Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:40

Даректүү тасма: Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздар


"Чалбасы кыргыздары. Эсимде" аттуу даректүү тасманын бет ачары. 16-февраль, 2023-жыл.
"Чалбасы кыргыздары. Эсимде" аттуу даректүү тасманын бет ачары. 16-февраль, 2023-жыл.

"Эсимде" изилдөө аянтчасы “Чалбасы кыргыздары. Эсимде” аттуу даректүү тасманын бет ачарын өткөрдү. Тасма 1930-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинанын Херсон облусуна сүргүнгө айдалган кыргыздардын тагдырын жана ал доордогу саясий абалды чагылдырган.

“Чалбасы кыргыздары. Эсимде” аталышындагы 48 мүнөттүк даректүү тасмада 1930-жылдары сүргүндө жашаган кыргыздар тууралуу баяндалат.

Тасма “Эсимде” изилдөө аянтчасынын жетекчиси Элмира Ногойбаева менен тарыхчы Гүлзат Алагөз кызынын 2020-2021-жылдар аралыгында Украинада жана Кыргызстанда жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде тартылган.

"Эсимде” изилдөө аянтчасынын Украинага болгон сапары. Одесса облусунун мамлекеттик архиви.
"Эсимде” изилдөө аянтчасынын Украинага болгон сапары. Одесса облусунун мамлекеттик архиви.

Изилдөөчүлөр Украинанын Одесса, Херсон баштаган бир топ аймактарын кыдырып, архивдик документтер менен кеңири таанышкан. Ошондой эле репрессияга кабылган адамдардын урпактары менен жолугуп, даректүү маалыматтарды чогултушкан.

Виноградоводо сөөгү калган кыргыздар

Тарыхчылар 1930-жылдары 700дөй үй-бүлө Украинанын азыркы Херсон аймагына айдалган деп ырастайт. Болжолу 3500 чамалуу киши.

Алар Украинанын Вогорадово (мурдагы Чалбасы), Хлебодаровка айылдарына жүк ташуучу вагондор менен депортацияланып, 1932-1933-жылдардагы ачарчылыкка да, фашисттик Германия менен Румыниянын оккупациясына да күбө болушкан. Жергиликтүү калк көргөн азап-тозокту чогуу башынан кечирген.

Кыргызстандан башка Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын аймактарынан депортациялангандар болгон. Аларды отурукташтырып, кийин мектеп ачышкан. Виноградоводо (Чалбасы) көптөгөн балдар жетим калып, мектеп-интернаты ачылган экен. Украинага "бай-манап" же "кулак" катары айдалган кыргызстандыктар 1937-38-жылдарда жазалоонун жаңы эпкинине кабылып, бир нечеси атылып, лагерлерге камалган.

Виноградово (мурдагы Чалбасы) айылында "Кыргыз мазар" деп аталган жер бар. 2013-жылы Херсон облусунда сталиндик репрессия жылдары сүргүнгө айдалып, ал жакта сөөгү калган кыргыздарга арналган эки эстелик тургузулган. Бул тууралуу изилдеген белгилүү журналист жана публицист, "Азаттыкта" көп жылдар эмгектенген Амирбек Азам уулу бир нече макаласын жарыялаган.

Ал жазгандай, 1930-жылдары сүргүндө жашаган кыргыздардын мурдагы мазарына чукул жайдагы гранит эстелик бетине: “Бул жерде 30-жылдардагы тоталитардык репрессиянын тушунда аты-жөнү белгисиз, ак кепиндеп көмүлбөгөн кыргызстандыктардын сөөгү жатат” деп чегилген.

Тилекке каршы, бул жерде канча кыргызстандыктын сөөгү коюлганы боюнча так маалымат жок. Амирбек Азам уулунун эсебинде 200дөн ашуун кабыр бар.

Эстеликтердин ачылышы Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин, Кыргызстандагы жана Украинадагы коомчулуктун өкүлдөрүнүн аракетинин аркасында курулган.

ХХ кылымдын 30-жылдарында Украинанын Херсон аймагына айдалып, репрессияланган кыргыздар тууралуу подкастты бул жерден угуңуз:

"Изилденүүчү иштер али алдыда"

“Эсимде” талкуу аянтчасынын жетекчиси Элмира Ногойбаева бул темада изилдене турган иштер али алдыда деп белгиледи.

“Биздин талкуу аянтчасынын ишмердүүлүгүнө беш жылдан өтүп калды. Бул арада көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн сайын, ошончолук өтмүшүбүз тууралуу дээрлик эч нерсе билбестигибизди түшүндүм. Анткени репрессия бул бөтөн өлкөгө болгон сүргүн эле эмес, өтө чоң түшүнүк. Мектепте окуп жүргөн кезде бизге Токтогул акындын Сибирден келгенин айтып беришкени эсимде. Анан классташым менен акын ал жакта эмне үчүн жүргөнүн талкуулаганбыз да. Ойлоп көрсөм, ошондо ал санаторийде эс алып келгендей кабыл алыптырбыз. Чынында акындын кандай азап-тозок көргөнүн ошондо түшүнүп-билүү кайдан? Мен ошол бала чагымда арадан көп жыл өтүп, ушул сүргүн темасын изилдеп каларымды билген эмесмин. Алдыда дагы шашылыш түрдө өз өтмүшүбүздү терең изилдешибиз керек. Анткени азыр эски тарыхты билген муундар да өмүрдөн өтүп жатат. Эс-тутум үч муун тирүү кезде гана сакталат, ошондо да үчүнчү муун унута баштайт. Бул жагынан алып караганда, “Эсимденин” бул изилдөөсү менен көзгө толумдуу эмгек жасалды деп айта алам”.

КГБ архивин ачуу маселеси

Даректүү тасманын бет ачарына тарыхчылар, репрессияга кабылган адамдардын урпактары катышты. Репрессия курмандыктарынын айрым урпактары Украинанын Виноградово айылына (Чалбасы) ата-бабаларына арнап кайрадан жаңы эстелик орнотууну, Ата-Бейит мемориалдык комплексине алардын ысымын жазууну демилге кылышты.

Тарыхчы окумуштуулар ошол доордогу тарыхтын актай барактарын толтуруу үчүн мурдакы коопсуздук кызматынын (КГБ) архивин ачуу маселесин көтөрдү. 1918-1953-жылдардагы саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндөгү мыйзам долбоору эки айдан бери коомчулукта талкууланды. 1994-жылы кабыл алынган мыйзамды өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин төрт депутаты сунуштаган долбоордо Улуттук архив фондуна байланыштуу түзөтүү дагы сунушталган.

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин тарыхый акыйкаттыкка жетүү үчүн архивди ачуу зарыл деп эсептейт.

“1930-жылдары кандай гана кыргыздын интеллигенция өкүлдөрү атылды. "Кыргызстан Борбор Азиядагы Швейцария боло алат" деп 1929-жылы жазган Жусуп Абдрахманов тирүү болсо, биздин өлкөбүз азыркыдан беш-алты эсе бийик секиге чыкмак. Мына, “Ата-Бейитте” 137 кишинин ысымы такталды, “андан сырткары бир аялдын сөөгү табылды” деген маалымат бар. Бирок ал ким экенин билбейбиз. Бул даректүү тасмада айтылган Абдыкадыр Орозбеков кайда экенин билбейбиз. Ошол кезде эле китеп чыгарып жүргөн, өз акчасы менен мектеп ачып, агартуучулукка салым кошкон далай кишилер ошол 30-жылдары өлтүрүлгөн. Ошондуктан биз жөн гана “Сталинизм курусун” деп койбой, тарыхый акыйкаттыкты талап кылышыбыз керек. КГБнын архивин толук ачышыбыз керек. Ошондо азыр ата-энеси кайда калганын билбей жаткандарга илинчек болмок. Антсе да, бул Чалбасы кыргыздары тууралуу тасма - тарых боюнча мыкты мултимедиа сабагы, заманбап кошумча окуу каражаты болуптур. Ошондуктан тарыхый эстутумдагы бөксө калган жерлерди толтурат десем болот”.

Даректүү тасмада тарыхчы Аида Кубатова, бул тарыхты алгачкылардан болуп изилдеген Амирбек Азам уулу баштаган бир топ адам маек курган. Ошону менен катар Чалбасыда эстелик таш орноткон элчи Улукбек Чыналиевдин эмгеги айтылат.

Ошондой эле тасмадан 1939-жылы Украинанын Херсон аймагындагы Чалбасы (азыркы Виноградное) кыштагында сүргүндөгү кыргыз балдарына сабак берген академик, тарыхчы Бегимаалы Жамгырчинов, балалыгын Украинадагы сүргүндө өткөргөн композитор Асанкан Жумакматов, айтылуу Жангарачтын урпактары ж.б тууралуу кызыктуу маалыматтарды билүүгө болот.

“Бул даректүү тасма репрессиялангандарды актоонун кичинекей бир үзүмүн көрсөттү. Азыр бизде бул жаатта иштер жүрүп жатат. Кулакка тартылгандарды актоо маселеси буга чейин да бир нече ирет көтөрүлгөн. Биз Украинанын Киев шаарына барып, архивинин кандай иштеп жатканын көргөнбүз. Алардын Коопсуздук кызматынын архивине кирип, кыргыздарга тиешелүү бир дело менен тааныштык. Анда репрессияга байланыштуу 138 адамдын аты-жөнү чыкты. Бул деген репрессияга учурагандарды дагы да терең изилдөө керек дегендик. Ал үчүн репрессия курмандыктарын актоо жөнүндө мыйзам долбоорун тез арада кабыл алышыбыз керек деген ойдомун. Бул кадам ишке ашса, изилдөөчүлөр үчүн дагы жалпы коомубуз үчүн дагы жаңы материалдар чыкмак. Дегеле тарыхтан сабак алуунун көрүнүшү болмок”, - дейт тарыхчы Аида Кубатова.

Тасманын бет ачарына келген көпчүлүк көрөрмандар изилдөөчү Гүлзат Алагөз кызынын мээнетин жогору баалады. Тарыхчы бул изилдөөдө 700 кишинин аты-жөнү такталганын айтып берди.

“Биз ушул теманы изилдеп баштагандан бери бир топ адамдар репрессияга туш болгон ата-тегим тууралуу маалымат таап бер деп көп кайрылышты. Кээ бир учурунда таппай калганда өзүбүздү күнөөлүү сезип калабыз. Ошентсе да изилдөөлөрүбүздүн натыйжасында 700 кишинин аты-жөнүн, 100 дөн ашык үй-бүлө тагдырларын сайтыбызга жарыяладык. Алардын урпактары бизге көмөк кылып, айрым маалыматтарды бөлүшкөндүктөн ушул иш жасалды. Эгерде бизде архив ачык болсо мындай тагдырлар он миңдеп чыкмак. Бизге кайрылгандар "чоң атам балабыздын атын Чалбас койду" деп жазышат. Тизмени карап отурсак, Одесса деген эженин, Херсон деген атанын ысымы чыккан. Бул деген эс тутум жашайт дегенди түшүндүрөт. Демек, урпактары Украинаны изилдеп, тарыхты эстеп жүргөндүгү. Мындай тагдырлар абдан көп. Мындан ары дагы бул темаларды терең изилдешибиз керек”.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары жашаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. Немистер, поляктар, калмактар, карачайлар, балкарлар, ингуштар, чечендер, крым татарлары, корейлер, финндер Сибирге, Борбор Азияга айдалган. Улуттук негизде куугунтукка кабылган калктардын болжолдуу саны 6 миллиондон ашкан.

Тарыхчылар сталиндик репрессиянын залалын иликтөө зарыл экенин, Кыргызстанда бул иштин чети да оюла электигин айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG