Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Ахмет Заки Валиди Тоган – залкар башкыр илимпозу жана мамлекеттик ишмери


Стамбул университетинин жанындагы А.З. Валиди Тогандын бедизи
Стамбул университетинин жанындагы А.З. Валиди Тогандын бедизи

Башкыр элинин чыгаан уулу Ахмет Заки Валиди Тоган оболу илимге сүңгүп, андан соң Орусияны демократиялык федерация катары куруп, анын ичинде Башкортостан автономиясын негиздөө үчүн күрөшкөн. Болшевиктерден жеңилген соң, бозгунга кетип, андан ары чыгыш таанууга зор салым кошкон. Тарыхчынын блогу.

Бала чак. Жетилүү

Ахмет (Ахмед) Заки Валиди 1890-жылы 10- (22-) декабрда падышалык Орусиянын Уфа губерниясынын Стерлитамак үйөзүнө караштуу Илчик-Тимир болуштугунун курамындагы Күзян (Кузяново) кыштагында туулган. Бул айыл азыркы тапта Башкортостандын Ишимбай районуна карайт.

Теги – башкыр. Анын ата-теги башка аймактардан ооп келгендердин бири (“типтер”, башкырча “типтәр”, б.а. келгин) болгондугу да айтылат. Ахмет Заки Валидинин эскеришинче, анын байыркы ата-теги башкырдын йурмат (юрмат) уруусуна келип кошулган ногойлордон чыккан, кийинки санжыралык тизимде башкырлардын кайлы уруусунун суклы-кай уругуна кирген. (Ногойлор орто кылымдардагы кыпчак урууларынын бири болгон).

Башкыр ордо шаары Уфадагы баатыр жана акын Салават Юлаевдин айкели. 24.2.2023.
Башкыр ордо шаары Уфадагы баатыр жана акын Салават Юлаевдин айкели. 24.2.2023.

Атасы Ахметша Ахметйан уулу Валидов (башкырча Әхмәтшаһ Әхмәтйән улы Вәлидов; 1860–1937) Стерлитамак шаарындагы медресени бүтүргөн. Ал Күзян айылында мечиттин алдында медресе ачкан. Ал “Хижазга саякат”, “Сатлык уулунун өмүрү” сыяктуу чыгармаларды жазган. Ал накшбандиййа сопулук тарыкатынын өкүлү болуп, эскичил диний көз караштарды жана байыркы үрп-адаттарды карманууга умтулган. 1937-жылы июлда аны “контрреволюциячыл ишмердиги” үчүн деген доо менен камакка алышкан. Ал ошол жылы 20-декабрда Уфа шаарында атууга кеткен. Ахметша Ахметйан уулу 1960-жылы толук акталган.

Энеси Уммулхайат Мухаметкафи кызы (1873–1946) да сабаттуу болгон. Ал медреседе таалим алган, кийин өз күйөөсүнүн медресесинде аялдарга сабак берген.

Дал ушундай үй-бүлөдө таалим-тарбия алып, Ахмет Заки тестиер кезинен эле ар кыл тилдерди үйрөнө башаган. Ага орус тилин өздөштүрүүгө мугалим Шагыбек Өзбеков (Шаһибәк Үзбәков) көмөк кылган. Алдыңкы көз караштагы таякеси Хабибназар Сатлыков (Хабибназар Үтеки) да уланга олуттуу таасир тийгизген.

1908-жылы (18 жашында) Ахмет Закинин эне тилдеги алгачкы макаласы “Идел” (“Эдил”, б.а. “Волга”) гезитинде арап жазмасында жарык көргөн. Ошол жылдан тартып ал Казан шаарындагы Касымиййа медресесинде окуган. Ал Эдилдеги бул ири шаарда ар кыл чыгармаларды жазуудан тышкары коомдук-саясий иштерге да жандуу катыша баштаган.

Илимге киришүү

Ахмет Заки Валиди 1909-жылдан тартып эле тарых жана арап адабияты жаатында окутуучулук кызматтарды аркалай баштаган. Өз сабагы үчүн ал түрк элдеринин тарыхын өз алдынча жалпылап жазууга аргасыз болгон.

22 жашка келген калемгердин “Түрктөрдүн жана татарлардын тарыхы” деген аталыштагы туңгуч ири китеби 1912-жылы “Миллат” басмаканасында арап жазмасында жарык көргөн. 1915-жылы анын такталган варианты кайрадан басылып чыккан, ал басылыш 1917-жылы кайрадан жарык көргөн жана жадитчилердин оң баасына татыган.

Ахмет Заки Валидинин европалык чыгыш таануу илимине сүңгүшүнө Николай Катанов, Василий Бартольд сыяктуу окумуштуулардын зор таасири тийген.

Маселен, Ахмет Заки Валиди 1913-жылы май айында теги хакас түрколог Николай Катановдун сунушу менен Казан университетинин алдындагы Археология, тарых жана этнография коомуна мүчө болуп шайланган.

Ошол коомдун каржылоосу менен Ахмет Заки Валиди 1913-жылдын октябрынан 1914-жылдын мартына чейин мусулмандык эски тарыхый булактарды издеп, Борбордук Азиядагы Кокон, Анжыян, Наманган, Ташкен, Самаркан сыяктуу шаарларды кезген.

Ахмет Заки Валиди Наманганда Мухаммед-кожо-эшен Лоляриштин китепканасынан айтылуу карахандык акын Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” китебинин дүйнөдө белгилүү үч нускасынын бирин көрүп, ал көчүрмө тууралуу маалыматты илим чөйрөсүнө киргизген. Илимде Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” эмгегинин “Наманган нускасы” деп аталган жана XII кылымда арап жазмасында көчүрүлгөн бул карахандык (“хаканиййа”) түрк тилиндеги нуска 6095 ыр сабын камтып, уйгур жазмасындагы Вена нускасына (1439 ыр сабы) жана арап жазмасындагы Каир нускасына (4361 ыр сабы) караганда алда канча көлөмдүү нуска болуп саналат.

Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” эмгегинин сакталган 3 көчүрмөсүнүн түстүү фото факсимилеси. Түркия. 14-июнь, 2015-жыл.
Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” эмгегинин сакталган 3 көчүрмөсүнүн түстүү фото факсимилеси. Түркия. 14-июнь, 2015-жыл.

Ахмет Заки Валиди орто кылымдардагы жети-суулук (алмалыктык) тарыхчы Жамал Каршы жазган баалуу эмгектин көчүрмөсүн да Казан университетинин илимий коому үчүн сатып алган.

24 жаштагы окумуштуунун өз саякатынын жыйынтыктары тууралуу Казан университетинин алдындагы Археология, тарых жана этнография коомундагы 1914-жылдын 20-апрелиндеги баяндамасы өзгөчө жылуу кабыл алынган.

Андан соң Ахмет Заки Валиди Санкт-Петербург шаарына келип, В.В.Радловдун үйүндө дагы бир жолу баяндама жасаган. Аны угуп тургандардын арасында академик Василий Бартольд да болгон.

В.В.Бартольддун сунушу боюнча анын кийинки (Бухараны көздөй) илимий сапарын Орусиянын Борбордук жана Чыгыш Азияны изилдөө боюнча комитети жана Орусиянын Императордук илимдер академиясы каржылык колдоого алган.

1914-жылы 31-майда Ахмет Заки Валиди Санкт-Петербургдан чыгып, 6-июнда Ташкентке, эртеси Наманган менен Скобелев (азыркы Фергана) шаарына, 12-июнда Бухарага келген. 23-июнда ал Бухарадан чыгып, Шаршаузга, андан Сурхан-Дарыя өрөөнүндөгү башка шаарларга (Гузар, Байсун ж. б.) барат.

Кайтып келе жатып, 1914-жылдын 16-июлунда Ахмет Заки Валиди Каршиге токтойт. Мында ал “Курандын” аяттарынын сапма-сап жүзөгө ашырылган карахандык түркчө котормосу камтылган өзгөчө баалуу кол жазманы тапкан. (Балким, “Курандын” алгачкы түркчө котормо далаалаттары Карахандар доорунан да эртерээк жүзөгө ашырылган болушу деле ыктымал, деген жоромолдор бар).

Ошентип, 1914-жылдагы Борбордук Азияга жасаган экинчи саякатында да Ахмет Заки Валиди өтө маанилүү башка кол жазмаларды илим чөйрөсүнө киргизген.

Демек, саясатчылык анын ишмердигинин кийинки гана баскычы болгон.

Ахмет Заки Валидинин эки баяндамасы тең 1915–1916-жылдары (Биринчи дүйнөлүк согуш жүрүп жаткан кезеңде) “Императордук орусиялык археологиялык коомдун Чыгыш бөлүмүнүн жазмалары” («Записки Восточного отделения Императорского русского археологического Общества») басылмасынын XXII жана XXIII томдорунда В.В.Бартольддун редактордугу астында жарык көргөн.

Автономия үчүн күрөш

Ахмет Заки Валиди 1917-жылдан тартып түрк тилдүү Эдил жана Орол (Урал) калктарынын жана башка мусулмандардын саясий кыймылдарына жигердүү катыша баштаган.

Ошол жылы ал бир канча айлар бою социалист-революционер (эсэр) партиясына мүчө болгондугу да маалым.

Маселен, мурдагы макалаларыбыздын биринде айтылгандай, 1917-жылы 20–27-июлда Оренбург шаарында "Кербен-сарай" (“Караван сарай”) деген имаратта Биринчи жалпы башкыр курултайы өткөрүлгөн. Ага Уфа (Өфө), Оренбург, Самара, Пермь, Челябинск губернияларынан көптөгөн башкыр ж.б. түрк ишмерлери келип катышкан.

Бул курултайдын төрүнө (президиумуна) Ахмет Заки Валиди Тоган (Ахметзаки Валидов), Сагит Мрясов, Аллабирде Ягафаров, ишкер жана диниятчы Габдулхай Курбангалиев, мугалим Хурматулла Иделбаев мырзалар шайланышкан.

1917-жылы 15-ноябрда Башкыр борбордук кеңеши (“шуро”) Башкортостан автономиясы түзүлдү деп жарыялаган, бул автономия болочоктогу демократиялуу Орусия федерациясынын бир бөлүгү болуп калууга тийиш эле. Бул автономия тууралуу жарыя “Правда” гезити аркылуу да маалымдалган.

1917-жылы 8–20-декабрда Оренбург шаарында башкыр элинин үчүнчү курултайы өткөрүлгөн. Ал тарыхта “Бүткүл башкырдык уюштуруу курултайы” деген ат менен калды.

Курултайдын төрагасы болуп Ахмет Заки Валиди шайланган. Курултай Башкыр автономиясынын негизделишинин конкреттүү маселелерин чечкен. Мурдагы падышалык Орусиянын аймагынын салыштырма ичкерки аймагында жайгашкан бул автономия өзүнүн автономиялык макамын болочокку Бүткүл орусиялык Башкы мыйзам аркылуу тастыкташы керектиги Оренбургдагы башкыр курултайында баса белгиленген.

Ахмет Заки Валиди курултайда Башкортостандын чек арасынын эки вариантынын картасын тааныштырган. Кичи Башкырияга башкырлар жашаган негизги аймактар кирсе, Чоң Башкырияга андан тышкары татар, чуваш жана башка элдер байырлаган кеңири аймак камтылган.

Курултай алгачкы баскычта Кичи Башкыриянын чегинде автономия түзүү иштерин баштоону туура тапкан. Айтмакчы, бул курултайга катышууга таптык, саясий, социалдык жана этностук чектөөлөр болгон эмес, демек, бул жыйын кыйла демократиялуу мүнөздө болгон. Убактылуу өкмөттүн жергиликтүү губерниялык комиссарынын атынан да курултайдын ишине куттуктоо сөз айтылган.

Жалпы башкыр курултайы болочокку Орусияны федерациялык, демократиялык жумурият болот жана ага кирген автономиялар тең укукта болушат, деп аңдагандыгы курултайда кабыл алынган “Бүткүл орусиялык федерация жана Башкыртстандын бул федерацияга мамилеси жөнүндө резолюция” (“Резолюция об Общероссийской федерации и отношении Башкурдистана к этой федерации”) деген расмий документте айдан ачык баяндалган.

1917-жылы 10-декабрда жалпы башкыр курултайы “Кичи курултай” (“Кесе курултай”) деген органды түзгөн. 22 мүчөдөн турган бул мекеме эрте парламент (өкмөттүк мекемелерди уюштуруу жана тиешелүү мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктары бар өткөөл мамлекеттик башкаруу бутагы) болуп калган. Ага мүчө болуп Ахмет Заки Валиди да шайланган. Өкмөт төрагасы болуп Юнус Биков шайланган.

Ахмет Заки Валиди Башкыр аскер башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

Кызылдар менен актардын – дөшү менен балканын ортосунда

Башында В.И.Ленин бул автономияга жылуу мамиле жасаган, анткени ал В.И.Ленин кол койгон декретке дээрлик ылайык келген. (Анын көп партиялуулук мүнөзү гана болшевиктерге жаккан эмес).

1917-жылдын акыры – 1918-жылдын башында Башкыр облустук кеңеши (шуро) болшевиктер менен ак гвардиячылардын ортосунда бейтарап калууга умтулган учур болгон. Атаман Дутов да башкырларды өзүнө тарта албай койгон кезде, Ахмет Заки Валиди жетектеген Башкыр облустук кеңешин (шурону) “жарым-жартылай болшевиктик” уюм катары баалагандар да болгон.

Бирок Лениндин өкмөтүнө лоялдуу мамиледе болгон Башкыр автономиясынын бир катар лидерлери 1918-жылы 3-февралда Оренбург шаарында болшевиктер тарабынан убактылуу камакка алынган. Кармалгандардын арасында Ахмет Заки Валиди да болгон. (Камалгандар 1918-жылы 3-апрелде кызылдарга каршы чыккан башкыр күчтөрү тарабынан бошотулуп алынган).

Айрым автономиячыл башкыр саясатчылары 1918-жылы мартта кызыл гвардиячылар тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Автономиячылардын бир даары жиктелип, болшевиктер тарабына өтүп, көп партиялуулук принцибинен баш тартып, жалаң гана болшевиктик Кеңеш өкмөтүнө караштуу автономия түзүү идеясын колдоп чыгышкан.

Ал эми 1918-жылы май айында чехословак корпусу көтөрүлүш чыгарып, Челябинск менен Омск шаарларынын ортосундагы темир жолду басып алышкан чакта, бул удулду демократиялуу автономия куруу идеясын колдогондор (анын ичинде Ахмет Заки Валиди) пайдаланышкан.

29-майда Челябинск шаарына келип, Ахмет Заки Валиди чехословак корпусунун жетекчилигинен Башкыр автономиясы үчүн кеңсеге имарат сураган жана башкыр аскер тобун курай баштаган.

Болшевиктер жаңы оюн баштап, татарлар менен башкырларды жана башкырлар менен казактарды бирдиктүү автономияга баш коштуруу долбоорлорун да сунушташкан.

1918-жылы 7-июнда Башкыр улуттук өкмөтүн калыбына келтирүү тууралуу буйрук (фарман) чыгарылган. Өкмөттү Сагит Мрасов, кийин Юнус Биков жетектеген. Аскердик жетекчиликти мурдагыдай эле Ахмет Заки Валиди жүзөгө ашыра берген.

1918-жылы августта Башкыр өкмөтү кайра Оренбург шаарына көчүп келген. Бул өкмөт казак менен кыргыздын Алаш Ордо өкмөтү, Самарадагы эсэрлердин көп этностуу бийлиги, Чехословак корпусу ж.б. менен дурус байланыш түзүү аракетин жасаган.

1918-жылдын күзүнө карата 7 миң жоокерден турган Башкыр кошууну (корпусу) жана башка жаңы кошуундар калыптанган.

Ак гвардиячылардын адмирал Александр Колчак сыяктуу шовинист жетекчилери унитардуу гана мамлекет түзүүгө умтулуп, улуттук автономия идеяларына каршы чыгышканда, 1918-жылдын соңуна карата Ахмет Заки Валиди Башкыр автономиясын сактап калуу үчүн кайрадан Лениндин өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзө баштайт.

1919-жылы 30-январда Уфа шаарында сүйлөшүүлөр соңуна чыгат. Колчакка каршы бирдиктүү согушка башкырларды тартуу үчүн В.И.Ленин башкыр улутуна автономиялуу болууга толук эркиндик берүүгө убада кылат.

Советтик Башкырстандын көйгөйлөрү

1919-жылы 16-февралда Башкыр автономиясынын жетекчилиги кабыл алган токтомго ылайык, 18-февралда саат 10:00дон тартып Башкыр өкмөтү толугу менен советтик өкмөт болуп калаары жарыяланган. Кичи Башкырия, ошентип, 18-февралдан тартып РСФСРдин курамындагы Башкыр Советтик Республикасы болуп калган.

1919-жылы 22-февралда Темясово жергесинде Биринчи Бүткүл башкыр аскер курултайы тарабынан Ахмет Заки Валиди Башкыр революциячыл комитетинин төрагасы болуп шайланган.

Бирок ошол күндөрдөн тартып эле Ахмет Заки Валиди менен Владимир Лениндин өкмөтүнүн өз ара түшүнбөстүктөрү башталат.

Ал башкыр аскерлерин өз алдынча аскер катары сактап калууга далаалаттанган, ал эми болшевиктик өкмөт башкыр кошуундарын таркатууну, жоокерлерин Кызыл армияга киргизип алууну болжогон.

Март айында Ахмет Заки Валиди жана башка шериктери Маскөөдө советтик Орусиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзгөн. Акыры 20-мартта РСФСРдин Эл комиссарлар кеңеши Башкортостан менен макулдашуунун текстин жактырган. Ошол эле күнү Бүткүл орусиялык Борбордук аткаруу комитети аны бекиткен.

Эң башкысы, автономия Башкортостанга үстүртөдөн “белек” катары келбестен, болшевиктер келе электе түзүлгөн автонгмиянын жетекчилигинин ыктыярлдуу келишимге баруусу аркылуу РСФСР тарабынан тастыкталган мамлекеттик түзүлүш болуп калган. Башкыр аскерлери да сакталган.

РСФСРдин коңшу губерниялварындагы шовинисттик маанайдагы айрым орус жетекчилер Ахмет Заки Валиди мырзаны “башкырлардын улуттук ынтымагын жаратып берген пайгамбар” деп эликтешкен.

1919–1920-жылдары РКП(б) БКнын жана Бүткүл орусиялык Борбордук аткаруу комитетинин Башкыр СРинин өкмөтүндөгү Өзгөчө ыйгарым укуктуу өкүлү болгон, демек, Лениндин борбордук бийлигинин өкүлү катары иш алып барган Артём (Фёдор Сергеев; 1883–1921) сыяктуу болшевик ишмерлер “коммунизмге карай илгерилеген сайын жаңы муундар орус жана англис тилдеринде гана сүйлөп калышат, ал эми башка майда-барат тилдердин жашап жатышы – убактылуу гана көрүнүш” деп аңдашкан.

1920-жылы апрелде Лениндин өкмөтү автономиялуу Башкыр ССРи тууралуу декреттин долбоорун даярдаган (ал 1920-жылы 19-майда чыккан).

Башревкомдун төрагасы катары Ахмет Заки Валиди Владимир Лениндин өзүнө Маскөөдө кайрылып, 1919-жылдагы макулдашуунун теңата рухун сактоо зарылдыгын эске салганда, Ленин ага бир жыл мурдагы макулдашуу “жөн гана кагаз” экенин айтып, анын эми Маскөөгө эч кандай милдеттенме тага албастыгын ачык билдирген.

Болшевиктерге каршы саясий нук

1920-жылы июнда Ахмет Заки Валиди жана башка бир катар башкыр лидерлери автономиялуу Башкыр СРиндеги өз кызматтарынан баш тартышкан. Алар улуу державалык саясатка каршы нааразылык ирээтинде Башкортостандан чет жакка чыгып кетип жатышкандыгын 17-июнда шардана кылышкан.

Ошентип, 1917–1920-жылдардагы демократиялуу Башкортостан автономиясын түзүү далаалаты күчтөнүп алган Лениндин өкмөтү тарабынан 1920-жылы июнда жокко чыгарылган соң, мурдагы Башкортостан революциячыл комитетинин жетекчиси Ахмет Заки Валиди оболу Азербайжандын борбору Бакы шаарына жашырынып келет, андан ары Дагестан аркылуу Борбордук Азияга чегинип кетет.

Бакыда Ахмет Заки Валиди 1920-жылдын 1–5-сентябрында өткөн Чыгыш элдеринин курултайынын алгачкы отурумдарына катышкан (ал өзүн бул курултайдын демилгечилеринин бири катары санаган, бирок курултайды болшевиктер толук көзөмөлдөп калганына кейиген). Мында ал Турар Рыскулов жана Төрөкул Жанузаков менен чогуу иштешкен (эскерүүсүндө ал кыргыз саясатчысынын ысымын Төрөкул дебестен, Ибрагим деп жазат).

1920-жылы күзүндө Ахмет Заки Валиди эгемен Хива Элдик жумуриятынын каржы министри менен тымызын жолугушуу учурунда “болшевиктер Башкыр автономиясын да жойду, эми кезек сиздерге жакындады”, деп эскерткен. Чынында да, окуялар ошол багытта улантылды.

Ал Бухара эмирлигин да болшевиктердин алдамчы саясатынан сак болууга, эгемендигин сактап калууга чакырган.

Басмачылар менен кызматташтык

Ошол эле жылдан тартып Ахмет Заки Валиди Борбордук Азия чөлкөмүндөгү басмачылык кыймылын чыңдоого жекече салым кошкон.

Айтмакчы, ал болшевиктерден басмачылар тарабына жаңы гана өтүп келген белгилүү кыргыз саясатчысы Төрөкул Жанузаков (1893–1921) менен 1914-жылдан бери тааныш болчу. Эми ал басмачылык кыймылын чыңдоодо аны менен кызматташкан.

Алар жалаң гана саясатты талкуулашпастан, кыргыз таануу жаатында да баарлашкан. Маселен, Ахмет Заки Валиди Төрөкул Жанузаков менен чогуу “Манас” эпосу жаатында илимий эмгек жазууну болжошкону да маалым. Бирок Төрөкул Жанузаков кызыл аскерлердин чабуулу маалында мерт кетип, анын тынчтык заманында уланта турганы болжолдонгон илим жаатындагы кыялы да, колундагы кол жазма маалыматтар да ойрон болгон.

1921-жылы жайында Ахмет Заки Валиди Түркстан Улуттук биримдиги Кеңешинин Борбордук комитетинин төрагасы болуп шайланган.

Евразиядагы окуялар тездеп өнүккөн.

1921-жылы Польша менен Советтик Орусиянын согушу тынчтык келишими менен аяктап, натыйжада советтик Орусия Польшага ири өлчөмдө репарация төлөөгө милдеттенет. Бирок бул жагдай – батыштагы согуштун аякташынын аркасында кызыл аскерлердин бир катар кошуундарын батыш жактагы чек арадан Борбордук Азияга которууга, мындагы эгеменчилер, анын ичинде басмачылар менен күрөшкө куралдуу күчтөрдү көбүрөөк тартууга жаңы мүмкүнчүлүк ачылды, дегенди туюнткан.

1920-жылдын ичинде жаңыдан каратылган Хива хандыгы Хорезм элдик советтик жумурияты болуп, Бухара эмирлиги болсо Бухара элдик советтик жумурияты болуп калышты (ошентип, иш жүзүндө бул аймактар мурдагы эгемендигинен биротоло ажыраган).

Чөлкөмдөгү басмачылар 1922–23-жылдары андан ары ири жеңилишке учурашты.

Ленинге жазылган соңку кат

Дал ошол кырдаалда, 1923-жылы 20-февралда, Ахмет Заки Валиди биротоло бозгунга кетээр алдында Кеңеш өкмөтүнүн башчысы Владимир Ленинге узун кат жолдогон.

Ал катта Ахмет Заки Валиди орусиялык болшевиктер өздөрүнө керек эмес учурда улуттук боштондук кыймылдарын тебелеп-тепсегендигин мындайча белгилеген:

“Тээ 1915-жылы эле сиздин өтө жакын досторуңуз менен Уфа шаарында талаш-тартыш жүргүзүүмө туура келген. Мен аларга Сиздер пландап жаткан социалисттик режим бардык адамдык укуктарды одоно бузууга барчу террорчул уюм катары жүзөгө ашырылат деп далилдеп айткан элем.

Эми биз эмнеге күбө болуп жатабыз? Пятаков, кесиптик кошуундар тууралуу талкуу маалында Сизге ушул суроону жолдоо менен, туура айткан. Ал Сиздерди жумушчу табынын үстүнөн улам тебелеп желе беришиңерди токтотпойсуңар да, деп жемелеген. Анан бул жумушчу табы өз каны жана жан тери менен ыңкылапты жүзөгө ашырды. Роза Люксембург дагы: эгерде социализм идеялары империализмдин салттарынын таасири астында кала берген улуу улуттардын каалоолоруна ыңгайлаша берчү болсо, анда мындай жагдайдан эч бир жакшылыкты күтүүгө болбойт, деп алдын ала туура эскерткен болчу.

Этият болуңуз. Балким, кетирилген калпыстыктардын башатында Өзүңүз туруп жаткандырсыз? Ахметзаки Валидов”.

(Азнагулов В.Г., Хамитова З.Г. Парламентаризм в Башкортостане: история и современность. – Уфа: ГРИ «Башкортостан». 2005. – 304 с., ил. – С. 45).

Баарынан кызыгы, бул каттын башында: “Терең урматтуу Владимир Ильич! Алдын ала билип турганымдай, сиздин ооруп жаткандыгыңызга байланыштуу менин катым сизге тапшырылбай калат, аны окуй албай каласыз. Бирок бул каттын көчүрмөсүн көп сандаган досторума жана үзөңгүлөштөрүмө жөнөтөм жана ал тарыхый документ болуп калмакчы”, – деп жазылган эле...

Махмуд Кашгаринин "Дивану лугати т-түрк" эмгегиндеги дүйнө картасынын Борбордук жана Чыгыш Азия бөлүгүнүн кыргызча котормосу. Т.Чоротегин. 1997-ж.
Махмуд Кашгаринин "Дивану лугати т-түрк" эмгегиндеги дүйнө картасынын Борбордук жана Чыгыш Азия бөлүгүнүн кыргызча котормосу. Т.Чоротегин. 1997-ж.

Бозгундагы илимий ачылыштар

Ахмет Заки Валиди Тоган аргасыздан бозгунга кетип, улам жаңы чет өлкөдө азап чегип жүргөндө да чыгыш таануу жаатында илимий ачылыштар жасоосун уланткан.

Маселен, 1923-жылы 12-мартта ал Ирандын Мешхед шаарына келип, мында 20-апрелге чейин кыска убакытта болгон чагында “MS 5229” деген номурлуу жана XIII кылымда көчүрүлгөн баалуу кол жазманы илим чөйрөсүнө киргизген.

Арап саякатчысы Ибн ал-Факихтин баалуу эмгеги да камтылган бул топтомдо X кылымда арап саякатчысы Ибн Фадландын Эдил Булгар каганатына жасаган саякаты тууралуу эмгеги жана ошол эле кылымдагы Абу Дулаф деген арап саякатчысынын эки каты (“рисала”) табылган. Дал ушул Абу Дулаф ысымдуу саякатчы тарабынан кыргыздар X кылымда өзүнчө жазма маданиятына ээ жана өз байрагы бар (эгемен) эл деп эскерилген эмеспи.

Ал Мешхеддеги күндөрү өз күндөлүгүнө: “Балким, Ибн ал-Факих менен Ибн Фадлан тагдырыма жаңы багыт беришээр”? – деп жазган экен. Чынында да андан ары анын тагдыры илимий ишмердик менен тыгыз байланышта болду.

Ахмет Заки Валиди Тоган бир аз убакыт Батыш Европада да байырлап калат. 1925-жылы ага түрк жарандыгы берилген да, ал Түркияда жашай баштаган. 1927-жылы ал казак коомдук ишмери, мурдагы Түркстан автономиясынын өкмөт башчысы Мустапа Чокай менен биргеликтер Стамбулда “Жаңы Түркстан” журналын негиздеген (журнал 1927–1931-жылдары чыгып турган).

Учурунда Мустапа Чокай мырза Ахмет Заки Валидини 1919-жылы болшевиктер менен келишим түзгөндүгү үчүн чыккынчы катары аёосуз сынга алгандыгы да маалым, бирок жаңы кырдаалда эки бозгун айдың өз ара кызматташууга барышкан.

Решит Галипти сындоо

Түркиялык коомдук ишмер, мурда депутат да болгон Мустафа Решит Галип (Mustafa Reşit Galip; 1893, Родос – 05.3.1934, Анкара) мырза 1932-жылдын 19-сентябрынан 1933-жылдын 13-августуна чейин Түркиянын Билим берүү министри болгон. Аны Ататүрк да барктаган.

Түркияда жарыяланган ар кыл маалыматтарга караганда, өз пикирин ачык айтуудан эч жазганбаган илимпоз Заки Валиди Тоган 1932-жылы Биринчи Түрк тарыхы курултайында (конгрессинде) медицина доктору Мустафа Решит Галиптин баяндамасындагы Борбордук Азия аймагы тарыхта ички деңиз болгон, кийин бара-бара чөлгө айланган, деген жоромолду кескин сынга алган.

Решит Галип бул илимий курултайда Заки Валиди Тоган сыяктуу “эскичил окутуучуларга университетте таалим берүү үчүн орун жок болууга тийиш” деген мааниде жооп кылып сүйлөгөн.

Министрди бозгун татар окумуштуусу Садри Максуди эбин таап колдоп сүйлөгөн. Максуди мырзага Ахмет Заки Валидинин 1917–20-жылдардагы жалаң гана башкыр автономиясы үчүн күрөшү, татар-башкыр орток автономиясын колдобогондугу эч жаккан эмес, бирок Максуди мырза илимий курултайдагы сөзүндө “казан татарлары” дегендин ордуна “түрк” сөзүн колдонуп, Ахмет Заки Валиди “жалпы түрк ынтымагына каршы чыккан” дегендей мааниде жаманатты кылып, чындыкты бурмалап айткан.

Албетте, жаш түрк окумуштуусу Хүсейин Нихал Атсыз сыяктуу айрым окутуучулар өздөрүнүн Ахмет Заки Валиди Тогандын окуучусу болгондугуна сыймыктанышаарын айтып, Решит Галипке нааразылык телеграмма кат да жөнөтүшкөнү маалым.

Айтор, бул адилетсиз сындан кийин Заки Валиди Тоган Түркиядан Батыш Европага чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Батыш Европадагы илимий ишмердик

1932–39-жылдары Ахмет Заки Валиди Батыш Европада байырлагандыгы анын илимий чыгармачылыгынын кийинки баскычы үчүн зор мааниге ээ болду.

Ал 1935-жылы Австриядагы Вена университетинде саякатчы Ибн Фадландын мурасы жаатында доктордук диссертациясын немис тилинде жактаган.

1930-жылдардын орто ченинен тартып ал Германияда (Бонндо жана Гөттингенде) дарс окуган.

Экинчи дүйнөлүк согуштун так алдында, 1939-жылы ал Түркиянын Билим берүү министри Хасан Али Йүжел (Hasan Ali Yücel) мырзанын чакырыгына ылайык Стамбул университетине кайтып келген.

Жеке турмушундагы азаптары жана кайра жанган үмүттөрү

Коомдук ишмер жана окумуштуу Ахмет Заки Валидинин жеке өзү тагдырдын ар кыл оор сыноолорун баштан кечирген.

Анын бир катар улутташтары, жакындары жана, ал түгүл, аны эч тааныбаган ар кыл замандаштары деле аны менен байланыштырылып, жеке тагдырларында юөөдө жерден азап чеккен учурлар да арбын болгон.

Маселен, 1930-жылдары сталинчилер “валидовчулук” (“валидовщина”) деген жалган жалааны көптөгөн башкыр айдыңдарын жазыксыз жерден жазалоо, репрессиялоо үчүн демейдеги ур-токмок сөзүнө айлантып колдонушкан. (Кыргызстандагы ойдон чыгарылган пантүркчү, пантуранчы, Социал-Туран деген партияны жактаган деп 1930-жылдары жазыксыз жазалангандарды эстейли).

Ахмет Закинин өз атасы Ахметша Ахметйан уулу, жогоруда учкай айтылгандай, ГУЛагда набыт кеткен.

1921-жылы июнда анын алгачкы жубайы Нафиса Хажимухаммат кызы Якшимбетова жана уулу Ырыс Бухара шаарына келгендиги, бул шаарда Ырыс безгек оорусуна кабылып, чарчап калгандыгы Ахмет Закинин эскерүүсүндө айтылат.

Ахмет Заки Валиди Түркстан аймагынан Иранга качып чыккан кезде, боюнда бар аялы Нафиса Түркстанда кала берүүгө аргасыз болгон. Ошол бойдон алар көрүшпөй калышкан.

Ахмет Заки Валиди Ленин, Сталинге жана Фрунзеге жубайы Нафиса Хажимухаммат кызы Якшимбетованы бозгунга чыгарып берүү жөнүндө улам-улам өтүнүч каттарды жолдогон, бирок өтүнүчү жоопсуз калтырылган.

Нафиса Якшимбетова айым Казакстанда сүргүндө жүрүп кайтыш болгон, дешет. (Башка маалыматка караганда, Нафиса Хажимухаммат кызы сүргүндөн кийин башка кишиге турмушка чыккан делет).

Ахмет Заки Валиди жалпы түрк калктарынын тагдыры жаатында Түркиянын бийликтери менен да тил табыша албай калган учурлар болгон.

1944-жылы (сталиндик режимдин сырткы тымызын таасири менен) Ахмед Заки Валиди Тоган (Алпарслан Түркеш, Нихал Атсыз, ж.б. коомдук ишмерлер менен бирдикте) Түркияда 10 жылдык абакка түркчү (туранчы) улутчул катары абакка кесилген, бирок 17 айдан кийин абактан чыгарылган.

1947-жылы 31-мартта калган абактагылар да бүт сотто акталып чыгышкан.

Ахмет Заки Валиди Тоган атындагы паркты ачуу аземи. Кечиөрен, Анкара шаары. 27.8.2010.
Ахмет Заки Валиди Тоган атындагы паркты ачуу аземи. Кечиөрен, Анкара шаары. 27.8.2010.

Кийинки бүлөсү

Кийинчерээк, 1940-жылы, Ахмет Заки Валиди Тоган Түркияда кайра үйлөнүп, кийинки жубайы Назмие Унгардан бир уул, бир кыздуу болгон. Уулу, профессор Сүбидей Тоган (Sübidey Togan) – илимпоз экономист болду. Кызы, профессор Исенбике Тоган (İsenbike Togan) – чыгыш таануучу жана тарыхчы окумуштуу катары ат кашкасындай таанымал. Небереси Эмре Тоган АКШдагы Гарвард университетинде иштеп келет.

Айтмакчы, ардагер Исенбике Тоган апай Башкортостанга да, Кыргызстанга да келип кеткен жана 1992-жылдан тартып далай кыргыз шакирттерди тарбиялады. Ал ЮНЕСКОго караштуу Борбордук Азиядагы көчмөндөр цивилизациясын изилдөө институтуна да жигердүү салым кошту.

Ахмет Заки Валиди Тоган (1890-1970)
Ахмет Заки Валиди Тоган (1890-1970)

Кадырлуу карылык

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Ахмет Заки Валиди илимпоз катары Түркияда жана Батыш Европада зор кадыр-баркка ээ болуп жашады.

Анын башка эмгектеринин ичинен 1946-жылы Стамбулдагы Исмайил Акгүн басмасы жарыялаган “Жалпы түрк тарыхына киришүү” ( “Umumi Türk Tarihine Giriş”) эмгеги жалпы түрк элдеринин тарыхынын өз доору үчүн мыкты жалпыламасы болуп саналат.

Айтмакчы, эгерде СССРде кимдир-бирөө абакка түшсө, анын китебин жарыялоого бери дегенде көмүскө тыюу салынмак. Түркияда бийликтердин өкүлдөрү айрым чыгармаларынын мазмунуна нааразы болгонуна карабастан, Азиз Несин сыяктуу далай солчул жазуучулардын эмгектери жарыяланып келген. Ахмет Заки Валидинин эмгегинин 1946-жылы жарык көрүшү да Түркиянын коомдук турмушундагы ошол айырмачылыкты айгинелейт.

Ал кыргыз тарыхына да астейдил мамиле кылган. Кыргыз каганатынын кубаттуу болгон доорунан кийин айрым кыргыздар (X кылымдан тартып эле) Энесайда гана эмес, Теңир-Тоодо да жашай баштаган, деген пикирди ал профессорлор Анвар Байтур (1938–1991), Өмүркул Караев (1930–2002) жана Юлий Худяковго (1947–2021) чейин эле жазган чыгыш таануучулардан болгон.

Ахмет Заки Валиди 1953-жылы Стамбул университетинде “Ислам изилдөөлөр институтун” (İslam Tetkikleri Enstitüsü) негиздеген. 1967-жылы ага Улуу Британиядагы Манчестер университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылган. Ошол эле учурда ал “Түрк элдеринин энциклопедиясына” макалалар жазып, салым кошкон. Анын түрк элдеринин маданияты, тили жана тарыхы тууралуу макалалары дүйнөдөгү көптөгөн тилдерге которулган.

Ахмет Заки Валиди 1970-жылы 26-июлда кайтыш болуп, сөөгү Стамбулдагы Каражаахмет көрүстөнүндө жерге берилген.

Ахмет Заки Валиди Тогандын (1890–1970) үй-бүлөсүнүн бейити. Стамбулдун Каражаахмет көрүстөнү. 06.5.2023.
Ахмет Заки Валиди Тогандын (1890–1970) үй-бүлөсүнүн бейити. Стамбулдун Каражаахмет көрүстөнү. 06.5.2023.

Эстутум

Түрк өлкөлөрүндө жана Орусиянын айрым аймактарында Ахмет Заки Валидинин ысымын түбөлүккө калтыруунун ар кыл чаралары жүзөгө ашырылган.

Маселен, 1992-жылы Ташкент шаарында Ахмет Заки Валиди атындагы Башкыр маданий борбору ачылган.

1992-жылы 23-июлда Башкортостандын Улуттук китепканасына Ахмет Заки Валидинин ысымы ыйгарылган.

2010-жылдын 15-февралында Уфада ага арналган эскерүү тактасы ачылган.

2010-жылы Башкортостан Республикасынын Илимдер академиясынын коомдук сыйлыгы – “Ахмет-Заки Валиди Тоган” мааракелик медалы негизделген.

2010-жыл Түрк маданиятын жана өнөрүн биргелешип өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм (ТҮРКСОЙ) тарабынан илимпоздун туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу “Ахмет Заки Валиди жылы” деп жарыяланган.

2010-жылы 26-августта Анкаранын Кечиөрен районунда Ахмет Заки Валиди атындагы парк ачылган.

Ахмет Заки Велиди Тогандын Петербургдагы айкели. 2008-2021.
Ахмет Заки Велиди Тогандын Петербургдагы айкели. 2008-2021.

Оош-кыйыш окуялар да орун алган. Маселен, 2008-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде окумуштуунун бедизи орнотулган. 2021-жылдын январынын аягында Санкт-Петербургдагы бул бедиз илимпоз нацисттер менен кызматташкан, деген кинеге ылайык Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен кайра алынып салынган. (Ал эми 1939-жылдын августундагы Молотов-Риббентроп пактына колдоо кылган Иосиф Сталиндин жаңы айкелдери Орусияда орнотулууда).

Ахмет Заки Валиди Тоган атындагы паркты ачуу аземинде. Кечиөрен, Анкара шаары. 27.8.2010.
Ахмет Заки Валиди Тоган атындагы паркты ачуу аземинде. Кечиөрен, Анкара шаары. 27.8.2010.

Жалпы түркологдор жана чыгыш таануучулар, ошондой эле Башкортостандын демократиялуу, көп партиялуу, көп этностуу автономияны куруу күрөшүнүн тарыхын аздектегендер, албетте, Ахмет Заки Валиди Тогандын жаркын элесин ырааттуу эскерип келишет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG