Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Акылбек Жапаров Бишкектеги 20 жаңы конушту газдаштырууну тапшырды


Райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин республикалык кеңешмеси. 20-январь, 2022-жыл.
Райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин республикалык кеңешмеси. 20-январь, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы ыш маселесин чечүү үчүн калаага караштуу көгүлтүр отун жете элек конуштардын калганын да газдаштыруу тапшырмасын койду.

Бул тууралуу ал 20-январда райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде айтты.

“Быйыл Бишкек шаарынын 20 конушун жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу зарыл. Алдыга ушундай чоң максаттарды койбосок, ыш маселесин чече албайбыз. Улан-Батор шаарынан үлгү алып, жылытуунун экологиялык таза түрлөрүнө өтүшүбүз керек”, – деди Акылбек Жапаров.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров учурда 27 жаңы конушка жаратылыш газы киргизилгенин билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Экономика жана коммерция министрлигине, Финансы министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына “Газпром” компаниясы менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

Аталган жыйында мындан сырткары Бишкек шаардык мэриясынын отчетун кароо жыйынтыгы менен муниципалитетке миң автобус сатып алуу маселесин иштеп чыгуу милдети жүктөлдү.

Акылбек Жапаров транзиттик транспорттор шаар аймагына кирбей, борборду айланып өтүшү керектигин белгиледи. Ал катализаторлору жок эски автоунаалар эски унаалар да шаарда жүрбөшү керектигин, таштандыларды кайра иштетүүчү заводду быйыл ишке киргизүү зарылдыгын айтып, ыш менен комплекстүү күрөшүүнү буюрду.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде ушул күндөрү Бишкек биринчи сапка чыкты. Ага ылайык, абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен. Бишкектин кийинки беш орунда Индиянын Дели, Мумбай, Бангладештин Дакка, Пакистандын Лахор, Өзбекстандын Ташкент шаарлары турат. Абанын сапатына жараша тизме улам өзгөрүп турат.

Парламенттин 18-январдагы жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкекти ыш каптаганын айтып, өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштаган. Муну башка депутаттар да колдошкон. 19-январдагы жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов буга негиз жоктугун айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG