Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Өкмөт таза суу тарифин тезинен өзгөртүү керек деп эсептей турганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү таза суунун тарифин өзгөртүүнү караштырууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров район жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушууда айтканын 20-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жапаровдун айтымында, бир куб метринин (1 миң литр) өз наркы 7 сом 70 тыйын болгон ичүүчү сууга Бишкектин тургундары 5 сом 38 тыйын төлөп жатышат. Чүй облусунда бир куб метр таза суунун муниципалдык тарифи 8 сом, Жалал-Абад облусунда 15 сом деп аныкталган, бирок, өкмөт башчы белгилегендей, айрым райондордо, мисалы, Өзгөндө 39 сомго жетет.

“Пластик бутылкадагы жарым (0,5) литр сууну 15 сомдон сатып алып ичебиз. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып колдонуп жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу акы төлөгөн жок”, - деди Жапаров.

Өкмөт башчы Майлуу-Суу шаарындагы соңку кырдаалды мисал келтирип, тариф төмөн болуп, өзүн актабай жатканын, ошондуктан шаар жетекчилиги жабдыктарды талаптагыдай тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты.

“Ичүүчү суунун тарифин аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл”, - деди Жапаров. (RK)

XS
SM
MD
LG