Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Мээнеткеч археолог Кубатбек Табалдыев 60 жашта


Кубатбек Табалдыев
Кубатбек Табалдыев

Кыргызстандагы талыкпай эмгектенип жаткан көрүнүктүү археологдордун бири Кубатбек Шакиевич Табалдыев 21-июлда 60 жашка чыкты. Анын үзөңгүлөш кесиптеши, жазма тарых булактарын изилдеген адис Тынчтыкбек Чоротегиндин маараке ээси тууралуу сереби.

Алгы сөз. Илимий чыйырдын улантуучусу

Мээнеткечтиги – кумурска менен бал аарыныкындай, салымы – опол тоодой болгон алатоолук заманбап окумуштуулардын бири – археолог Кубатбек Шакий уулу Табалдыев (адабиятта анын тегаты “Табалдиев” деп да жүрөт, бирок паспортуна ылайык Табалдыев) инибиз жана досубуз.

Анын кыргыз археологиясына өзгөчө берилген ишмердигине сересеп салсак, ал – өзүнүн маркум илимий жетекчиси, орусиялык профессор Юлий Сергеевич Худяковдун (Новосибирск; 1947–2021), кыргызстандыктар Ысман Кожомбердиев (1928–1988), Дмитрий Федорович Винник (1927–2007), Асан Кемелович Абетеков (1938–2021) жана башка талбай эмгектенген улуу муундагы маркум археологдордун чыйырын жөн гана улантып чектелбестен, жаңы сереге чыгарган заманбап илимпоз.

Элеттик айылдан чыккан

Учурда Кыргызстанда археологдордун саны өтө аз болсо да, алар өз иштерин татыктуу алып барууда. Алардын арасында улуу муундан – Кадича Ташбаева, Бакыт Аманбаева эжекелер, ошондой эле, Кубаттан кичүүлөрдөн – Темирлан Чаргынов (азыркы тапта КУУда кафедра башчысы), Ороз Солтобаев, Айдай Сулайманова, Аида Абдыканова, Валерий Кольченко, ж.б. мээнеткеч археолог адистер бар.

Алардын дээрлик бардыгы айылдардан жана элет шаарчаларынан келишкен.
Кубатбек да элет кулуну. Ал 1962-жылы 21-июлда Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Суу айылында туулган.

Кубаттын эрезеге толгуча татыктуу тарбия алышына атасы Шакий Табалдиев (1910–1968) менен энеси Ажар Аманкуловага (1924–2010) караганда, чын-чынында, таяларынын эмгеги зор болгон.

Анткени ымыркай кезинен эле Кубатты таенеси Супакан чоң эне багып алган экен. Дархан кыштагынан чыккан таятасы Аманкул Канай уулу 1933-жылы каза болгондуктан, аны Кубат көргөн эмес.

1916-жылдагы падышалык Орусияга каршы улуттук боштондук көтөрүлүш кандуу жазалоолордон улам жеңилгенден кийин, таятасы менен таенеси экөө тең оторчуларга каршы көтөрүлгөн көлдүк калк менен бирге азаптуу Улуу Үркүнгө катышып, Кытайга чейин качып барып келишкен.

Ал эми Супакан менен Аманкулдун уулу, Улуу Ата мекендик согуштун ардагери, тарых мугалими Кароолчу таяке (аны Кароолбек Аманкулов деп да аташчу) жана анын мугалим жубайы Сүйүм Уманкулова таежеңе Кубатбекке өз ата-энесинен кем эмес бөпөлөп мамиле кылган. Кызыгы, атүгүл Кубатбек Дархан орто мектебинде онунчу класста алгачкы ирет паспорт алганга чейин мектептеги ысымы Кубатбек Кароолбекович Аманкулов болуп жүргөн. Паспорттогу ысымы, албетте, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө ылайык Кубатбек Шакиевич Табалдыев делип оңдолуп толтурулган.

Айтор, Кубатбек тырышчаактык, мээнеткечтик, билимге умтулуу сыяктуу асыл сапаттарды мугалим болуп иштеген таякеси менен таежеңесинен алган окшобойбу.

Кубатбек өз апасы Ажарды “эже” деп, өзү жеткинчек кезде каза болгон атасы Шакийди “жезде” деп калганы ошондон.

Кыргыздарда мындай асыроо салттары көп учурайт. Менден кийинки бир тууган иним Бакытбек да тайларыбыздын колунда болуп, бир катар жылдар бою коңшу айылдагы мектепте (башталгыч класстарда) таятам Кыдыраалынын ысымында жүрүп, окуганы эсимде. Кээде Бакытбек өз бир туугандарын (бизди) тамашалап, “жээндер” деп калат.

Ошентип, Көлдүн түштүк-чыгышыраактагы кылаасындагы таялардын Дархан айылы болочок археологду чоң турмушка даярдап берген кичи мекен болуп калган.

Адистикке ээ болуу. Алгачкы иш тажрыйбалары

Кубатбек 1979-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Дархан орто мектебин аяктаган.
Андан соң ал Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетине окууга өтүп, аны 1984-жылы аяктаган.

Мен Кубаттан бир аз эртерээк көйнөк жырткандыктан, андан жогоркураак курста окудум жана бул факультеттеги окуумду 1981-жылы бүтүрдүм. Студент кезинен эле ал мага токтоо, сабырдуу жигит катары элес калтырды.

Кубатбек 1984–1986-жылдары Ысык-Көл облусунун борбору Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында Каракол педагогикалык окуу жайында тарых мугалими болуп иштеди.

Ал эми 1986-жылдын күзүнөн – 1987-жылдын жазына чейин ал Нарын облустук комсомол комитетинде туризм боюнча референт болуп иштеди.
Бирок ал кайра илимге келсем деп дегдей берди.

Археология тармагына сүңгүү

К.Ш.Табалдыев 1987-жылдын апрелинен тартып 1990-жылдын күзүнө чейин өзү окуган КМУнун (азыркы КУУнун) тарых факультетинин Археология жана этнография кафедрасынын музей-лабораториясында ага лаборант болуп, андан соң окутуучу болуп эмгектене баштады.

Айтмакчы, аны бул кызматка аталган кафедранын башчысы, жаш этнограф окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты (азыркы академик) Абылабек Асанканов чакырган.

Кубатбек үчүн өтө кыска убакыт ичинде эле студенттердин тобун жетектеп, археолог Асан Абетековдун экспедициясында тажрыйба топтогонго толук мүмкүнчүлүк түзүлүп берилди. Ал археологиялык казуулар учурунда диссертациялык изилдөө үчүн материал топтоп, өз алдынча казуу иштерин жигердүү уюштура баштады.

Маараке ээси өзү да тастыктап жүргөндөй, 1988-жылы мен Кубатбекти Новосибирск шаарынан Фрунзеге (Бишкекке) илимий сапар менен келген жана жаш болсо да даңазалуу археолог, кыргыз таануучу болуп калган Юлий Сергеевич Худяков менен тааныштырган элем.


Профессор Юлий Худяков Кубатбекке илимий жетекчи болууга макулдук берди. Кийин, 1989-жылы жайында Кубатбек Табалдыев Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын атынан уюштурулган археологиялык экспедицияны жетектөөгө жана айрым кызыктуу табылгаларды жарыялоого үлгүрдү.

Мындай тажрыйба ага 1990–1992-жж. Орусиянын Новосибирск мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинде археология адистиги боюнча стажёр-изилдөөчү, аспирант болуусуна өбөлгө түздү.

Ю.С.Худяков да Кыргызстандын өзүнөн таланттуу шакирт тапканына чечекейи чеч болду, Кубаттан кийин да ал Ороз Солтобаев, Жазгүл Орозбекова сыяктуу шакирттерди тарбиялады.


Археология окутуучусу жана профессору. Татыктуу ата

Кубатбек Табалдыев 1992-жылдан тартып Бишкектеги КУУнун тарых факультетинин археология жана этнография кафедрасынын окутуучусу болуп иштей баштады.

Ал 1994-жылы Орусия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүндө «Теңир-Тоодогу көчмөн уруулардын маркумду көмүү жөрөлгөлөрүнүн эволюциясы» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

1992–1997-жж. ал Бишкектеги КУУнун тарых факультетинин археология жана этнография кафедрасынын доценти болду.

1998–2003 жж. болсо Кубатбек аталган кафедранын башчысы, профессордун милдетин аткаруучу болуп иштеди.

2003-жылы декабрдан – 2010 жылдын жайына чейин ал Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) тарых бөлүмүнүн доценти болуп иштеди.
Доцент, тарых илиминин кандидаты Кубатбек Шакиевич Табалдыев 2010-жылдын күзүнөн тартып Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн профессору кызматын аркалап иштеп келе жатат.

Мээнеткеч археологдун бактысына, анын бардык илимий ж.б. түйшүктөрүн кабагым-кашым дебестен көтөргөн жаншерик туш болду.

Өмүрлүк жары – Бактыгүл Сабирдин кызы Макерованы мыкты тааныйм. Ал – курсташым Шамил Макеровдун бир тууган карындашы. Бактыгүл дагы КУУнун тарых факультетин Кубатбектен кийинчерээк аяктаган. Ал дагы кесиби боюнча тарых мугалими.

Жубайлар үч уул (Элдияр, 1989; Бактияр, 1997; Данияр, 2002) көрүп, татыктуу тарбиялап, эмгекчил жана билимдүү кылып өстүрүп, эрезеге жеткиришти.

Бараандуу илимпоз

Кубатбек Шакий уулу өзүнүн алтымыш жылдык ашуусуна мөмөсү мол дарактай мыкты натыйжа менен келди деп айта алабыз. Ал 6 китеп, 170тен ашуун илимий макала (айрым китеп жана макалаларды калемдешип) жарыялап, өзүнүн табылгаларын Кыргызстандан тышкары АКШ, Германия, Жапония, Казакстан, Орусия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө кыргыз, англис, немис, орус, түрк жана башка тилдерде жарыялап келди.

Кыргызстандан тышкары ал Орусиянын Сибир (Шибер) аймагы, Латын Америкасы сыяктуу чөлкөмдөрдү кезип, археологиялык экспедицияларга катышкан, өз мекенинде кыргыз-орусиялык, кыргыз-германдык жана кыргыз-түрк археологиялык экспедицияларын жетектеген. Ал уюштурган археологиялык иликтөө иштерине АКШ, Германия, Литва, Франция сыяктуу өлкөлөрдөн археологдор келип катышкан.

Кубатбек Табалдыев жалпы Теңир-Тоо, анын ичинде Кыргызстан аймагындагы көчмөн түрктөрдүн жана алардын коңшуларынын археологиялык маданияттарын изилдеп, обочолонгон көчмөн маданият түшүнүгү калпыс болорун, ар дайым теңир-тоолук көчмөндөр делген этностор бир эле учурда отурукташкан маданиятты да калыптандырышкандыгын, вертикалдык (жыл мезгилине ылайык) көчүп-конгон бул элдер мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкты ширелтип өнүктүрүшкөндүгүн далилдеп чыкты.

Кубатбек Табалдыев жергиликтүү жана чет өлкөлүк археоботаник, археозоологдор менен иштеп, азыркы учурдан тартып, 4 миң жыл илгерки мезгилге чейики турак жайларды изилдөөнүн негизинде "байыркы Теңир-Тоо, Алай, Жети-Суу калктары мал чарбасы менен удаа жер иштетип, таруу, арпа, буудай эгишкен, турак жай курушкан" деген корутунду чыгарган.

(Жакында илимпоздордун эл аралык тобу алтай тил тобунда сүйлөгөн калктардын эң байыркы бабалары мындан 7 миң жыл мурда эле тарууну эгүүгө өтүшкөндүгүн жаңы технологиялык иликтөөгө ылайык далилдешти. Кызыгы, XI кылымдагы ысыккөлдүк бабабыз Махмуд Кашгари Барскани “дыйкан” сөзүнүн ордуна анын эски маанилешин – “тарыгчы” / “таруу эгүүчү” деген нукура түркчө сөздү колдонгон болчу).

Кубатбек Табалдыев Энесай Кыргыз каганатындагы кыргыздар менен Теңир-Тоо кыргыздарынын ортосундагы этностук тарыхый байланыштын кыртышын жаңы археологиялык, руна сымал жазма эстелик маалыматтарынын негизинде иликтөөгө жетишти. Айрым таш бетиндеги жазма эстеликтериндеги араб тамгасындагы сөздөрдү окууга биз да Кубатбекке кол кабыш кылдык.
Бул этностук-маданий жана этногенетикалык байланыш археологиялык табылгаларда чөлкөмдүк айырмачылыктар жана өзгөрүүлөр менен коштолгонун да К.Табалдыев таасын көрсөттү. Айтмакчы, анын тыянагы орто кылымдардагы жазма булактардагы жана кыргыз эпосторундагы өз ара саал айырмалуу ар кыл кыргыз топтору тууралуу маалыматтар менен дурус тастыкталат деп ишенимдүү айта алабыз.

К.Ш.Табалдыевдин илимий табылгаларга негизделген негизги бүтүмдөрү ал өзү быйыл сентябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) биргелешкен диссертациялык кеңешинде илимий баяндама түрүндө коргоого алынып чыгып жаткан докторлук диссертацияда жалпыланып берилүүдө.

Кубатбек Табалдыев өлкөбүздүн илим менен маданият тармагына музей таануу жаатында да зор салым кошуп келет.

Анын кеңеши менен Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин, облустук жана башка чөлкөмдүк музейлердин жамааттары археологиялык бөлүмдөрүн жакшырта алышты. Ал КУУда да, азыркы тапта өзү профессор болуп иштеп жаткан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде да айрым табылгаларына таянып, мыкты музейлик топтом калыптандырууга салым кошту.

К.Ш.Табалдыевдин табылгаларына негизделген сүрөт ж.б. материалдар азыркы окуу китептерде (анын ичинде ушул саптардын ээси жазган окуу китептеринде), энциклопедиялык жыйнактарда, окуу куралдарында, диссертацияларда ж.б. байма-бай колдонулууда.

Кубатбек Табалдыев тарыхчылардын коомдук бирикмелерин түзүүдө жана чыңдоодо да ырааттуу салым кошту. Ал 1989-жылы 3-июнда уюшулган Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (1989–1995), андан соң бул уюмдан өнүп чыккан Кыргызстан Тарыхчылар Коому (1995–2012), “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси (КТК, 2012-жылдын февралынан) деп аталган коомдук чыгармачыл уюмдардын ишмердигине ырааттуу катышып, бул уюмдардын археологиялык багыттарын жетектеп келди.

Маселен, ал 2012-жылдын 11-февралында КТКнын вице-президенти болуп бир добуштан шайланган.

К.Ш.Табалдыевдин кеңеши менен далай жаш таланттар археология жаатында илимий изилдөөлөрдү өздөрүнүн өмүрлүк иши катары кабыл алышып, алардын асты кандидаттык диссертацияларын коргоого жетишти.

К.Табалдыев тарыхый мурастарды сактоо жаатында да ар башка облустарда жергиликтүү ынтызарларды, ыктыярчыларды шыктандырып келүүдө.
Профессор Кубатбек Шакиевич Табалдыев илимдеги салымдары үчүн 2016-жылы декабрда Кыргызстандын "Даңк" медалы менен сыйланган.

Биз маараке ээсине ак дилден чын ден соолук, 110 жаштын сересине чыгарган узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыбаттык, кыргыз археология мектебин Борбордук жана Ички Азия археологиясынын ар кыл мектептери менен ширелтүүнү уланткан данакерлик ишиндеги албан ийгиликтерди каалайбыз.

Тынчтыкбек Чоротегин,
тарыхчы, журналист, публицист



Ред.: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык пикир катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG