Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

ИИМ бир жылда маңзатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы баңгизатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталып, 11 лабораториянын ишине бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Икчи иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жылдык жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда, маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 6,6 тонна баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Басымдуу бөлүгүн прекурсорлор түзөт (5 тоннадан ашуун). Милиция бир жыл ичинде 76 кг героин, 169 кг гашиш, 281 кг марихуана, 230 кг психотроптук заттар, кара куурай, апийим кармалганын жазды.

17-январда ИИМ Бишкекте милиция кызматкери менен кошо төрт жаран баңгизат менен кармалганын билдирген.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8,5 миң киши бар деп эсептеген.

"Сорос Кыргызстан" фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65 пайызы 24 жашка чейинки жаштар экенин изилдөө көрсөткөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG