Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Репрессия курмандыктарын реабилитациялоо боюнча талкуу өтүүдө


Талкууну “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштуруп жатат.
Талкууну “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштуруп жатат.

Бүгүн 20-январда Бишкекте XX кылымдын 20-50-жылдарындагы саясий репрессиялардын бардык курмандыктарын реабилитациялоо демилгесине арналган талкуу өтүүдө.

Талкууну “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштуруп жатат. Уюштуруучулар «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган жарандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө демилгени колдойт жана ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирет.

Жанарбек Акаев, Болот Абдрахманов, Аида Кубатова жана Миржан Балыбаев.
Жанарбек Акаев, Болот Абдрахманов, Аида Кубатова жана Миржан Балыбаев.

Тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова “коңшу мамлекеттер бул багытта алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатканын” айтып, коомчулук архивди ачуудан коркпошу керектигин белгиледи.

Ал эми “Ата-Бейитти” ачкан Болот Абдрахманов “КГБ архивин” ачууга мезгил жеткенин, бирок ага кылдаттык менен мамиле жасоо керектигине токтолду. Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бири Жанар Акаев бул мыйзам 1994-жылдан бери өзгөртүлбөгөнүн айтып, тиешелүү адистердин, коомдун талкуусунан кийин мыйзам долбоор 1-окууга алып чыгарыларын айтты. Бул мыйзамдын кабыл алынышы “репрессия мезгилине укуктук жана саясий баа берүүгө шарт түзөт” деп белгилейт.

Эгер мыйзам кабыл алынса, тарыхчылардан, укук органдары өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлүп, репрессия курмандыктарын актоо ишин жүргүзө алат.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, тарыхчылар, изилдөөчүлөр катышууда.

1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан ар кандай булактарда 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы айтылат.

Ошол кездеги коомдук ишмерлер Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлүнө да “эл душманы” деген айып коюлуп, 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү атууга кеткен. Алардын сөөгү көмүлгөн жер 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана дайын болгон.

XS
SM
MD
LG