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү жарнактардан. Эминөнү аянты, Мысыр базарынын маңдайы. Фатих, Стамбул, Түркия. 01.5.2023.
Түркиядагы президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү жарнактардан. Эминөнү аянты, Мысыр базарынын маңдайы. Фатих, Стамбул, Түркия. 01.5.2023.

Жанаша жарнамалар

Стамбулдун ар кыл көчөлөрүн аралап жүрүп, биз атаандаш талапкерлерди колдоо үчүн даярдалган жарнактар кээде бир эле аянтта тургандыгына күбө болдук.

Маселен, Стамбул шаарынын Фатих ооданындагы айтылуу Эминөнү аянтында (Мысыр базарынын маңдайында) быйыл 1-май күнү сейилдеп жүрүп, бир эле учурда ар башка атаандаш талапкерлердин сүрөттөрү жана башка үгүт маалыматтары таркатылып жаткандыгына күбө болдум.

Аларды таркаткандардын эч кимиси бири-бири менен жулмалаша кеткенин деле, кайсы бир бийлик өкүлү келип, оппозициячыл талапкердин дарегине каршы өктөм сүйлөгөнүн деле көргөн жокмун.

Ал түгүл өлкөдөгү улам башка сыналгы каналдарынын маалыматтарын да салыштыырып көрдүм. Аларда, албетте, тийешелүү талапкерди колдогон сөздөр да айтылып жатты, аны менен кошо атаандаш талапкерди колдогондордун да үндөрү чыгып жатты.

Демек, журналисттер өз каналын мүмкүн болушунча калыс маалымат каражаты катары калайыкка тастыктап көрсөтүү үчүн ар тараптуу болуу жаатында ич ара атаандашат окшойт, деп өзүмчө бүтүм чыгардым.

Кайсы бир сыналгы каналда бийликтин өкүлүнүн (президент Эрдогандын) гана саясатынын тегирменине суу буруу аракети жасалып жаткандыр (кыска мөөнөттө мен анысын даана биле албадым), бирок сыналгы каналдарындагы жаңылыктарда анын атаандаштарынын өздөрүнүн же кайсы бир атаандаштын өкүлүнүн пикирлери да чагылдырылып жатты.

Маселен, 2-майда Эрдоган мырза Түркиянын түштүк-чыгышындагы Шырнак дубанында Габар тоосунун аймагында көлөмү 100 миң баррел көлөмүндөгү мунайзат кени ачылды, деп сүйүнчүлөп чыкса, бул мунайзат тууралуу маалымат илимпоздор үчүн мурда эле дайын болчу, деп анын атаандаштары келекелеп чыккандыгы да ошол эле күнү сыналгы каналдарында чагылдырылды.

Кыргызстандыктар үчүн ушундай атаандаш үндөр эркин чыккан учур президент Роза Отунбаеванын тушундагы парламентик шайлоо өнөктүгү маалында орун алгандыгы да эсиме түштү.

Быйылкы май айындагы карапайым түркиялыктар менен баарлашуумдун учурунда алар эч бир жакты шектене карап кылчактабастан өзү колдогон тарапкер тууралуу ойлорун айдан ачык айтып жаткандыгы мага өзгөчө жакты.

Түркиядагы президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү жарнактардан. Эминөнү аянты, Мысыр базарынын маңдайы. Фатих, Стамбул, Түркия. 01.5.2023.
Түркиядагы президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү жарнактардан. Эминөнү аянты, Мысыр базарынын маңдайы. Фатих, Стамбул, Түркия. 01.5.2023.

Бир түркиялык замандашымдан:

“Үй-бүлөңүз да шайлоо күнү эки башка тарапкерге бөлүнөбү?” деп сурасам, анда ал тамашалап:

“Анда ажырашып кетебиз да!” деди.

Мен ага Кыргызстандагы мурдагы шайлоолордо кээде эки жактын тең көңүлүн алуу үчүн атайылап күйөөсү башкага, аялы башкага добуш берген учурлар да болгонун айтсам, күлүп жиберди да: “Балким, бизде да ошондойлор бардыр!” – деди.

Эрдоган менен Кылычдароглу. Коллаж.
Эрдоган менен Кылычдароглу. Коллаж.

Башкы ар тарапкер үмүткө ээ

Синан Оганды айтпаганда, эки негизги атаандаштын ар бири алгачкы эле шайлоо айлампасында жеңип чыгууга үмүт байлоодо. Соңку сурамжылоолорго караганда, Эрдоган менен Кылычдароглу куйрук-улаш турушат. Ал эми politicalpulse.net басылмасынын 12-майдагы маалымдашынча, Кылычдароглу алгачкы айлампада эле 50,1 пайыз менен жеңип чыгышы ажеп эмес.

Быйылкы азаптуу жер титирөө учурунда өкмөт мажирөө болду деп Эрдоганды сынга алышкандары да бар, ал жигердүү иштеп, үй-жайсыз калгандарга жаңы үйлөрдү курдура баштады, деп мактагандар да бар.

Украина согушу жана Азербайжан саясатында деле расмий Анкаранын азыркы нугун болочокку жаңы президент (Эрдогандан башкасы шайланса деле) улантышы ажеп эмес. Бирок Кылычдароглу АКШ жана Европа Биримдиги менен алда канча тыгыз байланышты чыңдашы мүмкүн, деп күтүлүүдө.

Алдыдагы президенттик шайлоодо Эрдоганы жеңеби, Кылычдароглусу жеңеби, айтор, түркиялыктар ачык жана эркин шайлоо таймашына күбө болушат ко деген үмүт бар.

Ал эми Кылычдароглу мырза болсо өз талапкерлерин добуш берүү күнү кечкурун ар кандай чатактан жана провокациядан этият болууга чакыргандыгы да маалымдалды.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG