Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

"Азаттыкчы" Кыяс Молдокасымовдун алтымышынчы жазы


Кыяс Молдокасымов Азамат Алтай менен. 2005-жылдын 22-сентября. Нью-Йорк, АКШ
Кыяс Молдокасымов Азамат Алтай менен. 2005-жылдын 22-сентября. Нью-Йорк, АКШ

Тарых илимдеринин кандидаты, белгилүү коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов 1998-2005-жылдары "Азаттыктын" Бишкектеги бюросун жетектеген. Кесиптешибиз быйыл 60 жашка толду.

Мээнеткеч багбан, илимдеги балбан

"Багбан катары бакчасына эрте жаздан тартып тээ кеч күзгө чейин эмгектенин келатканын баарыбыз көрүп-билип келатабыз".
"Багбан катары бакчасына эрте жаздан тартып тээ кеч күзгө чейин эмгектенин келатканын баарыбыз көрүп-билип келатабыз".

“Азаттыкка” ишке кирип, Бишкек бюросуна баш баксам Кыяс агай жетекчи экен. Токтоо, салмактуу, ошол эле маалда жумшак юмору бар адамдыгын байкадым. “Азаттыктын” интернет сайты кыргыз тилдүү интернет сайттардын бири катары 2003-жылы өз ишин баштады. Мен Жыргалбек Касаболотовдон кийин редактор болуп түйшүктөнүп, 2005-жылдын 31-мартына чейин иштедим.

Азыр сүттөн аппактай сезилип жаткан андагы президенттин көмүскө иштерин, Аксы окуясы, Кумтөрдөгү жемкорлук, адам укуктары – мунун баары “Азаттыктын” тайманбастан талбай көтөргөн темаларынан болчу. Ошондойдо Кыяс Молдокасымов Бишкектен, Тынчтыкбек Чоротегин Прагадан баш-көз болуп, жамаат менен талыкпай иштешти. Радио прогрессивдүү иштердин, эркин басма сөздүн, бийликке олуттуу сунуштардын ордосуна айланды.

Тагдыр экен, Кыяс Молдокасымовдон кийин “Азаттыктын” Бишкек бюросун, анан беш жыл өтүп, КТРКны да Кыяс байкеден кийин башкарып калдым. Ал баскан жол менен өткөндөй болдум. Ага-инилик мамиле калыбынан бузулбай, сыйыбыз калбады.

Кубат Оторбаев жана Кыяс Молдокасымов. Бишкек, 2005-жыл.
Кубат Оторбаев жана Кыяс Молдокасымов. Бишкек, 2005-жыл.

Маркум Жыпар Жекшеевди эскерүү кечесинде Кыяс Молдокасымов менен Өмүрбек Текебаев катуу айтыша кетти. Ортого Жанар Акаев, Абдувахап Нурбаев болуп түшө калып жатып, экөөнү ажыратып калдык. Мушташка жеткен жок. Кийин Кыяс Сатарович менен Өмүрбек Чиркешович “Азаттыктын” кеңсесинде кайра элдешти. Айтайын дегеним – жигитке тиешелүү токтоолук, оппонентин да сыйлоо, кечиримдүүлүк сапаттар Кыяс байкенин канында бар. Ал ага атасы Сатар аксакалдын мугалимдик кесиби, ата салтын, тарыхты терең билгендиги менен берилген.

Акыркы жылдарда каарманыбыз мамлекеттин казынасына кол салган көптөгөн чиновниктерден айырмаланып, калдайган үй-бүлөсүн маңдай тери менен багып келет. Багбан катары бакчасына кар кетелектен тартып тээ кеч күзгө чейин эмгектенип келатканын баарыбыз көрүп-билип келатабыз. Акча арттырып Ташкент, Алматыга каттап, архивди казып келатат. Мамлекет “Мурас” фондуна каражатын карабаса да Кыяс агай көктүгүнөн кайтпай илимдин кудугун казууда.

Ал азыр шайдоот, тың, ак гүлдүү алма багындай акылга, нурга толуп турган убагы. Кайсы тармакты тапшырса майын чыгара турган керемет куракта. Мамлекет аны аттап-тондоп ишке салып, акылын, күчүн элге багыттаса деле жарашмак.

Эл баарына баам салып турат, элге Кыяс байке баам салып турган чагы. Дени сак болуп, узак, дөөлөттүү өмүр сүрүшүн баарыбыз тилейбиз.

Кубат Оторбаев

Ат жалындагы иниме ак дилден каалоо

"Азаттыктын" жамааты, 1998-жыл.
"Азаттыктын" жамааты, 1998-жыл.

Кыяс экөөбүздүн тааныштыгыбыз 1995-жылы Түркиядан башталган. Ал учур азыркыдай ак чач боло элек жаш кезибиз экен. Бизди Анкарага түрк тилдүү республикалардын лицейлери үчүн орток окуу китебин жазууга жөнөтүшкөн. Адабият жагын Мурзабек Жумаев экөөбүз, тарыхты Кыяс менен Тынчтык (Чоротегин) жазмак болушкан. Сонун кез экен, тууганчыл түрк кардештер бизге идеалдуу дегидей шарт түзүп беришкен, Анкарадагы Мугалимдер үйү деген мейманканада жатабыз. Апта сайын Анадолунун тарыхый-маданий жайларын кыдырып, жер көрүп, эл таанып, үч айдын ичинде орток китепти бүтүрүп, толтура байкоо, кызык сезим менен Бишкекке кайтканбыз.

Ошол жерде чогуу жүрүп Кыястын аябай тамашакөй, киши көңүлүн оорутпаган элпек жан экенин көрдүм. Тынчтык экөөнүн тамашасына Мукең экөөбүз кээде күлүп, кээде мурчуюп таарынып, аягында анын ачуусуна да айласыз көнгөнбүз. Андан бери кыйла убакыт колдон суурулду. Кыяс экөөбүздүн ортобуздагы ага-инилик мамиле баштагы калыбынан бузулбады.

Кийин Кыяс “Азаттыктын” Бишкек бюросун жетектеп, бир топ мыкты иштерди жасады. Анын жетекчилигинин бир сапаты ушу кезге чейин мени таң калтырат. Кыястын бир да жолу кол алдындагыларга ороңдоп катуу сүйлөгөнүн, урушканын көрбөдүм. Калбаат калыбынан жазбай, ар кимге ылайык жумушту тапшырып, эмгек жамаатынын арасында ынтымак мамилени түзүп койчу. Ал кезде өлкөдө саясий турмуштун казаны боркулдап катуу кайнап, демократ деген туңгуч президенттин кыңыр иштери бир четтен чыга баштаган.

Башкасын айтпаганда да Аксыдагы кандуу окуянын чоо-жайы Кыяс менен Рысбай Абдыраимовдун ыкчамдыгы, эфирге чыккан материалды Нарын байкенин англис тилине которуп, дүйнөгө жайылтып ийген азаматтыгы болбосо бийликтин бетине чиркөө болуп калган кандуу окуянын чоо-жайы жашырылып-жабылып калышы мүмкүн болчу.

Принципиалдуу маселеге келгенде Кыяс калыстык позициясынан тайбайт. “Азаттыктан” соң ал КТРКны, кийин “Кыргыз Туусу” гезитин жетектеди. Эки ири медиа мекемени ал колунан келишинче калыс, саясий темага караганда маданий-тарыхый проблемаларга көбүрөөк көңүл бурууга багыттай алды. Кыяс өзү улуттук уңгулуу маселелерге кызыккан жөнөкөй, калыс, жооптуу ишти так аткарган жетекчи. Кийинки кездери ал көөнө тарыхый маалыматтарды чогултуп, кыйла убакты-саатын Ташкент менен Алматынын архивдеринде өткөрүүдө. Кытайлык кесиптештери менен кыргыз тарыхына тиешелүү илимий булактарды таржымалоо аракетинде жүрөт.

Мага Кыястын саясий-маданий, тарыхый маселелер боюнча пикирин ачык билдирип, позициясын социалдык тармак боюнча жарыялап келатканы, бир топ жылдардан бери үй-бүлөсү менен бак өстүрүп, багбан дыйкандын түйшүгүн өзүнө жүктөп алганы жагат. Анын кыйла жерди ээлеген кыргыз журналисттеринин жарпын жазган багын көрө элекмин. А бирок анын кандай каралып, ал жерге кимдер келип кеткенин Кыястын Фейсбук баракчасынан көрүп турам. Эмне дейин, журналисттик өнөр менен тарых илимин эриш-аркак ала жүргөн инимди алтымыштын акбозуна отурушу менен чын дилден куттуктайм, өмүрү узун болушун тилейм!

Бекташ Шамшиев

Молдокасымов: Басымга карабай "Азаттык" арышын улай берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:31 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG