Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Президент “Ысык-Көл” жана “Каракол” аэропортторун жаңылоо иштери менен таанышты


Президент Садыр Жапаров аэропортторду жаңылоо иштери менен таанышып жаткан учуру. Ысык-Көл, Кыргызстан. 20-январь, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров аэропортторду жаңылоо иштери менен таанышып жаткан учуру. Ысык-Көл, Кыргызстан. 20-январь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров 20-январда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында “Ысык-Көл” жана “Каракол” эл аралык аэропортторун модернизациялоо долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын сайтында жарыяланды.

Жапаровго “Манас” эл аралык аэропортунун, Президенттин иш башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиликтери жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Анда айтылгандай, “Ысык-Көл” аэропортунда саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин жаңы имаратын куруу пландалып жатат. Учурдагы комплекс 2003-жылы курулган жана азыр жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө туруштук бере албайт.

Азыр жаңы комплекстин долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин курулуш-монтаждоо иштери башталат. Мындан сырткары аталган аэропорттун аймагын кеңейтүү, кошумча тосмо орнотуу, селден коргоо үчүн жаңы курулмаларды куруу долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар алып барылууда.

Келечекте бул жерде “Тамчы” эркин экономикалык аймагы түзүлүп, “Каракол” жана “Балыкчы” экономикалык зоналары жоюлары да белгилүү болду. Анда өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылат.

Мындан башка Каракол шаарында “Каракол” эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин жаңы имаратынын курулушу жүрүп, жасалма учуу тилкеси узартылып жатат. Келечекте аэропорт Embraer жана анын аналогдору сыяктуу жаңы муундагы авиалайнерлерди кабыл ала алат.

Президент Садыр Жапаров эки аэропортту модернизациялоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырып, аларды бардык эл аралык жарандык авиация талаптарына жооп бергендей кылып салуу керектигин айтты.

Мурдараак кабыл алынган Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар белгиленген. Анын алкагында “Ысык-Көл”, “Каракол”, “Нарын”, “Ош”, “Жалал-Абад” аэропортторун реконструкциялоо пландалууда. Талас облусунда аэропорт ишке киргизилип, “Баткен” жана “Казарман” аэропортторунун аэродромдорун оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG