Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Тыва Улусунун негиздөөчүсү Буйан-Бадыргы 1932-ж. жазыксыз жайран болгон


Моңгуш Буйан-Бадыргынын жаш чагындагы сүрөтү. Фейсбук.
Моңгуш Буйан-Бадыргынын жаш чагындагы сүрөтү. Фейсбук.

Совет дооруна чейин эгемен Тыва (Тува) мамлекетин негиздегендердин бири Моңгуш Буйан-Бадыргынын өмүрүн сталинчилер кыйган.

Алгы сөз

Советтер Биримдигине 1944-жылы гана кошулган Түштүк Шибердеги жана Ички Азиядагы мамлекет – Танну-Тува элдик жумурияты болчу. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Моңгуш Буйан-Бадыргы (тывача Хүн Ноян Моңгуш Буян-Бадыргы Үгер-Даа) 1921-жылы баш оона (август) айында бул мамлекеттин Министрлер Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган. (Мындагы “Хүн Ноян” сөзү кыргызча “бек”, “бий”, “аким”, “манап” сөзүнө жакын. Ал эми “Үгер-Даа” (“Ыйыктыкты жайылтуучу”) – бутпарастык ардактуу ысым).

Энесайдын башатындагы 1921–1944-жылдары өкүм сүргөн мамлекетти телчиктирген кубаттуу топтун өкүлү болгон бул инсандын тагдыры –далай убакытка чейин СССРдеги тарыхтын кара тактарынын бири эле.

Тыванын заманбап укук коргоочу журналисттеринин бири Сайана Моңгуш айымдын “Фейсбуктагы” быйылкы 12-октябрдагы жарыясында белгиленгендей, Моңгуш Буйан-Бадыргы сталинчилердин абагынан өзүнүн өмүрлүк жубайына эски монгол алфавитинде жазган акыркы катын мындайча сөздөр менен баштаган экен:

Очогумдун кожоюну! Эч коркпогула. Кайгырбагыла. Мен үчүн кабатырланбагыла. Мага жалаа жабышты, бирок мен боштондукка чыгам...”

Абакта кармалган кезинде да ыр жазган Моңгуш Буйан-Бадыргы өз ырларынын алгачкы саптарын “кайгы” сөзү менен баштаган экен: “Заманамдын кайгысы”, “Ысымымдын кайгысы”, “Жылдызымдын кайгысы”, “Күзгү күн күркүрөөнүн кайгысы”...

Биз кыргыз окурмандарына тывалык боордошубуз, жаш кеткен Моңгуш Буйан-Бадыргынын жалындуу өмүр жолу тууралуу кыска болсо да баяндап берүүнү туура көрдүк.

Эгемендикке чейин

Моңгуш Буйан-Бадыргы 1892-жылы көктөмдө, чын куран (апрел) айынын 25инде, малчы Номчул Моңгуштун үй-бүлөсүндө туулган. Анын туулган Аянгаты айылы азыркы тапта Орусия Федерациясынын Тыва Республикасына караштуу Барун-Хемчик кожуунуна карайт.

Хемчик даа-кожуунунун төбөлү (нойону) Моңгуш Хайдып (анын Буурул Нойон деген да барктуу аты болгон) аны жаш кезинен асырап, жакшы таалим бердирип чоңойткон.

Хайдыпты жердештери “Үгер-Даа” (“Ыйыктыкты жайылтуучу”) деп барктап келишчү. Аны менен жолуккан европалык саякатчылар анын ак сөөк мүнөзүнө, терең билимине, башкаруу жөндөмүнө тен беришкен.

XX кылымдын башындагы орус-жапон урушунан кийин Хайдып түндүктөгү коңшуларына салкын көз карашта боло баштаган. Аны шибердик казак орустар Усинск шаарына сүйлөшүүгө чакырып, ал жерден уу берип салышканы жоромол кылынат. Ууланып, көпкө дейре ооруп, каза болгон Хайдыпты Шеми өзөнүнүн боюна көмүшкөн.

1908-жылы өзүнүн багып алган атасы Хайдып жерге берилген соң, Буйан-Бадыргы өз жергесиндеги ири төбөл (“Даа-нойон”) болуп калат.

Жаш болсо да, зирек, өз кадыр-баркын билген, ийкемдүү, ар кыл жеңилдиктерге учурунда бара алган табигый дипломат Буйан-Бадыргы тывалыктардын эле эмес, монголдор менен орустардын да тилин табат.

Монгол бутпарас диниятчысы, Оскал Уржут деген ламанын шакирти болгон, көп тилде (тыва, монгол, тибет, орус, ханзу тилдеринде) сүйлөй алган бул жаш саясатчы Кытайдагы цин-манчжур сулалесин биротоло тактыдан кулаткан ыңкылаптан кийин жаралган жаңы кырдаалда Орусия тарапка ыктагандардын бири болгон.

Ал колдоо издеп, Николай Экинчиге кат жазган тывалыктардын арасында эле. 1914-жылы чын курандын (апрелдин) 4үндө Орусиянын падышасы Николай Экинчи Ураңкай аймагына Орусиянын көзөмөлүн (протекторатын) орнотууга макулдук берүү тууралуу жардыкка кол койгон.

Энесайда эгемен мамлекеттин негизделиши

Борбордук Азияда 1917-жылы Алаш Ордо автономиясы жана Түркстан автономиясы аркылуу эгемен мамлекеттин пайдубалын куруу далаалаттары болшевиктердин айынан майнапсыз аяктаганы жалпыга маалым.

Ал эми саны жагынан аз тыва калкы 1920-жылдардын башында өз алдынча демократиялык мамлекет курууга белсенип, бул аракет үзүрдүү уланган.

Моңгуш Буйан-Бадыргы 1921-жылдагы жаңы мамлекетти уюштуруу жыйынына чейин эле Хемчик кожуунунун төбөлдөрүн ич ара кеңешүүгө чакырып, Конституциянын долбоорун иштеп чыккан. Башмыйзамдын долбооруна ылайык Танну-Тува Улусу эгемен мамлекет болуп жарыяланмак.

Бул төбөлдөр болшевиктик партияга эч тийешеси жок саясатчылар экендиги талашсыз. Алар Орусиянын монархиялык же республикалык түрдө негизделишин көксөгөн, бирок болшевиктик режимди кабыл албаган ак гвардиячылардан да обочо болууну самашкан.

Ошентип, 1921-жылы баш оона (август) айында тарых сахнасында Танну-Тува Элдик Республикасы деген мамлекет пайда болду (Алгач аны “Танну Тува Улус” деп гана аташкан).

Жаңы мамлекетти уюштуруу тууралуу курултай 1921-жылы баш оонанын (августтун) 13—16ларында Тыванын Суу-Башы (тывача “Суг-Бажы”) деген жеринде өткөн. Бул жер азыркы тапта Тыванын Тандын кожуунунун Кочетово кыштагы болуп калды.

Буйан-Бадыргы жалпы Тыва Уюштуруу Кеңешинин (“Хуралынын”) төрагасы катары бул тагдыр чечээр жыйынды өзү алып барган.

Азыркы тапта да Буйан-Бадыргы жалпы курултайда төрагалык кылгандагы отургуч жергиликтүү музейде сакталып калган. (Тывалыктар – азаматтар! А биз андай баалуу заттык мурасты сактаганга жетишкен эмес экенбиз).

1921-жылы баш оонанын 13үндө Моңгуш Буйан-Бадыргы бул мамлекеттин жаңыдан түзүлгөн өкмөтүнүн туңгуч башчысы (Министрлер Кеңешинин Төрагасы) кызматына шайланды.

Айтмакчы, шибердик ак гвардиячылардын, басып кирген монгол жана кытай аскерлеринин чабуулдарына туруштук берген тывалык улуттук жетекчилик өз эгемен мамлекетинин кепили катары советтик Орусияны тандаганы курултайдын резолюциясындагы бул саптардан эле билинет:

«Народная Республика Танну-Тува является свободным, ни от кого не зависящим в своих внутренних делах государством свободного народа, в международных же отношениях Республика Тану-Тува действует под покровительством Российской Социалистической Федеративной Советской Республики».

Танну-Тува элдик республикасы эркин элдин өз ички иштеринде эч кимге көз каранды болбогон эркин мамлекети болуп саналат. Эл аралык карым-катнаштарда болсо Танну-Тува Улусу Орусия Социалисттик Федералдык Советтик Республикасынын колдоосу астында иш-аракет жүргүзөт”.

Аталган Суу-Башы жергеси менен дагы бир тарыхый окуя байланыштуу.

Шибердеги ак гвардиячылар Орусиядан өз алдынча бөлүнгөн жана кызыл “Кремлди” колдогон жаш мамлекетке каршы кастарын тигип чыккан. Алардын жоокерлери Танну Тува Улусуна кол салып жиреп келген.

Ошондо Дартаакы Ойун аттуу бир тывалык киши 1921-жылы бештин айында (декабрда) ак гвардиячылардын кошуунуна жол баштап келип, аларды айла менен саздак жерге алып барып салат. Суг-Бажы салгылашуусу деп аталган бул окуядан улам Дартаакы Ойунду жергиликтүү тарыхчылар “тывалык Иван Сусанин” деген атка кондурушкан экен.

1944-жылга чейин өз эгемендигин сактаган бул Түштүк Шибердеги мамлекет, албетте, болшевиктик Орусияга жана 1922-жылы түзүлгөн Советтер Биримдигине өзүн жакын тутту. Ал кездеги саясий баш-аламандыктагы Кытайга караганда Чыгыштагы эгемен мамлекеттерди алгач кызуу колдоп чыккан лениндик Советтер Биримдигине жакын болуу – алда канча ылайык дипломатиялык арга сезилген. Коңшу Монголия дагы Советтер Биримдигине карата ушундай нуктагы дипломатиялык саясат жүргүзгөнү маалым.

Моңгуш Буйан-Бадыргы 1922-жылы Танну Тува Улусунун өкмөт башчысынын орун басары болуп, 1923-жылы кайрадан мамлекеттин өкмөт башчысы болуп шайланган.

Буйан-Бадыргы Танну-Тува Улусунун жана 1926-жылдан кийинки Тува Элдик Республикасынын 1921-, 1923-, 1924- жана 1926-жылкы Башмыйзамдарын иштеп чыгууга жана кабыл алууга салым кошту. Башмыйзамдын 1920-жылдары улам-улам өзгөрө бериши Түштүк Шибердеги жаш мамлекетте саясий туруксуздук, ич ара айыгышкан күрөш да болгондугунан кабар берет.

1924-жылы Моңгуш Буйан-Бадыргы Тыва, Советтер Биримдиги жана Монгол Элдик Республикасынын өкүлдөрү катышкан үчүлтүк жыйынга төрагалык кылган. Бул жыйындын натыйжасында Танну-Тува Улусун (кийинки Тува Элдик Республикасын) 1924-жылы Советтер Биримдиги, ал эми 1926-жылы Монгол Элдик Республикасы расмий тааныган. Демек, өз мамлекетинин эл аралык деңгээлде тааныла башташына Моңгуш Буйан-Бадыргы чоң салым кошкон.

Энесайдын башатындагы сталинчилердин курмандыгы

Моңгуш Буйан-Бадыргы 1926-жылы бештин айында (ноябрда) Кичи Хуралдын отурумунда Тува Элдик Республикасынын (тывача “Тьʙа Arat Respuʙlik”) каржы (финансы) министри болуп шайланган.

Тыва Элдик Республикасынын улуттук акча бирдиги. Бир акша. 1940-ж.
Тыва Элдик Республикасынын улуттук акча бирдиги. Бир акша. 1940-ж.

(Айтмакчы, бул мамлекеттин улуттук акча бирдиги “акша” аталган).

Буйан-Бадыргы өлкөдөгү бутпарас дининин ламачылык тарыкатынын ролун да таанып, буддачыларга ачык колдоо көрсөткөн саясий ишмер болгон.

Ошол эле мезгилде анын жетекчилигинде Тывада революциялык жаштар уюму (ревсомол) негизделген. Буйан-Бадыргы өстүргөн далай жаш кадрлар бара-бара өлкөнүн мамлекеттик жетекчилигине келген.

Ошол тапта сталиндик Кремл да Ички Азиядагы Тыва (Тува Элдик Республикасы), Монголия (Монгол Элдик Республикасы) сыяктуу мамлекеттерге кыйыр жана түз таасир тийгизүүгө умтулган. 1920-жылдардын соңунда бул өлкөлөрдө да “социализмдин тазалыгы үчүн” күрөшкөн катмарлар күчтөнө берген. Албетте, ревсомол да бул саясий күрөштүн ыңгайлуу куралы болгон.

Буйан-Бадыргы 1929-жылы камакка алынган. Ал эми акырындап сталинчил партияга айлана берген “Тыва Элдик Ыңкылапчы Партиясы” (ТЭЫП; тывача “Тыва арат-хувыскаалчы нам”; Тьва arat-huviskaalçь nam) өлкөдөгү камакка алуулардын жана жазалоолордун идеологиялык багытын Маскөө каалаган өңүттө иштеп чыгып турган.

ТЭЫП Борбордук комитетинин Сасясий бюросу 1932-жылы Моңгуш Буйан-Бадыргы жана башка бир катар тывалык эски лидерлерге “контрреволюциячыл бандиттик каракчылык” иш-аракеттерди жүргүзгөн, 1924-жылы Хемчикте феодалдардын козголоңун тымызын уюштурган деген жалган жалаага негизденип, олуттуу саясий айып койгон.

Дал ушул айыптын негизинде 1932-жылы жалган куран (март) айынын 22синде Буйан-Бадыргы атууга кеткен. Ал 39 жашка гана чыккан кезде, күлгүн чагында, бейкүнөө өмүрүнөн ажыраган.

Буйан-Бадыргы өлөөр алдында кайгырып жазган ырларынын биринде өзүн куугунтукка алган Шагдыржап, Тока, Метс, Чулдум, Таня, Данчай сыяктуу сталинчил коомдук ишмерлердин мууну тууралуу мындайча жалпылама баа берген экен:

«Өөреткилээн салгалдарым парлар болду,

Өөреткилээн салгалдарым өжү болдум».

Үйрөткөн муундарым жолборс (барс) болду,

Үйрөткөн муундарым – өчүм болду”.

Тыва Элдик Республикасынын 1943-44-жж. гербиндеги текст кирил арибинде жазылган.
Тыва Элдик Республикасынын 1943-44-жж. гербиндеги текст кирил арибинде жазылган.

Эстутум

1944-жылы сталинчи марксисттер бийлеген Тува Элдик Республикасы (Тува Арат Республик) Советтер Биримдигине ыктыярдуу кошулган (бул окуя тууралуу болочокто өзүнчө сөз болоор).

Орусияда 1991-жылы коммунисттик режимди эски нукта кубаттандырууну көксөгөндөрдүн кутум аракети ойрон болгон соң, башоона (август) айынын 28инде Тыва АССРинин парламенти жумуриятты “Тыва Республикасы” деп жарыялады. Бул макам жана аталыш пост-советтик Орусиянын Башмыйзамында 1992-жылы чын куран (апрел) айынын 21индеги конституциялык оңдоо киргизүүлөр аркылуу тастыкталды.

Пост-советтик доордо тыва элинин мурдагы сталинчилер заманында жазыксыз жерден өмүрүнөн айрылган залкарлары тууралуу кайрадан калыс баа бериле баштады.

Моңгуш Буйан-Бадыргы да пост-советтик доордо тывалыктар өзгөчө кадырлаган тарыхый инсандардын бирине айланды. Ал оболу 1994-жылы (өлгөндөн кийин 62 жылдан соң) чала-чарпыт акталды, ал эми 2007-жылы аны биротоло акташкан.

Азыркы тапта Моңгуш Буйан-Бадыргынын ысымы бир катар көчөлөргө коюлду.

Тыванын улуттук музейинин түндүк тарабындагы Буйан-Бадыргынын айкели. 2014-ж.
Тыванын улуттук музейинин түндүк тарабындагы Буйан-Бадыргынын айкели. 2014-ж.

2014-жылы аяк оона (сентябр) айынын 5инде жумурияттын борбору Кызыл шаарында Тыва Улуттук музейинин түндүк капшытында анын айкели орнотулду. Дхун-Хемчик кожуунунда жергиликтүү чөлкөм таануу музейи азыркы тапта Буйан-Бадыргынын ысымын алып жүрүүдө.

Залкар мамлекеттик ишмердин элеси тыва элинин эсинде түбөлүк кала бермекчи.

Балким, тывалыктардын Энесайдан алыстагы туугандары – Ала-Тоо кыргыздары деле бул тарыхый инсанды эскерген маданий чаралар уюштурган учур да келээр?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG