Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Жапония чек ара жаңжалында жабыркаган 25 миңдей кишиге колдоо көрсөтөт


Чек ара чырында күйүп кеткен базар. Кулунду, Баткен. 17-сентябрь, 2022-жыл.
Чек ара чырында күйүп кеткен базар. Кулунду, Баткен. 17-сентябрь, 2022-жыл.

Жапон өкмөтү Бириккен Улуттар Уюумунун (БУУ) Азык-түлүк программасы аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган Баткендин тургундарына көмөк көрсөтүүдө.

Бул тууралуу Баткен мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ушул күндөрү Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков менен жолугуп, баткендиктерге берилчү жардамды өткөрүп берди.


Бул иш-чарага БУУ программасынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Мэриядан билдиришкендей, БУУнун Азык-түлүк программасы чек ара жаңжалында жабыркаган аялуу калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 500 миң доллар берди. Чек ара чырында эвакуацияланган, кийин туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген жалпысынан 25 миң кишиге 500 миң тоннага жакын байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы жардам катары берилди.

Жапониянын салымы менен "Фергана өрөөнүнүн юристтери" бейөкмөт уюму эвакуацияланган тургундарга социалдык жөлөк пул, документерди, мүлктөрдү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү калыбына келтирүүгө жардам берет.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү Бишкекке ушундай эле доомат арткан.

Кыргызстан анда 60тан ашык жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып окко учкан 80ден ашуун адамдын тизмесин чыгарган. Эки тарапта тең каза тапкандардын арасында балдар бар. (JsA/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG