Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Башкыр автономиясы: “Бала ыйлабаса эмчек жок”


Уфа шаарындагы Салават Юлай уулунун айкели - эгемендик күрөшүнүн символу. Бедизчи Сосланбек Тавасиев. 1967-жыл.
Уфа шаарындагы Салават Юлай уулунун айкели - эгемендик күрөшүнүн символу. Бедизчи Сосланбек Тавасиев. 1967-жыл.

Оторчулукка кабылган бардык эле элдер эгемендик үчүн ар кыл күрөш түрлөрүн колдонушкан. Башкыр автономиясынын башаттык тарыхы тууралуу тарыхчынын блогу.

Айрым замандаштарыбыз эгемендикти чакан этносторго болшевиктердин лидери Владимир Ленин берген деп калпыс эсептешет. Алардын бул куру чечендигин колдонуп, Орусиянын президенти Владимир Путин да “Украинага мамлекеттүүлүктү Ленин эле белек кылып берип салган” деп чыккандыгы бардыгыбыздын эсибизде.

Бул чакан блогубузда Евразия аймагындагы мурдагы падышалык оторчулуктагы элдер өз мекенинин мамлекеттик көз каранды эместикке, же, бери дегенде, федерация курамындагы автономияга жетишүүсү үчүн ар кыл күрөш түрлөрүн колдонгондугу жөнүндө айтып бергибиз келди жана мисал катары башкыр элинин XX кылымдын башындагы улуттук автономия үчүн күрөшү камтылган айрым тарыхый маалыматтарды эске салууну эп көрдүк.

Демократиячыл курултайлар

Азыркы тапта Орусиянын алкагында калган Орунбор (Оренбург) шаарын кыргыздар бул аймакка сүргүнгө айдалган кыргыз бай-манаптары жана Боогачы, Казыбек сыяктуу эл каймактары менен байланыштуу жакшы билишет.

Оренбургга сүргүнгө айдалган бай кыргыздардын бир тобу. 1929-жыл. Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архиви.
Оренбургга сүргүнгө айдалган бай кыргыздардын бир тобу. 1929-жыл. Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архиви.

Бул шаар 1917-жылы (болшевиктер Кеңештерде азчылыкты түзгөн жана бийликте эч жок учурларда) айтылуу Уфа (Өфө) шаары сыяктуу эле жалпы башкыр эгемендик кыймылынын очокторунан болгону маалым.

Башкыр элинин жалпы курултайлары 1917-жылы июл–август айларында өтүп, Башкыр борбордук кеңеши (мында Түркстандагыдай эле “кеңеш” сөзү үчүн “шура” / “шуро” сөзү колдонулган) өз ишмердигин жүргүзө баштаган.

Ал кезде Орусиядагы бийликте болшевиктердин эч карааны жок болчу, демек, бул эгемендик кыймылды башкыр айдыңдары жана коомдук ишмерлери Лениндин көрсөтмөсү жок эле жүргүзүшкөн. Алардын айрымдары либерал демократ, социалист революционер (эсер), меньшевик, партияда жок ж.б. топтордон болгон.

1917-жылдын апрелинен тартып эле А.Яшафаров, С.Мрясов сыяктуу башкыр лидерлери өз элинин автономиясын түзүү ураанын башташкан. Алардын бул кыймылы 1917-жылдын май айындагы Маскөөдө өткөрүлгөн Биринчи бүткүл орусиялык мусулмандар курултайынан кийин өзгөчө жаңы күч менен өнүккөн.

Биринчи жалпы башкыр курултайы 1917-жылы 20–27-июлда Оренбург шаарында "Кербен-сарай" (“Караван сарай”) деген имаратта өткөрүлүп, ага Уфа, Оренбург, Самара, Пермь, Челябинск губернияларынан көптөгөн башкыр ж.б. түрк ишмерлери келип катышкан.

Курултайдын төрүнө (президиумуна) Ахмет Заки Валиди Тоган (Ахметзаки Валидов), Сагит Мрясов, Аллабирде Ягафаров, ишкер жана диниятчы Габдулхай Курбангалиев, мугалим Хурматулла Иделбаев мырзалар шайланышкан.

(Караңыз: Азнагулов В.Г., Хамитова З.Г. Парламентаризм в Башкортостане: история и современность. – Уфа: ГРИ “Башкортостан”, 2005. – С. 38).

Демократиялык Башкортостан автономиясы

Ар башка блогдо улам кайталап айтышыбыз мүмкүн болгон “бала ыйлабаса, эмчек жок” деген макалдын маңызын башкырлардын ушул даңазалуу кыймылынын тарыхынан улам да билебиз.

1917-жылы 15-ноябрда (григорий жылсанагы боюнча 28-ноябрда) Башкыр борбордук кеңеши Башкурдистан автономиясын жарыялоо тууралуу токтомду кабыл алган. Эртеси күнү бул чечим №2 жарлык (“фарман”, аны кыргыздар “парман” деп да коюшчу) менен тастыкталган.

Ага Оренбург, Уфа, Самара, Пермь губернияларынын алкагы кирет деп көрсөтүлгөн. Мурдагы губерния, “үйөз” (уезд) деген башкаруу бирдиктери жоюлуп, аймактык башкаруу бирдиги катары “кантон” сөзү киргизилген. (Бул терминде да Швейцариянын жана айрым башка европалык өлкөлөрдүн башкаруу системасынын өрнөгү сезилет. Башкыр жергесиндеги кантондук башкаруу өрнөгү алгач 1798-жылы киргизилген болчу).

Бул автономияны колдоп чыккан жер-жерлердеги курултайлардын жетекчилеринин бири – башкырлардын Кыргыз-Мияки кыштагынын өкүлү Абулхайр Имашев болгон.

Ф. С. Шаймухаметовдун "Салават аскасы" аттуу эмгеги; түстүү линогравюра, 2014-жыл.
Ф. С. Шаймухаметовдун "Салават аскасы" аттуу эмгеги; түстүү линогравюра, 2014-жыл.

1917-жылы декабрда Оренбургда Жалпы башкыр уюштуруу курултайы өткөрүлгөндө, ал курултайга башкырлардан башка орус, мари, чуваш жана татар айдыңдары, ошондой эле, байкоочу катары казактар дагы катышкан. (Бул жыйынга дээрлик мезгилдеш эле казактардын да курултайы Оренбург шаарында өткөрүлүп жаткан; бул жаатта казак жана башкыр лидерлери алдын ала өз ара макулдашып алышкан).

Жалпы башкыр уюштуруу курултайы алгачкы баскычта “Кичи Башкортостан” алкагында автономия куруу, кийин аны кеңейтүү тууралуу чечим кабыл алган.

Кичи Башкортостан үчүн бул күрөш баскычы жаатында башкырлардын эгеменчил кыймылынын жетекчилеринин бири, тарыхчы жана чыгыш таануучу Ахмет Заки Валиди Тоган (Валидов; 1890–1970) кийинчерээк мындайча эскерген:

“Башкортостандын эгемендигин жарыялоодо биз элибиздин бардык этностук аймагын эмес, калктын кеминде 70 пайызын мусулмандар түзгөн анын чыгыш бөлүгүн гана эске алганбыз. Ал "Кичи Башкортостан" ("Малая Башкирия" деп аталды”.

Бир жагынан, бул аракеттер В.Лениндин ар улут өз тагдырын өзү чечүүгө акылуу деген принцибине туура келсе да, экинчи жагынан, иш жүзүндө болшевиктер социалисттик гана түзүлүштү тандайм деген автономияларга гана ылым санашкан.

Болшевиктер 1918-жылдын башынан тартып башкырлардын демократиячыл автономиясын, ошондой эле, башка саясий партияларды колдогон саясатчыларды куугунтуктап, четинен өлтүрө башташкан.

1918-жылы 27-январда Оренбург шаарын Кызыл армиянын бөлүктөрү басып алган. Башкыр борбордук кеңеши жарандык согушта өз бейтараптыгын карманууга далаалат кылып, Оренбург шаарында жана башка жактарда өз ишин уланта берген.

Жаңы кырдаалда башкыр жетекчилери “Кичи Башкортостан” (“Малая Башкирия”) деген макам үчүн гана күрөш жүргүзүшкөн.

Кичи Башкортостан тууралуу кабыл алынган жобонун №2 беренесинде “Башкортостандын расмий тили – башкыр тили болуп саналат, ал эми башкыр мекемелеринде орус тилинин убактылуу колдонулуп жатышы башкыр тилинин бул укуктук макамын жоюп сала албайт”, – деп таасын көрсөтүлгөн.

1918-жылы 4-февралга (григорий жылсанагы боюнча 16-февралга) караган түнү болшевиктер бир катар башкыр лидерлерин камакка алышкан. Ошол жылы март айында эгеменчил башкырлардын полку Кызыл армия тарабынан талкаланган.

Андан кийин да күрөш саясий, дипломатиялык жана аскердик ыкмалар менен улантыла берген.

Болшевиктерге колдоо кылган башкыр атчан жоокерлери. 1919-жыл
Болшевиктерге колдоо кылган башкыр атчан жоокерлери. 1919-жыл

Советтик автономияга аргасыздан баруу

Башкыр жетекчилери адмирал Колчактын шовинисттик үрөйүн көрүп, өз автономиясын сактоо үчүн болшевиктер менен да соодалашууга өткөн. Ленин, Сталин жана Троцкий башкырлардын Ахмет Заки Валиди сыяктуу лидерлери менен мышык-чычкан оюнун ойношкон. Алар каарман башкыр атчандарын ак гвардиячыларды Оролдон сүрүп чыгарууда ийкемдүү колдонушкан.

1919-жылы 20-мартта буга чейин өз алдынча өкүм сүрүп келген Башкыр өкмөтү менен Советтик Орусиянын ортосунда атайын макулдашууга кол коюлуп, Башкортостан аймагы советтик Орусия федерациясынын алкагындагы өз ара келишимдин негизинде советтик автономия болуп өтүүгө макулдук берген алгачкы советтик эмес автономиялык жумурият болуп калган.

(РСФСРдын курамындагы Түркстан АССРи болсо 1918-жылы 30-апрелде түзүлдү деп саналган менен, анын алдындагы 1918-жылдын ноябрынан 1918-жылдын февралынын ортосуна чейин жашаган Түркстан автономиясы деп аталган демократиялык мамлекет зомбулук менен ойрон кылынып, анын көп лидерлери өлтүрүлгөн, басмачылык кыймылга кошулган же бозгунга кеткен болчу).

Башкыр лидерлери менен советтик Орусиянын бул келишими 1919-жылы 23-мартта “Известия” гезитинде ачык жарыяланган.

Ошентип, мурдагы демократиялык Башкортостан автономиясы советтик Орусия тарабынан РСФСРге караштуу советтик социалисттик автономия макамында мыйзамдаштырылган. Бирок Башкортостан автономиясы дароо эле болшевиктик түзүлүш болуп өзгөрө койгон эмес.

1920-жылдын жайына карата кызыл аскерлер мурдагы падышалык Орусияга караган көп аймактарды советтик Орусияга каратып алууга жетишкен. Ошондон соң гана, 1920-жылы июнда, болшевиктер Ахмет Заки Валиди жетектеген Башкортостан революциячыл комитетин улутчул жана зыяндуу уюм деп жарыялашкан жана акыры ар кыл партиялардын өкүлдөрү негиздеген бул революциячыл комитет өзүн өзү жоюуга мажбур болгон.

Кош жумурияттын бешиги

Блогубузга Оренбург шаары жаатында бир-эки сөздү тепчип кеткибиз келет.

1938–1957-жылдары Чкалов шаары деп да аталган бул шаар азыркы тапта Орусиянын Оренбург облусунун акимдик борбору болуп саналат. 1734-жылы Ор жана Жайык (орусча Яик, 1775-жылдан Урал деп аталган) дарыяларынын бири-бирине кошулган жеринде курулган чеп Оренбург деп аталып калган.

Оренбург шаары башкырлардын автономиясы үчүн гана эмес, казактардын алгачкы советтик автономиясы үчүн да бешик болуп саналат.

Алаш Ордо автономиялык кыймылы 1920-жылы мартта болшевиктер тарабынан муунтуп жок кылынган соң, казак айдыңдары советтик мамлекеттин алкагында өз автономиясын куруу аракеттерин күчөткөн. 1920-жылы 26-августта В.Лениндин жана М.Калининдин колу коюлган декрет аркылуу РСФСРдын курамында Кыргыз (б.а. Казак) автоном совет социалисттик жумуриятын түзүү чечими кабыл алынат.

Башкортостан автономиясынын алгачкы борбору катары Оренбург шаарынын кабыл алынышы, албетте, 1917–1918-жылдардагы окуяларга байланыштуу. Кийин Темясово кыштагы, Стерлитамак шаары жана акыры Уфа шаары Башкортостандын борбору болуп калган. Жарандык согуш маалындагы башкыр жетекчилигинин аргасыз ары-бери көчүүсү да ордо шаарды Оренбургдан которуп кетүүгө өз таасирин тийгизген.

Ал эми 1920-жылдын августуна карата Оренбург (Орунбор) шаары казак боордоштор үчүн алгачкы борбор шаары катары кабыл алууга “бош шаар” болуп калган. Албетте, Орунбордун айланасында казактар деле, башкырлар деле көчүп-конуп жүрүшкөндүгү белгилүү.

Ахмет Заки Валиди өзүнүн В.Ленинге жазган каттарынын биринде Оренбургду Башкыр-Кыргыз (Казак) кошмок автономиясынын маанилүү орток шаары катары да сунуштагандыгы айтылып келет.

(Караңыз: Аманжолова Д.А. Алаш: исторический смысл демократического выбора / Историческая монография. – Алматы: Изд. дом «Таймас», 2013. – С. 339–341).

Бирок болшевиктер Оренбург шаарын Башкыр АССРинин курамына киргизбей коюшкан.

Айтор, эки боордош элге автономия укугун алуу үчүн саясий борбор катары кызмат кылып берген Оренбург шаары кийин (1925-жылы апрелде) Кыргыз АССРинен (Казак АССРинен) РСФСРдин тикелей карамагына өткөрүлгөнүнө карабастан, тарыхта түрк элдеринин автономиялык күрөшүнүн чордондорунун бири катары өзгөчө баракты түзүп калды.

Ахмет Заки Велиди Тогандын постсоветтик Санкт-Петербургдагы айкели. Бул инсанга Уфа шаарында айкел тургузууга шовинист орустар каршы чыгышканы да маалым.
Ахмет Заки Велиди Тогандын постсоветтик Санкт-Петербургдагы айкели. Бул инсанга Уфа шаарында айкел тургузууга шовинист орустар каршы чыгышканы да маалым.

Бабалардын жеңип алууларын азыркы башкырлар дурус аңдашат

Советтик Башкортостандын кийинки расмий тарыхы совет доорунда деле кеңири чагылдырылып келчү (албетте, Ахмет Заки Валиди жана башка болшевик эмес лидерлердин автономияны негиздөөдөгү ишмердиги одоно бурмаланып, реакциячыл катары мүнөздөлүп сыпатталчу).

Башкыр АССРинин аталышы, 1990-жылдын 11-октябрында Мамлекеттик эгемендик жөнүндө Декларация кабыл алынганына байланыштуу, Башкорт Советтик Социалисттик Республикасы — Башкортостан болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 1992-жылдын 25-февралынан бери Башкортостан Республикасы (Başqortostan Respublikahı) деп аталып келет.

В.Путиндин президенттигинин соңку жылдарында Орусия Федерациясынын алкагындагы жумурияттардын ыйгарым укуктары бир кыйла чектеле баштады. (Мында Чеченстандын жагдайы – өзүнчө тема).

Дегиңкиси, эгерде 1917–1920-жылдары коммунист эмес башкыр лидерлери демократиялык Орусиянын курамына кирчү нагыз автономия үчүн күрөш жүргүзбөгөн болсо, анда кийинчерээк Башкыр АССРи жана постсоветтик Орусиядагы Башкортостан жумурияты деле түзүлүшү, балким, түшкө кирбеген окуя болуп калмактыр, деген суроо, албетте, куру чечендикке жатышы мүмкүн.

Тарыхта эгемендиги жана автономиясы бара-бара жоюлуп кеткен далай советтик жана орусиялык этностук-мамлекеттик түзүлүштөр болду (эгемен Тыва эл жумуриятынын РСФСРдын курамындагы АССРге айланышы, Эдил боюндагы немистердин жоюлган автономиясы, Карел-Фин ССРинин Карел АССРине айланышы, Кырым татар автономиясынын жана Сибирдеги шорлордун маданий автономиясынын жоюлушу, ж.б. мисалдар бар).

Азыркы тапта шовинисттер тарабынан Орусияны федерациядан унитардык мамлекетке айлантуу чакырыктары арбын айтылып жаткан чакта, башкырлар өздөрүнүн заманбап автономиясы да бабаларынын саясий жана куралдуу күрөшү менен жүзөгө ашырылгандыгын терең иликтеп келишет. Алар бул автономия Лениндин өкмөтү бул аймакты жеңип алганга чейин эле негизделгенинен дурус кабардар.

Тарыхта баатыр жана акын Салават Юлай уулу, илимпоз жана саясатчы Ахмет Заки Валиди Тоган сыяктуу бабалары болгон башкырлардын айдыңдары өз эне тилинде энциклопедияларды, жумурияттык тарых китептерин жарыялашып, көп этностуу Орусияда өздөрүнүн жумуриятынын татыктуу ордун сактап калууга айдыңдык күч аракетин жумшоодо.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG