Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Алтын Ордону изилдеген Рысбек Алимов


Рысбек Алимов
Рысбек Алимов

Азыркы тапта чет өлкөлөрдө (Түркияда жана Германияда) байырлап келе жаткан заманбап кыргыз окумуштуулардын бири, илимдин доктору (PhD) Рысбек Алимовдун жаңы изилдөөсү Татарстандын борбору Казан шаарында орус тилинде жарык көрдү. Бул китептин автору жана анын чыгармасынын өзгөчө жагдайлары тууралуу тарыхчынын блогу.

*********

Алгы сөз

Тээ илгери, XX кылымдын башында, падышалык оторчулар доорунда, чыгаан кыргыз айдыңдарынын араб жазмасындагы кыргыз тилиндеги чыгармалары Эдил (Волга) боюнда жана Орол (Урал) этегинде жарык көргөнү – жалпы улутубуз үчүн зор сыймык болуп калган.

Молдо Кылыч Шамыкан уулу Шамырканов, Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков сыяктуу айдыңдарга таандык дал ошол китептер болшевиктердин “кыргыздарга жазманы Ленин гана берген” деген курулай жомогун четке кагууга мүмкүндүк жараткан факттардын бири болчу. Ал китептер чыккан мезгилде Ленин өзү падышалык Орусиянын “кишенинен” качып, “чирип жок болуп бара жаткан капиталисттик дүйнөнүн” чордону болгон Батыш Европада бозгунда жүргөн.

Болшевиктердин кыргызча гезити “Эркин Тоонун” туңгуч саны 1924-жылы ноябрда гана Ташкен шаарында жарык көрдү.

“Жаңы усул” (“усул-и жадид”) агымынын Ала Тоодогу барандуу өкүлү, чыгаан агартуучу Эшенаалы Арабай уулу айтылуу Төрөгелди баатырдын урпактарынын бири, жазгыч акын Молдо Кылычтын “Жер титирөө баяны” (“Кысса-и зилзала”) чыгармасын 1911-жылы Казанда жарыялоого чечүүчү салым кошкон. (Бул айдыңдар жаатында Аида Кубатова, Омор Сооронов, Муратбек Кожобеков, Арслан Капай уулу Койчиев ж.б. изилдөөчүлөр ар тараптуу сөз кылышат).

Молдо Кылычтын эмгегинин Казанда жарык көргөн учурунан бери 112 жыл өттү (1898-жылы манасчы Тыныбек Жапый уулунун айтуусундагы”Манас” эпосунун чакан бөлүгү да Казанда жарык көргөнү тууралуу маалыматтарды окудум, бирок ошол басылган вариант колума тие элек).

Совет доорунда Казан шаарында манас таануучу Билал Чыныбаев, философ, профессор Нур Саралаев ж.б. таалим алышкан, бирок алар бул шаарда илимий китеп жарыялоого үлгүрүшкөн эмес.

2020-жылы кыргыз тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору Аниса Риф кызы Бикбулатованын Кыргызстандагы татарлар тууралуу этнографиялык изилдөөсү Казан шаарында жарык көрүп, жалпы түркологдор тарабынан жылуу кабыл алынган (Бикбулатова, А.Р. Татары Кыргызстана / Отв. ред. А.Асанканов. – Казань: Татар .кн. изд- во, 2020. – 239 с., ил. – Кыргызский национальный университет им. Ж. Баласагына, Институт истории, археологии и этнологии им. Б.Жамгерчинова Национальной академии наук Кыргызской Республики. – ISBN 978-5-298-04114-0.).

Демек, Казанда эмгек жарыялоо жаатында уучубуз куру эмес (так илимдер боюнча Казанда кыйла көп макалалар чыкса керек).

Кыргыз илимпозунун Казандагы жаңы эмгеги

Ал эми учурда Германиянын Майнц шаарындагы Йоханнес Гутенберг атындагы университетке караштуу Славян, Түрк, Балтика боюн таануу институтунда эмгектенип жаткан жаш кыргыз айдыңы, түрколог Рысбек Алимовдун булак таануу жаатындагы жаңы китебинин 2022-жылдын соңунда Казан шаарында жарык көрүшү – улуу көчтүн татыктуу улантылышы катары дурус бааланчу окуя.

Кадыр Али-бек. Джами ат-таварих
Кадыр Али-бек. Джами ат-таварих

(Караңыз: Кадыр Али-бек. Джами ат-таварих. Факсимиле рукописи / Автор издания текста, исследования, критического текста, перевода с тюрки, словаря Р. Алимов; под науч. ред. И.М.Миргалеева. – Казань: Инс титут истории им. Ш. Марджани АН РТ, 2022. – 544 с. – ISBN 978-5-94981-381-2.)

Буга чейин Түндүк Кипрдеги университетте, Түркиянын Мардин, Измир шаарларындагы университеттерде да иштеп келген, теги кыргызстандык тилчи, булак таануучу (демек, тарыхчы), кеңири маанидеги түрколог Рысбек Алимовдун Энесай кыргыз каганатынын тарыхына тиешелүү бир макаласы (Караңыз: Alimov, Rysbek. On The Yenisei Kirghiz Title Ā-RÈ // Acta Orientalia Academiae Scientiarum Hungaricae. ‑ Akadémiai Kiadó, Budapest. ‑ Volume 69 (3), (2016). ‑ P. 265-283. – URL: http://www.akademiai.com/toc/062/69/3 ) жөнүндө азыноолак сөз кылган элек.

Биздин баамыбызда, Эдил, Орол, Батыш Шибердин (Сибирдин) жана улам күчөп кубаттана баштаган Орус мамлекетинин тарыхынын көйгөйлөрү чагылдырылган мусулман түрктөрдүн жазма булактарын тикелей иликтеген алгачкы кыргыз окумуштуусу – Рысбек Алимов болуп калды.

Рысбек Алимовдун жаңы иликтөөсү бизди Алтын Ордо жана андан кийинки доордогу Чыгыш Европанын тарыхын баяндаган чыгармага жаңыча көз карашта үңүлүүгө чакырат.

Кадыр Али-бектин чыгармасынын жаралыш доору

Орток мусулман түрк тилинде (аны орусча “тюрки”, б.а. “түркий” деп белгилешет) жазылган эмгектин автору кол жазмада өзүн Кадыр Али-бек (кээде анын ысымы Кадыр Али-бий деп да жазылат) деп тааныштырган.

Кадыр Али-бек орус окумуштуусу Илья Николаевич Березин (1818—1896) тарабынан “Жами’ ат-таварих” (“Тарыхтар топтому”; “Жылнаамалар жыйнагы”) деп шарттуу аталып калган бул тарыхый эмгекти 1602-жылы жазган.

Эмгектин жазылган болжолдуу орду – Орус мамлекетинин (ал кезде ал Чыгыш Европанын бир бучкагындагы империяга айлана элек чакан өлкө болгон) кол астында жайгашкан Керман жергеси (азыркы тапта ал Орусиянын Рязань аймагындагы Касимов шаары болуп калды). Мындагы шаар оболу 1152-жылы Юрий Долгорукий тарабынан негизделип, “Городец Мещерский” деп аталган экен. Кийин да башка аталыштарга ээ болгон.

1452-жылы Василий Экинчи Караңгы аттуу Москва князы шаарды Казан хандыгынан бозгун болуп качып келген Касым ханга тартуулаган. Касым хан орус Москва княздыгына ишенимдүү кызмат кылган качкын төбөл болгон жана бул үчүн 1471-жылы шаар анын урматына “Касимов” деп аталып калган.

Борбору Касимов шаары болгон Мещерский аймагында, ошентип, Москвага баш ийген Касым татар хандыгы негизделген. 200 жылдан ашуун мезгил өкүм сүргөн бул жарым багыңкы өлкөгө Крым, Казан жана башка хандыктардан ооп келген татарлар топтоло беришкен жана славяндарга коңшулаш байырлашкан. Азыр да шаарда XV–XVII кылымдарга таандык жана бийик мунаралуу жамы мечит бар.

Демек, Алтын Ордо ыдыраган соң, Казан, Ногой, Крым татар, Ак ордо, Казак хандыгы сыяктуу чаканыраак хандыктар менен катар эле Орус мамлекетине көз каранды болгон Касым хандыгы бар болчу. Бул хандык да тарыхка мусулман түрк жазма маданиятына барандуу салым кошкон айдыңдарды бергендигин Кадыр Али-бектин мисалында айта алабыз.

Кадыр Али-бектин эмгеги соңуна чыккан маалда бул хандык орус падышасы Борис Годуновдун (1552–1605) өкүмүн таанып турган. Борис Годунов 1598–1605-жылдары Орус мамлекетин “падыша” (“царь”) даражасында бийлеген.

Рысбек Алимов “Тарыхтар топтомунун” санкт-петербургдук көчүрмөсүнө негизденип, автордун санжырасын тизмелеп көрсөткөндөй, Кадыр Али-бий өзү – Хошум бийдин уулу. Ал – Темчиктин уулу. Темчик болсо Баранчынын уулу. Бул экөө тең “баатыр” [бахадур] даражасына ээ болушкан.

Баранчы баатыр болсо баатыр Эдим Шайык-мырзанын уулу. Ал болсо – Кырач бийдин уулу. Кадыр Али-бий (Кадыр Али-бек) жана анын жакынкы бабалары XII кылымдын акыры –– XIII кылымдын башындагы Чыңгыз хандын замандашы Сартак-нойондун урпактарынан болгон жана ислам динин кабыл алган бабаларынын, анын ичинде шайык Сопу бийдин (шейх Суфи-бий) Кабай же Кубай (Кобай) уулунун урпактары болуп саналышат.

Ошентип, XVII кылымдын алгачкы жылдарында өз эмгегин аяктаган Кадыр Али-бек өз тегин Чыңгыз хандын доорунда жашаган Сартак нойон менен байланыштырат.

Рысбек Алимов бул эдилдик тарыхчы Кадыр Али-бек өзү Касым хандыгынын Ороз Мухаммед (Ураз Мухаммед) деген ханынын эң жогорку төрт төбөлүнүн (“карачу”, б.а. көзөмөлдөөчү, төрт вазирдин бири) бири болгондугун анын жазганына негизденип көрсөтөт.

Эми бул эмгектин жаралыш мезгилине таандык айрым маалыматтарды карай кетели.

Өз доорундагы Москва княздыгынын өкүмдары Борис Годуновду Кадыр Али-бек мындайча жазат: падишах Борис Фидорович хан (санкт-петербургдук көчүрмөнүн S1а-S5б барактары).

Бул эмгекти ал Годуновго арнаганы менен, өз китебин ага расмий тапшырууга үлгүрдүбү, бизге белгисиз, дейт Алимов (с. 15).

Эмгектин жазылыш датасы казандык көчүрмөдө мындайча берилген (70а барагы):

“...тарихнинг он бириндэ койан йылы мубарак мухаррам айынинг ахыриндэ шенбэ күни бу тарихни тамам кылди ушбу тарих аввал ушбу китабнинг нусхэсининг тарихидур”.

(Кыргызчасы: "...тарыхтын он биринчи [жылында] коён жылы, мухаррам айынын аягында ишемби күнү бул тарых [китебин жазууну] аяктаган. Бул тарых [б.а. дата] бул китептин абалкы [б.а. биринчи редакцияга таандык] нускасынын тарыхы". – ТЧ).

Аны Р.Алимов орусчага мындайча которот: “...в субботний день, по календарю в конце священного месяца Мухаррам, тысяча одиннадцатого года (что соответствует) году Зайца закончил эту историю. Сия дата – дата первоначальной рукописи этой книги” жана бул дата григорий жылнаамасындагы 1602-жылдын 20-июлуна, ишемби күнгө туура келет, деп Р.Алимов кошумчалайт.

Мында мусулмандык ай календарына таандык ай аталышы менен катар эле түрк элдеринин күн календарына таандык 12 жаныбардын аттарына байланган мүчөлдүк жыл системасы кадыресе аралаштырылып көрсөтүлгөн. Мындай жылнаамаларды аралаштырып берүү ыкмасы башка да евразиялык мусулман түрк жазма эстеликтеринде (Махмуд Кашгари Барсканинин эмгегинде да) арбын учурайт.

Көп жылдык мээнет

Оболу Рысбек Алимов 2005-жылы Стамбул университетинде Кадыр Али-бектин чыгармасын тилчи жана текст таануучу катары изилдеп, докторлук диссертациясын (PhD) жактаган. Андан кийинки 17 жыл бою Р.Алимов башка темаларга удаа эле ушул жаатагы иликтөөсүн улантып, эми Кадыр Али-бектин эмгегинин беш көчүрмөсүн (Санкт-Петербург, Казан, Кышкар кыштагындагы көчүрмөлөрү жана Лондондогу эки башка көчүрмө) салыштырып изилдеп, алардын төртөөнүн факсимилесин, илимий жактан иргелип, кирилл жазмасына түшүрүлгөн текстин берип тим болбостон, орусча котормосун, сөздүгүн жана кеңири адабият тизмесин жабдыган. Көп тилдердеги адабияттын тизмеси изилдөөчү тарыхнаамалык жагдайга да кылдат мамиле жасаганын айгинелейт.

Баамымда, Кадыр Али-бектин чыгармасын заманбап булак таануучу катары изилдөөдө Рысбек Алимов жаңы сөз айта алды десек болот.

Кадыр Али-бек ким жана кайсы тилде жазган?

Албетте, чакан блогдо илимпоздор терең кызыкчу жана бүйүр кызыта талкуу кылып жаткан көптөгөн суроолордун аки-чүкүсүнө кайрылып отура албайбыз.

Маселенин бир-эки гана тарамына кайрыла кетели.

Биринчиден, Кадыр Али-бектин этностук тегине келсек, аттуу-баштуу чыгыш таануучулар менен түркологдордун бир даары аны сибирдик жана эдилдик татарлардын өкүлү дешсе, башкалары казактын жалайыр уруусунан чыккан, демек, теги казак деп жазышууда.

Ушундан улам төмөнкүдөй экинчи суроо чыгат: Кадыр Али-бек өз эмгегин кайсы тилде жараткан?

Албетте, биринчи топтогулар шарттуу түрдө “Жами ат-таварих” аталып калган эмгек татар тилинде жазылган, дешсе, экинчи топтогулар жуурканды казак тилинин пайдасына оодарууну эп көрүшөт.

Ал эми тексттин жогоруда келтирилген үзүндүсүнө жана башка түп нускалык уңгусуна келсек, арап алфавитиндеги айтылуу “чагатай” орток адабий тилине жакындатып жазылган кол жазмаларды жана басма тексттерди окуган жана иликтеген ар бир кыргыз окумуштуусу Кадыр Али-бектин чыгармасын жеңил-желпи окуй алышат.

Биз профессор Рысбек Алимовдун Кадыр Али-бек 1602-жылы акятаган бул эмгектин тилин “орток түркий тил” катары мүнөздөгөндүгүн илимий жактан калыс баа катары санаар элек.

Ал эми Кадыр Али-бектин этностук кимдиги жаатында болсо, Рысбек Алимовдун оюнча, азыркы тигил же бул гана түрк тилдүү улутка чегерип салуу үчүн фактологиялык маалымат жетишсиз, деген тыянагы да чындыкка төп деп санайбыз.

Жыйынтык иретинде

Рысбек Алимовдун Казан шаарында жарык көргөн бул булак таануучулук изилдөөсү эң жогорку текстологиялык жана булак таануучулук изилдөө катары тилчилер, түркологдор, ономасттар, этнографтар жана тарыхчылар тарабынан бирдей жогору бааланат деп ойлойбуз.

Азыркы тапта Кыргызстандагы тар бюрократтык алкак бул сыяктуу татаал көйгөйдү иликтөөчүнү же тилчи, же тарыхчы катары жиктеп салуу өнөкөтүнө байланган.

Француз профессору Реми Дор, германдык профессорлор Карл Райхл, Гундула Салк, бээжиндик Мухаммед Ху Чжэнхуа ж.б. жарыялаган кыргыз таануу жаатындагы изилдөөлөр сыяктуу эле Рысбек Алимовдун бул эмгеги да бир эле учурда бир нече илимий шифрге татыган комплекстүү изилдөө болуп саналат.

Казанда жарык көргөн бул изилдөө үчүн алгы сөз жазган тарых илимдеринин кандидаты Илнур Миргалеев (ал Татарстан Илимдер академиясынын Ш.Маржани атындагы Тарых институтуна караштуу Mиркасым Усманов атындагы Алтын Ордо жана Татар хандыктары илимий изилдөө борборунун жетекчиси) мырза теги кыргызстандык илимпоз Рысбек Алимовду “түрк тил илимдеринин классикалык Стамбул мектебинин өкүлү” катары жогору баалаган экен. Бул стамбулдук мектеп, И.Миргалеевдин пикиринде, түрк тилдеринин тарыхый жазмалары, лингвотекстология жана булак таануу боюнча мыкты илимий эмгектери менен өзгөчөлөнүп турат.

Тек кошумчаларыбыз, бул Стамбул мектебин XX кылымда жаңы сереге чыгарууга 1918–1930-жылдар аралыгында болшевиктик жазалоолордон качып Татарстан менен Башкырстандан Түркияга көчүп барган далай татар жана башкыр айдыңдары да зор салым кошушкан.

Эми Стамбул университетинде окуп, Газымагуса (же Фамагуста, Түндүк Кипр), Мардин, Измир, Майнц сыяктуу шаарлардагы илимий мектептерде иштеп, ар кыл таалим-таасир алган булак таануучу Рысбек Алимов Кыргызстандан тышкаркы түрк дүйнөсүн изилдөөчү, бул китептин исалында болсо, Алтын Ордо жана андан кийинки ордолордун маданий тарыхын иликтөөчү катары өзүнүн барандуу ордун ээлей алды десек жаңылышпайбыз.

Көз тийбесин, эми илим дыйканы бойдон Рысбек инибиз дагы далай эмгектер жарыяласа экен, деп тилейбиз.

Кыргызстандын Жогорку аттестация комиссиясы жана университеттери азыркы айдыңдык диаспорабыздын Рысбек Алимовдой өкүлдөрүнө – алардын өздөрүн бюрократтык тепкичтер аркылуу ары-бери чуркатып отурбастан – доктор, профессор, ардактуу профессор наамдарын өз учурунда (албетте, эмгегинин жогорку деңгээлине жараша) ыйгарып, аларды ырааттуу моралдык колдоого алышса эп болор эле.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабыл алууга болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG