Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:36

“Кылым шамы” орус жаранына жардам берген юристи боюнча Башкы прокуратурага кайрылды


Гүлшайыр Абдирасулова.
Гүлшайыр Абдирасулова.

“Кылым шамы” укук коргоо борбору орусиялык жаранга укуктук жардамын берип жаткан юристи коркутуп-үркүтүүгө кабылганын айтып, Башкы прокуратурага арызданды. Бул тууралуу 19-январда борбордун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, аларга орус жараны Тимофей Илюшин юридикалык жардам сурап кайрылып, Орусиядагы саясий туткундарды колдоо максатында Бишкекте тынч акция өткөрүү үчүн милицияга билдирүү таштаганын айтып берген. Көп өтпөй ага шаардык ички иштер башкармалыгынан адегенде телефон чалышып, ал эми 17-январда жашаган батирине төрт милиционер кирип барганы маалым болгон.

“Биздин юрист окуя болгон жерге барган. Ал Тимофейди үйдөн сүйрөп чыгып, шаардык милицияга алып кетишкенине күбө болгон” деген Абдирасулова азыр орусиялык жаран Кыргызстандан чыгып кеткенин, бул анын аргасыз кадамы болгонун кошумчалады.

Анын айтымында, ошол күнү милиционерлер Илюшиндин жанында болгон юристти коркутуп-үркүтүшкөн, алардын бири өзүн аскер прокурору катары тааныштырган.

“Азаттык” “Кылым шамынын” бул маалыматы боюнча комментарий сурап шаардык милициянын басма сөз кызматына кайрылды. Азырынча жооп боло элек.

Кыргызстан азыркы орус-украин согушунда нейтралдуу макамды карманууда. Бишкектин бир катар жерлеринде митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG