Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Кемпир-Абад иши: Камактагыларды колдоп чыккан активист жоопко тартылды


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандарды колдоп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына митингге чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 20-январдагы чечими менен 3000 сом айыппул салынды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Токтонасыров өзү тастыктап, шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.

10-январда камактагылардын жакындары, болжол менен жүздөй адам ИИМ алдына акцияга чыккан. Алар мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды айтып турушкан. Көп өтпөй отуз чактысын, арасында улгайган адамдарды Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кармап кетип, кийин кое беришкен.

ИИМ кармоого алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун, анын баары мыйзамсыз экенин билдирген жана документтер сотко жөнөтүлөрүн маалымдаган.

Кармалган отуздай демонстранттын бешөөнө (экөөнө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу" деген 139-беренесинин жана үчөөнө "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" деген 128-беренесинин негизинде) протокол түзүлүп, калгандары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилген.

Бешөөнүн иши сотко өткөн. Алардын арасында Токтонасыровдон (ага айып 128-берене боюнча тагылган) тышкары активист Адилет Балтабай, саясатчы Азимбек Бекназаровдун агасы Казымбек Бекназаров, Талас облусунун мурдагы башчысы, активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонова бар. Адилет Балтабай мурда козголгон ишине байланыштуу бул жолу кармалганда абакка кесилди. Калгандар боюнча чечим чыга элек.

Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG