Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:54

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугушту


Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу. 2023, январь

Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт.

Топографиялык жумушчу топ былтыр декабрдын башында Кыргызстанда жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени аныктоо боюнча макулдашканын кыргыз өкмөтү кабарлаган.

Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG