Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

ӨКМ: Бир жылда өрт кырсыгынан 30 адамдын өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда былтыр өрт кырсыгынан 30 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу 20-январда “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан.

Куткаруучулар 31 адамды аман алып калып, 52 миллиард сомдук мүлктү сактап калышкан.

2020 жана 2021-жылдары өрт кырсыгынан каза болгондор 43 жана 51 адам болгон, материалдык чыгым 854 миллион жана 904 миллион сом деп эсептелген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG